Мазмунун көрсөтүү

Уорик. Сүрөт галереясы 3 (2015-жыл, январь—апрель)

Уорик. Сүрөт галереясы 3 (2015-жыл, январь—апрель)

Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын имараттарын куруу ишинде 2015-жылдын январынан апрелине чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.

Уориктеги имараттардын сүрөтү. Сааттын жебеси боюнча, солдон оңго карай:

  1. Унаа оңдоочу жай

  2. Коноктор үчүн автотурук

  3. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

  4. B жатак үйү

  5. D жатак үйү

  6. C жатак үйү

  7. А жатак үйү

  8. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

2015-жыл, 2-январь. Унаа оңдоочу жай

Жетектөөчү Кеңештин Басма комитетинин жардамчысы Харолд Коркерн «Бүт күчүңөрдү жумшагыла» деген темада баяндама айтып жатат. Куруучуларды бекемдеш үчүн баяндамалар айтылып турат.

2015-жыл, 14-январь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Имарат желим материал менен капталгандыктан, куруучулар кышында да иштей беришет. Имараттын ушул жеринде ашкана, биринчи жардам көрсөтүү бөлүмү, кир жуучу жай жайгашат.

2015-жыл, 16-январь. D жатак үйү

Электриктер чубалгыларды туташтырууга даярдап жатышат. Жатак үйлөрдүн имараттарына 12 000 метрден ашуун чубалгылар туташтырылды. Бул жумуш жер сатылып алынгандан көп өтпөй эле башталып, курулуштун аягына чейин улантылат.

2015-жыл, 16-январь. А жатак үйү

Жумушчу балконду суу өткөрбөй турган материал менен каптаганга чейин желим сызманы чаптап жатат. Үстүнкү кабаттагы балкондор катый элек полиметилметакрилат менен капталат. Ошондо суу өткөрбөгөн кат пайда болот.

2015-жыл, 23-январь. А жатак үйү

Жатак үйлөргө электр жарыгы барышы үчүн, атасы менен кызы чубалгыларды туташтырып жатышат.

2015-жыл, 6-февраль. Унаа оңдоочу жай

Курсагы ачкан куруучулар тамактанып жатышат. Күн сайын 2 000ден ашык кишиге тамак жасалат.

2015-жыл, 12-февраль. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Куруучулар техникалык тейлөөнүн устаканалары жайгаша турган имараттын жер төлөсүнө арматураларды орнотуп жатышат.

2015-жыл, 12-февраль. C жатак үйү

Балдардын куруучуларга жазган ыраазычылык каттары. Көптөгөн ыктыярдуу куруучулар кыска мөөнөткө келишет. Жума сайын 500дөй жаңы жумушчу келип турат. Февраль айында курулушта күн сайын 2 500дөй киши иштеп жатты.

2015-жыл, 24-февраль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Курулуштун дээрлик 60 пайызы бүттү. 2015-жылдын январынан апрелине чейин жатак үйлөрдүн имараттары тургузулуп, Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгашкан имараттын темир каркасы орнотулуп бүттү. Андан сырткары, жумушчулар техникалык тейлөө бөлүмү жайгашкан имараттын бетон дубалдарын орнотуу, жатак үйлөрдүн ортосундагы далистерди бириктирүү, Стерлинг-Форест көлүндөгү дамбаны жаңыртуу иштерин башташты.

2015-жыл, 25-февраль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Тепкичтин астынан өйдө карагандагы көрүнүшү. Беш кабатка көтөрүлө турган тепкичтин каркасын жалданган жумушчулар орноткон, ал эми бетонун Жахабанын Күбөлөрү куюшкан.

2015-жыл, 26-февраль. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Күн суук болгонуна карабай, куруучулар 1-кабаттын полунун арматураларын орнотуп жатышат. Уорикте январдан мартка чейин дээрлик 127 см кар жаады. Атайын дайындалган жумушчулар курулуш жүргүзүлүп жаткан аймактардагы карды тазалап турушкан. Жумушчулар үчүн жылына турган жерлер даярдалган.

2015-жыл, 12-март. Коноктор үчүн автотурук

Куруучулар чатырдагы айырмачтарга темир каптап жатышат. Апрелдин аягына чейин чатырдын көп бөлүгү орнотулуп бүткөн. Акыркы чатыр июнь айынын орто ченинде B жатак үйүнө орнотулмак.

2015-жыл, 18-март. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Крандын ичинен B жатак үйүнүн көрүнүшү.

2015-жыл, 18-март. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Бейтелдиктер үчүн автотурукта турган сантехниктер чиймелерди карап жатышат. Уориктеги курулуш үчүн 3 400дөн ашуун чийме даярдалган.

2015-жыл, 23-март. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

жумушчулар киши көтөргөн кранга түшүп алып, имаратты ак желим материал менен каптап жатышат. Ушундай кранды жана башка шаймандарды иштеткендер атайы окутулат. Аларга киши көтөргөн кранды башкарганды, бийиктикте иштегенди, негизги коопсуздук эрежелерин, коргоочу бет каптарды колдонгонду жана белгилерди түшүнүүнү үйрөтүшөт.

2015-жыл, 30-март. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жатак үйлөрдүн чыгыштан карагандагы көрүнүшү. Апрелдин аягына чейин бул сүрөттөгү А, В, D жатак үйлөрүнө электр жарыгы, суу түтүктөрү, жылыткыч жана желдеткич жабдыктары орнотулду. Ал эми С жатак үйүндөгү (сүрөттө көрүнбөйт) бөлмөлөр гипсокартон менен бөлүнүп, кафелдери чапталып, дубалдар сырдала башталды.

2015-жыл, 15-апрель. B жатак үйү

Киши көтөргөн крандагы эки жумушчу имараттын дубалын ным өткөрө турган, бирок аба өткөрбөй турган сыр менен сырдап жатышат. Бардык жатак үйлөрдүн сыртын сырдоого 2 айдай убакыт кетет.

2015-жыл, 27-апрель. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Жумушчулар таш дубал тургузуп жатышат. Имараттын бул жерине ар кандай жүктөр түшүрүлүп, жүктөлөт жана башка кошумча кызматтар аткарылат.

2015-жыл, 30-апрель. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жалданган суучул Стерлинг-Форест көлүндөгү түтүктүн эски клапанын алмаштырып жатат. Ошол жабдыктын жардамы менен суунун деңгээлин түшүрсө болот. Куюн болгон маалда анын баскычын басканда суусунун деңгээли ылдыйлап, имараттарды суу каптабайт.