Мазмунун көрсөтүү

Сүйүү бириктирген эл. Франкфуртта (Германия) өткөн жыйын

Сүйүү бириктирген эл. Франкфуртта (Германия) өткөн жыйын

Германиядагы бир гезитке «Так эле майрамдап жаткан үй-бүлөдөй экен» деп аталган макала чыккан («Frankfurter Rundschau»). Ал майрамга баргандар буга толугу менен кошулушат.

Пуэрто-Рикодон барган Карла: «Ал жактан өзүмдү үйүмдө жүргөндөй сездим»,— деген.

Ал эми австралиялык Сара: «Мен жердин башка бурчунда жашаган үй-бүлөмө конокко баргандай эле болдум»,— деп ой бөлүшкөн.

Алардын ушундай сезимде болушуна эмне таасир эткен? Жахабанын Күбөлөрүнүн эл аралык жыйыны. Ал жыйын 2014-жылдын 18-июлунан 20-июлуна чейин Франкфурт-на-Майнедеги (Германия) Коммерцбанк-Арена стадионунда өткөрүлгөн. Ага дээрлик 37 000 киши катышкан.

Алар жыйынга Ыйык Китептен билим алуу үчүн барышкан. Программада Ыйык Китеп окуу, ыр ырдоо, тиленүү, сахналаштырылган эки драма жана Ыйык Китепке негизделген баяндамалар камтылган.

Жыйынга жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү жана Австралиядан, Британиядан, Грециядан, Ливандан, Сербиядан, Түштүк Африкадан жана Кошмо Штаттардан келген 3 000ден ашуун киши катышкан. Андан тышкары, 70 өлкөдөн келген, атайын толук убакыттагы кызматтын ар кандай түрлөрүн, мисалы, миссионер болуп кызмат кылып жаткан 234 Жахабанын Күбөсү да барган.

Программа Германияда 19 жерге, ошондой эле Австриядагы жана Швейцариядагы айрым жерлерге да трансляцияланган. Ошентип, программаны жалпы жонунан 204 046 киши уккан.

Эч нерсе тоскоолдук боло албайт

Франкфуртта программа англис, немис жана грек тилдеринде өткөрүлгөн. Ал эми башка жерлерде баяндамалар бир эле учурда 17 тилге, анын ичинде араб, кытай, тамил, түрк тилдерине жана эки жандоо тилине которулган.

Жыйынга барган Жахабанын Күбөлөрү ар кайсы тилдерде сүйлөшсө да, ар кайсы өлкөлөрдөн келишсе да жана маданияты ар башка болсо да, бул алардын биримдигине таасир эткен эмес, себеби аларды сүйүү бириктирип турат (Жакан 13:34, 35). Ошондуктан жыйынга баргандардын бири-бирине бир туугандарча мамиле кылары байкалып турду.

Британиядан барган Тобиас: «Бүткүл дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыздын биримдигин эч нерсе буза албай турганына ынандык»,— деген.

Пуэрто-Риколук Давианна болсо: «Мен 20дан ашык өлкөдөн барган ишенимдештерим менен көрүштүм. Бизди Кудайга жана бири-бирибизге болгон сүйүү бириктирип турат»,— деп айткан.

Австралиядан барган Малком: «Мен бир чакан шаарда Жахабанын Күбөсү болгом. Мурда дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз жөнүндө көп эле окугам, видеолорду да көргөм. Бирок жыйындан муну өз көзүм менен көрүп, чынында кандай экенин сезе алдым. Менин ишенимим аябай бекемделди»,— деген.

Эстен кеткис меймандостук

Франкфурттагы жана анын тегерек-четиндеги 58 жыйналышта кызмат кылган Жахабанын Күбөлөрү жыйынга келген делегаттар үчүн белек-бечкектерди даярдап, атайын кече уюштурушкан.

Кошмо Штаттардан барган Синтия: «Бизди аябай жакшы коноктошту. Мен бир туугандардын бизге көрсөткөн ушунчалык күчтүү сүйүүсүн, боорукердигин жана марттыгын эч качан унутпайм»,— деп ой бөлүшкөн.

Ал эми Германияда жашаган Саймон: «Биз сүйүүгө, зор кубанычка жана бир туугандардын мээримине бөлөндүк. Мен бири-бирибизден көп нерсеге үйрөнө аларыбызды байкадым»,— деген.

Австралиялык Эми болсо: «Бир туугандардын биз үчүн даярдаган кечки программасы мени бардык нерседен баш тарта берген фанаттар эмес экенибизге дагы бир жолу ынандырды. Биз орду менен тамашалашканды, ойноп-күлгөндү билебиз»,— деп айткан.

Үйгө кубанып кайтуу

Франкфурттан башка тогуз өлкөдө да ошондой эл аралык жыйындар өткөрүлгөн.

Франкфурттагы жыйынга барган делегаттардын биринен эл аралык жыйынга барган кандай экенин сурашканда, ал мындай деп жооп берген: «Жакын тууганыңарды, мисалы, агаңарды таап алганыңарды элестетсеңер. Силер ошондой бир тууганыңар бар экенин мурда билчү эмессиңер. Ага жолукканыңарда, ал силерди кучак жайып тосуп алат. Ошондо айтып жеткире алгыс сезимге чулганмактыгыңар бышык. Эми 37 000 кишинин да ошондой кубанычка бөлөнгөнүн элестетип көрсөңөр. Эл аралык жыйынга барганда мына ушундай сезимде болот экенсиң!».