Мазмунун көрсөтүү

Силер сектасыңарбы?

Силер сектасыңарбы?

 Жок, Жахабанын Күбөлөрү секта эмес. Биз Иса Машаяктын жолдоочуларыбыз жана анын үлгүсү, окуткандары боюнча жашаганга аракет кылабыз.

Секта деген эмне?

 «Секта» деген сөздү ар ким ар кандай түшүнөт. Эмесе, бул сөздүн кеңири тараган эки маанисин жана алардын эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү эмес экенин талдап көрөлү.

  •   Айрымдар сектаны негизги диндерден кескин айырмаланган жаңы дин деп түшүнүшөт. Жахабанын Күбөлөрүн жаңы динди ойлоп табышкан деп айтууга болбойт. Анткени алар Кудайга Иса Машаяктын эң алгачкы жолдоочулары калтырган үлгү боюнча сыйынышат. Алардын үлгүсү жана окуулары Ыйык Китепте жазылган (2 Тиметей 3:16, 17). Жахабанын Күбөлөрү Кудайга Ыйык Китепте жазылгандар боюнча гана сыйынуу туура деп эсептешет.

  •   Башкалар секта деп кайсы бир адам жетектеген коркунучтуу диний агымды эсептешет. Жахабанын Күбөлөрү эч бир адамды өздөрүнүн жетекчиси деп эсептешпейт. Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларына: «Бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк»,— деп айткан. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү бир гана аны Жол башчы катары кабыл алышат (Матай 23:10).

 Көптөгөн коркунучтуу секталардан айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнө да, жалпы коомго да пайдасы тие турган иштерди кылышат. Алсак, алардын жүргүзгөн ишинин аркасында көптөр баңгилик, аракечтик сыяктуу жаман адаттарынан арылышкан. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча миңдеген сабатсыз адамдарга кат тааныганды, окуганды үйрөтүшөт, ошондой эле табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам беришет. Алар Иса Машаяктын буйругуна ылайык иш кылып, башкалардын жыргалчылыгын көздөгөнгө бүт күчүн жумшашат (Матай 5:13—16).