Мазмунун көрсөтүү

Кир жуучу машиненин алдындагы кагаздар

Кир жуучу машиненин алдындагы кагаздар

 Орусияда жүргөндө Жахабанын Күбөсү болгон Зарина мекени болгон Борбордук Азияга кайтып барган. Ал эки кызын өзүнүн дини боюнча тарбиялоого чечкиндүү болгон. Акчасы тартыш болгондуктан, ал бир бөлмөлүү үйдө ата-энеси, иниси, келини менен чогуу жашачу. Ата-энеси анын кыздарына Ыйык Китепте жазылгандарды үйрөтүшүнө каршы болушкан. Кыздарына да апасы менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүүгө тыюу салышкан.

 Зарина кыздарына Жахаба жөнүндө билүүгө кантип жардам берсем деп аябай ойлонгон (Накыл сөздөр 1:8). Ошондуктан Кудайдан жалындуу тиленип, жетекчилик, акыл беришин сураган. Анан тиленгенине жараша иш кылып, кыздары менен сейилдеп чыкканда алардын көңүлүн кереметтүү табиятка буруп, ошол жөнүндө сүйлөшө баштаган. Ошонун аркасында кыздары Жаратканды таанып-билүүгө кызыгып калышкан.

 Андан соң Зарина «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» a китебин колдонуп алардын кызыгуусун арттыруунун жолун тапкан. Ал кагазга китептеги абзацтарды, суроолорду сөзмө-сөз көчүрүп жазчу. Ошондой эле кыздары окугандарын жакшыраак түшүнө алышы үчүн, аларды түшүндүргөн сүйлөмдөрдү да жазып койчу. Анан кагаздарды, калем сапты жуунчу бөлмөдөгү кир жуучу машиненин алдына коюп койчу. Кыздары үйдө болгондо аны окуп, жоопторун жазышчу.

 Зарина башка жерге көчүп кеткенге чейин ушундай ыкманы колдонуп, кыздары менен «Ыйык Китепте эмне делет?» китебинин 2 бөлүмүн изилдей алган. Бөлүнүп кеткенден кийин ал кыздарын эч тоскоолдуксуз тарбиялай баштаган. Анын кыздары 2016-жылдын октябрында чөмүлгөн. Алар апасынын тапкычтык кылып, ошондой жол менен Кудай жөнүндө билим алууга жардам бергенине абдан ыраазы.

a Көптөр азыр «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китебин колдонушат.