Мазмунун көрсөтүү

Венесуэладагы оор жагдайга карабай Жахабага кызмат кылуу

Венесуэладагы оор жагдайга карабай Жахабага кызмат кылуу

 Акыркы жылдары Венесуэлада каржы каатчылыгы күч алып, эл катуу кыйналууда. Эдгар деген бир Жахабанын Күбөсү: «Бир нече жылдын ичинде эле акчанын куну түшүп, баалар асмандын башы болуп, элдер көп нерсеге жетпей калды. Ошондон улам бул жактагы үйүбүздү калтырып, башка өлкөгө кетсекпи деген да ойлор болду»,— деп бөлүшөт.

 Эдгарга жаңы шарттарга ылайыкташканга эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Жубайым Кармэн экөөбүз жакыр өлкөлөргө кызмат кылыш үчүн көчүп барган жана эч кандай шарты жок жерлерде жашаганга үйрөнгөн миссионерлердин үлгүсү тууралуу ойлондук. Бул бизге жашообузду жөнөкөйлөткөнгө жана жаңы кыйынчылыктарга ылайыкташканга түрткү берди. Алсак, өзүбүз жер-жемиш өстүрөлү деп чечтик».

Кармэн менен Эдгар

 Эдгар менен Кармен ошо менен эле тим болуп калышкан эмес. Алар ишенимдештериникине барып, өзгөчө, көңүлү чөгүп жүргөндөрдү жубатканга аракет кылышкан (1 Тесалоникалыктар 5:11). «Аларды жөн эле жубатып койбой, башкаларга жардам берүүгө үндөдүк. Анткени ошентишсе, чоң кубаныч алышмак»,— дейт Эдгар (Элчилер 20:35).

Аракетинин акыбети кайткан

 COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып Аргенис туугандарына кабар айтууну чечкен. Алардын айрымдары Ыйык Китепти телефон аркылуу изилдегенге макул болушкан.

Аргенис

 Андан тышкары, Аргенис Интернети жок туугандарынын 2020-жылдын жыйынын көрүп, пайда алышын каалаган. Ан үчүн ал коңшу шаарда жашаган бир ишенимдешинен программанын жаздыруусун сураган. Анан Аргенистин туугандары экраны чоң телевизорду жана үн күчөткүчтөрдү ижарага алышкан. Жыйынды чогуу тиленип алып көрүш үчүн Аргенис туугандарына телефон чалган. Аргенистин ошондой күч-аракет жумшаганынын аркасында анын 4 тууганы жана башка 15 киши жыйынды көрө алышкан.

Сүйүүсү, ишеними түрткү берүүдө

 Хайро менен Жоанна деген жубайлардын жыйналышында алардын гана унаасы бар. Алар башкаларга жардам бериш үчүн унаасын аяшпайт. Болгону эле, Венесуэлада машинеге май табыш кыйын. Хайро: «Машинеге май куюш үчүн кезекте көп саат, кээде болсо түнү бою турганга туура келет»,— дейт.

Жоанна менен Хайро

 Ошентсе да алар ишенимдештерине көмөк кылууну маанилүү деп эсептейт. Ал мындай деп бөлүшөт: «Жыйналыштагыларга зарыл нерселерди жеткирип бергенде, алардын Жахабага ыраазы болуп жатканын көрүп, сен да кубанып каласың. Анткени Жахаба биз эмнеге муктаж болсок ошонун баарын берүүдө» (2 Корунттуктар 9:11, 14).

Ар бирибиз кол кабыш кыла алабыз

 28 жаштагы Нориани деген ишенимдешибиз өзүн башкаларга жардам берүүгө жашмын деп ойлоп жүргөн. Бирок 1 Тиметей 4:12деги: «Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун. Ишенимдүүлөргө... үлгү бол»,— деген сөздөрдү окуп, ойлонуп калган.

Нориани

 Ал аят Норианиге жыйналышындагы кары ишенимдештерине көңүл бөлгөнгө түрткү берген. Ал аларды чогуу кат жазууга, изилдөө өткөрүүгө чакыра баштаган. Ошондой эле телефон чалып алардын ал-жайын сурап, бекемдээрлик сөздөрдү жөнөткөн. Ал: «Жахаба мага башкалар үчүн көптү кыла аларымды көрсөттү»,— деген.

 Венесуэладагы бир туугандарыбыз азыркы оор күндөрдө башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүүдө. Ошентсе да кабарды ынталуулук менен жарыялап, бири-бирине «жөлөк болууда» (Колосалыктар 4:11; 2 Тиметей 4:2).