Мазмунун көрсөтүү

Алар жардам бериш үчүн токтошкон

Алар жардам бериш үчүн токтошкон

 Канаданын Альберта провинциясында ызгаардуу суук болчу. Боб машинеси менен саатына 100 километр ылдамдыкта жүрүп бараткан. Бир маалда арткы сол дөңгөлөгү жарылып калган. Башында Боб эмне болгонун жакшы түшүнгөн эмес, ошондуктан андан ары үйүн көздөй дагы 5 километр жүргөн.

 Боб Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына жөнөткөн катында андан ары эмне болгонун мындай деп түшүндүргөн: «Капысынан бир машине мага катарлаш айдап, терезеси ачылды. Ичинде улан-кыздар бар экен. Алар мага дөңгөлөгүмдүн жарылып калганын билдиришти. Баарыбыз машинеден түштүк. Алар дөңгөлөктү алмаштырып берүүнү сунушташты. Менде тик көтөргүч жана кошумча дөңгөлөк бар-жогун деле билген эмесмин. Мен жолдун четинде майыптар коляскасында отуруп турдум. Алар болсо машинемдин алдынан тиккөтөргүч менен кошумча дөңгөлөктү алып чыгып, дөңгөлөктү алмаштырып беришти. Аба ырайы абдан суук болчу, кар бурганактап жаап жаткан. Ал жаштар жакшынакай кийинип алышканына карабай, кир жумушту кылып мага жардам беришти. Ошонун аркасында жолумду уланта алдым. Өзүм жалгыз болсом, дөңгөлөктү алмаштыра албайт болчумун.

 Ал беш Жахабанын Күбөсүнө ыраазычылык билдирем. Алар ошол аймактагы адамдарга кабар айтканы баратышыптыр. Ал жаштар чынында эле айткан кабарына ылайык жашашат экен. Эгер алар жардам бербесе, мага аябай эле кыйын болмок. Ошондуктан аларга чын жүрөктөн ыраазымын. Ошол күнү жолдо периштелер жүргөнүн ким билиптир?»