Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Мыйзамсыздык, акчаны сүйүү көп азапка малат экен»

«Мыйзамсыздык, акчаны сүйүү көп азапка малат экен»
  • Туулган жылы: 1974

  • Өлкөсү: Албания

  • Мурун: Уурдачу, баңгизат сатчу, түрмөдө отурган

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

 Мен Албаниянын борбор калаасы Тиранада кедей үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам эртеден кечке баш көтөрбөй иштеген чынчыл киши болчу. Ошентсе да тапкан-ташыганы эч нерсеге жетчү эмес. Балалыгымдын көбү бут кийимге жетпей, тамак-ашка жетпей өттү. Бала кезимде жакырчылык көкөйгө тийген.

 Кичинекей кезимден тартып эле уурулук кыла баштадым. Үй-бүлөмө жардам берип жатам деп өзүмдү актачумун. Ошентип жүрүп бир күнү полицияга түшүп калдым. Акыры, 1988-жылы, 14 жашымда өспүрүмдөрдү түзөтүү мектебине жөнөтүлдүм. Ал жерде 2 жыл жүрүп, темир ширеткенди үйрөндүм. Үйгө кайтып келгенде ак эмгегим менен иштеп акча табам деп бел байлагам. Бирок жумуш таппай кыйналдым. Анткени ошол учурда Албанияда саясий башаламандык болуп жаткандыктан, жумушсуздук күч алган болчу. Айла жоктон эски досторума кошулуп уурдай баштадым. Акыр-аягы, полицияга кармалып, 3 жылга түрмөгө камалдык.

 Түрмөдөн бошотулгандан кийин да эски адатымды таштаган жокмун. Албаниянын экономикасы төмөндөп, өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп турган. Ошондой коогалаңдуу мезгилде акча табыш үчүн мыйзамсыз иштерге иришип жүрдүм. Бир жолу куралданып алып бир жерди тонодук. Ошондо 2 досум полицияга кармалып калды. Мен болсо түрмөгө түшпөш үчүн башка өлкөгө качып кеттим. Ага чейин Юлинда деген кызга үйлөнүп, экөөбүз бир уулду болгонбуз.

 Ошентип, Англияда жашап калдык. Жубайым, уулум менен чогуу жашоону жаңы барактан баштайм деп көп жолу аракет кылдым. Бирок кан-жаныма сиңип калган эски адаттарымды таштай албай жүрдүм. Көп өтпөй эле дагы бир кылмыш ишине илешип калдым. Тагыраак айтканда, баңгизат сатканга өтүп, акчаны күрөп таба баштадым.

 Баңгизат сатканыма келинчегим кандай карачу? Анда муну өз оозунан уккула: «Албанияда чоңоюп-өскөндүктөн жакырчылыктын сазынан чыгууну эңсеп келгем. Жакшы жашоо үчүн бүт баарына даяр болчумун. Акчабыз көп болсо, турмушубуз оңолот деп ойлочумун. Ошон үчүн Артан акча табыш үчүн эмне кылбасын: алдайбы, уурдайбы, баңгизат сатабы, аны кош колдочумун».

«Артан акча табыш үчүн эмне кылбасын: алдайбы, уурдайбы, баңгизат сатабы, аны кош колдочумун» (Юлинда)

 2002-жылы жашообуз ойлобогон жерден өзгөрүп, акчага көмүлөбүз деген кыялдарыбыздын баарынын таш-талканы чыкты. Аябай чоң өлчөмдөгү баңгизатты жөнөтүп жаткан жеримен кармалып, дагы бир жолу түрмөгө түштүм.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

 Көрсө, Ыйык Китеп ага чейин эле жашоомо таасир этип жатыптыр. Мен түрмөгө камалганга чейин, 2000-жылы, Юлинда Жахабанын Күбөлөрү менен таанышып, Ыйык Китепти изилдей баштаган болчу. Ыйык Китеп кызыксыз деп ойлогондуктан ага маани деле берчү эмесмин. Юлинда болсо Ыйык Китепти изилдегенди аябай жакшы көрчү. Муну өзү айтып берсин: «Динчил үй-бүлөдө чоңойгондуктан Ыйык Китепти жогору баалачумун. Анда жазылгандарды түшүнгөнгө ушунчалык кызыгар элем. Ошон үчүн Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Ыйык Китептеги көптөгөн окуулардын жүйөлүү экенине кошулчумун. Андан окуп-билгендерим анча-мынча өзгөрүүлөрдү кылганга жардам берди. Бирок Артан камалганга чейин акчага болгон көз карашым дээрлик өзгөргөн эмес. Артан түрмөгө түшүп калганда, кадимкидей эсиме келе түштүм. Ошондо Ыйык Китепте акча жөнүндө айтылгандардын туура экенине көзүм жетти. Биз акчанын артынан сая түшүп, бай болгубуз келчү. Бирок андан бактылуу болуп деле кеткен жокпуз. Ошондон кийин Кудайдын айткандарына толук баш ийишим керектигин түшүндүм».

 2004-жылы түрмөдөн бошотулдум. Көп өтпөй эле кайрадан мурункудай болуп баңгизат сатмакчы болдум. Бирок ал кезде Юлинданын ою бир топ эле өзгөрүп калыптыр. Анын ошондо айткан сөздөрү көзүмдү ачты. Ал: «Мындан ары акчаңдын кереги жок. Мага дайыма жанымда боло турган күйөө, балдарымдын атасы керек»,— деди. Юлинданын сөздөрү жүрөгүмдү көзөп өттү. Анын айткандары калетсиз болчу. Анткени көп жылдар бою үй-бүлөмөн алыста жүрдүм. Арам жол менен акча табууга баш-отум менен берилип, көп азапка малынганым жөнүндө да ойлондум. Ошондуктан оңолоюн деп чечип, мурунку досторум менен байланышымды үздүм.

 Келинчегим, эки уулум болуп Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна барган күнүм жашоомдогу чоң бурулуш болду. Ал жерден бири-бирине жылуу-жумшак мамиле кылган ниети таза адамдарды көрүп жүрөгүм козголду. Ошондон кийин Ыйык Китепти изилдеп баштадым.

Мурда капчыгың канчалык калың болсо, ошончолук бактылуу болосуң деп ойлочумун

 Ыйык Китептен: «Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры. Кээ бирөөлөр акчаны сүйүп,.. көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашты»,— деген сөздөрдү билдим (1 Тиметей 6:9, 10). Мен муну өз жон терим менен сезип көргөндүктөн бул сөздөрдө калет жок экенин билчүмүн. Үй-бүлөмдүн да, өзүмдүн да жүрөгүмдү жаралаган мурунку иштерим үчүн аябай өкүндүм (Галатиялыктар 6:7). Ошондой эле Жахаба Кудайдын жана анын Уулу Иса Машаяктын бизге көрсөткөн сүйүүсү тууралуу билгенде өзгөрө баштадым. Өзүмдү эле эмес, башкаларды да ойлошум керектигин түшүндүм. Ошонун аркасында үй-бүлөм менен көбүрөөк убакыт өткөрүп калдым.

ПАЙДАСЫ

 Ыйык Китептеги: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула»,— деген кеңеш мага чоң пайдасын тийгизди (Еврейлер 13:5). Азыр жан дүйнөм тынч, абийирим таза. Ушундан улам эч качан сезип көрбөгөн кубанычты сезип жатам. Жубайым экөөбүздүн мамилебиз чыңдалып, үй-бүлөбүз мурункудан да ынтымактуу болуп калды.

 Мурда капчыгың канчалык калың болсо, ошончолук бактылуу болосуң деп ойлочумун. Бирок мыйзамсыздык, акчаны сүйүү көп азапка малат экен. Азыр ашып-ташыган деле байлыгыбыз жок. Анткен менен биз жашоодогу эң маанилүү нерсеге ээбиз. Тактап айтканда, Жахаба Кудай менен доспуз. Ага үй-бүлөбүз менен чогуу сыйынуу бизди чындап бактылуу кылып жатат.

Үй-бүлөбүз менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынында