Мазмунун көрсөтүү

4-НОЯБРЬ, 2021
ГРЕНЛАНДИЯ

Грек Жазмалары гренланд тилинде чыкты

Грек Жазмалары гренланд тилинде чыкты

2021-жылдын 30-октябрында Скандинавиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Питер Гевитз Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» гренланд тилинде жарык көргөнүн түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн атайын программада кулактандырды. Программаны JW Stream сайты аркылуу 413 киши, анын ичинде Гренландиядагы 164 киши көрө алды. Жаңы Ыйык Китепти азырынча электрондук түрдө гана окуса болот. Кагаз түрүндөгүсү кийин басылып чыгат.

Гренланд тилине «Күзөт мунарасы» журналы 1973-жылдан баштап которула баштаган. Ал тилде болжол менен 57 000 киши сүйлөйт. Греланд тили Арктика аймагында жашагандар сүйлөгөн инуит тил тобуна кирет. Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» жарык көргөнү гренланд тилинде сүйлөгөндөргө кабар айткан 134 жарчы үчүн өзгөчө белек болду.

Греландиялыктар Ыйык Китепти жалпы жонунан жогору баалашат. Грек Жазмаларын гренланд тилине алгач 1766-жылы норвегиялык миссионердин уулу которгон. Ал эми 1822-жылы даниялык миссионер Башталыш китебин которгон. Ал котормодо Кудайдын ысмы — «Жахаба» деген ысым — камтылат. 1900-жылга чейин Ыйык Жазмага кирген китептердин баары гренланд тилине которулган. 2000-жылы болсо Ыйык Китеп бүтүндөй бир китеп болуп чыккан.

Программа учурунда Питер Гевитз: «Бул котормону окуп жатканыңарда Кудайдын ыйык руху менен жазылган сөздөрү азыркы заманбап гренланд тилинде так берилгенине шектенбесеңер болот»,— деген. Ошондой эле ал котормодо адамдардын сезимдери туура чагылдырылган. Алсак, Жакан 11:38де Исанын Лазардын мүрзөсүнүн жанында тургандагы сезимдери сүрөттөлөт. Ыйык Китептин гренланд тилиндеги айрым котормолорунда ошол окуя баяндалган жерде Иса «ачуулангандай» же «таарынгандай» сүрөттөлгөн. Ал эми «Жаңы дүйнө котормосунда» ошол жер: «Каңырыгы түтөдү»,— деп берилген.

Бул так-айкын которулган Ыйык Китеп гренланд тилинде сүйлөгөндөргө анда «айтылгандардын маанисин» тереңирээк түшүнгөнгө жардам деп толук ишенебиз (Матай 13:51).