Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 6-ИЮНЬ
ВЕНЕСУЭЛА

Венесуэла. Жаңыртылган маалымат: Түгөнбөгөн кыйынчылыктарга карабай рухий иштер күч алууда

Венесуэла. Жаңыртылган маалымат: Түгөнбөгөн кыйынчылыктарга карабай рухий иштер күч алууда

Венесуэлада коомдогу баш-аламандык, экономикалык каатчылык дагы деле уланууда. Тамак-аш, суу, күйүүчү зат жана дары-дармектер тартыш, кымбат болгондуктан, аларды алуу өтө кыйын болуп жатат. Электр жарыгы көп учурда өчүп калып, муздаткычтардын иштебегенине байланыштуу тамак-аш андан бетер жетишсиз болууда. Кылмыштуулук да күч алууда.

Ушундай оор жагдайга карабай Венесуэладагы 136 500дөн ашуун жарчы кызматка ынталуу катышып жатат. Мисалы, былтыркы жылга салыштырмалуу өлкөдөгү жарчылардын саны 7000ге азайса да, 2019-жылдын январь айында алар кабар айтуу кызматына 90 000 саат көбүрөөк жумшашкан. 2019-жылдын апрель айында 195 600дөн ашуун ыйык китептик изилдөө өткөрүлгөн. Ал эми үзгүлтүксүз пионерлердин саны 30 000ден ашкан. Дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн Иса Машаяктын өлүмүн Эскерүү кечесине чакыруу боюнча атайын өнөктүк учурунда көмөкчү пионерлердин саны 20 400гө чейин жеткен. Ушунун аркасында Эскерүүгө дээрлик 471 000 киши, жарчылардын санынан үч эсе көп киши, катышкан. Бул мындан тышкары, жыйналыш жолугушууларына көптөгөн адамдар келүүдө, анткени ишенимдештерибиз көйгөйлөрдү чечүүнүн жакшы жолун издегендерге Ыйык Китептеги кабарды токтотпой айтып келатышат.

Венесуэладагы филиал бир туугандарды эң зарыл тамак-аш менен камсыз кылыш үчүн жардам берүү ишин көзөмөлдөп жатат. Коңшу филиалдардын жана Падышалыктын бүткүл дүйнөлүк иши үчүн берешендик менен кылынган тартуулардын жардамы менен Венесуэладагы филиал 1 595 жыйналыштагы 75 000 жарчыны ай сайын жүздөгөн тонна тамак-аш менен камсыз кылууда.

Венесуэладагы бир туугандарыбыз көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп келатышат. Бирок алардын «Жахабаны ойлоп кубанып», куткаруучу «Кудайды ойлоп шаттанып» жатканын көрүп, ишенимибиз абдан бекемделүүдө (Хабакук 3:17, 18).