Мазмунун көрсөтүү

20-ЯНВАРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» адабиятын JW Library тиркемесинде натыйжалуураак колдонуу

«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» адабиятын JW Library тиркемесинде натыйжалуураак колдонуу

2021-жылдын январь айында Жетектөөчү Кеңеш «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китеби менен китепченин жарык көргөнүн кулактандырган. Бул адабияттардын жана изилдөөнү талкуу иретинде өткөрүүгө шарт түзгөн ыкманын жардамы менен башкаларды натыйжалуураак окута алабыз.

Ал жаңы адабияттардын электрондук түрү изилдөө өткөрүп жаткандарга да, изилдеп жаткандарга да жагымдуу болушу үчүн JW Library тиркемесине жаңы функциялар кошулду. Алар менен таанышып чыгыш үчүн атайын убакыт бөлүүгө чакырабыз.

  • Изилдеп жаткан адамга бөлүмдөгү белгилүү бир ойду көрсөткүңүз келип жатса, эмне кылсаңыз болот? Ан үчүн жөнөткүңүз келген абзацты басыңыз. Басканыңызда, бир нече функциянын белгилери чыгат. Алардын ичинен «Бөлүшүү» дегенди басып, тандаган абзацтын шилтемесин жөнөтсөңүз болот.

  • Изилдеп жаткан адам менен абзацтын аудиожаздыруусун уккуңуз келип жатсачы? Ан үчүн да керектүү абзацты басыңыз. Басканыңызда, бир нече функциянын белгилери чыгат. Алардын ичинен «Ойнотуу» дегенди тандасаңыз, абзацтын аудиосу ойнотулат.

  • Эгер изилдеп жаткан киши адабияттын кагаз түрүндөгүсүн, ал эми сиз санарип түрүндөгүсүн колдонуп жатсаңыз, кагаз түрүндөгүсүнүн көрүнүшүн кантип көрсөңүз болот? Ан үчүн бөлүмдү ачып, оң бурчтагы үч чекитти басыңыз. Ал жактан «Сүрөт катары көрсөтүү» дегенди тандаңыз. Кайра санарип түрүнө өтүш үчүн «Текст катары көрсөтүү» дегенди басыңыз.

  • Изилдеп жаткан киши ийгиликтерин байкай алышы үчүн, аларды адабияттын санарип түрүнө жазып турушун каалайсызбы? Ан үчүн аны изилдеп бүткөн күнүн жана максаттарды жазуу үчүн түзүлгөн талаачаларды колдонгонго үндөңүз. Ошондой эле Ыйык Китепти күнүгө окуганга түрткү берген «Окугандарыңды белгиле» деген таблицаны колдонууга чакырыңыз.