Мазмунун көрсөтүү

Пунит Аггарвал, Делрой Виллиамсон, Ашок Пател (үстүңкү катар, солдон оңго); Марк Слейгер, Жоуни Палму, Хироши Аоки (астыңкы катар, солдон оңго)

10-ИЮЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Ыйык Китептин алты тилге которулганы катары менен эки жума кулактандырылды

Ыйык Китептин алты тилге которулганы катары менен эки жума кулактандырылды

Мурунку жумада эле Ыйык Китептин алты тилге которулганы кулактандырылган. Эми болсо дагы алты тилге которулганы жарыя кылынды. 2020-жылдын 4-июлунда Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» бислама жана оромо тилдеринде жарык көргөнү жарыяланды. Эртеси күнү, 5-июлда, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» латыш жана маратхи, ал эми Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» бенгал менен карен (сго) тилдеринде чыкканы кулактандырылды. Бул котормолордун электрондук форматта чыкканы алдын ала жаздырылган баяндамада айтылды. Буга арналган атайын программаны жарчылар видеобайланыш аркылуу көрүп, мындай белектер тууралуу укканда маңдайы жарыла сүйүнүштү.

Бислама

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы бислама тилинде жарык көргөнүн Фижидеги филиалдын комитетинин мүчөсү Марк Слейгер кулактандырды. Вануатудагы жарчылар бислама жана бислама жаңдоо тилдеринде өткөрүлгөн программаны видеобайланыш аркылуу көрүштү.

Эки топ котормону үч жылдан ашык убакыттын аралыгында бүтүрүштү. Бир котормочу мындай дейт: «Бул котормо бир туугандарыбызга аябай жагат деп ойлойм, анткени жеңил окулат, күнүмдүк жашоодогу сөздөр колдонулган, заманбап жазуу эрежелери сакталган. Бул баарыбызга чындыкты мурдагыдан айкыныраак түшүнгөнгө жардам берет».

Ыйык Китептин кайра каралган бул басылышы бислама тилинде сүйлөгөн 700дөн ашуун жарчыга өздүк изилдөөлөрдү терең жүргүзгөнгө, кызматты натыйжалуу аткарганга шарт түзөрүнө толук ишенебиз.

Оромо

Эфиопиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Делрой Виллиамсон Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» оромо тилинде чыкканын кулактандырды. Онлайн программаны бардыгы биригип 12 548 киши, алардын ичинде оромо тилинде сүйлөгөн 2 000 жарчы укту.

Техникалык жактан кыйынчылыктар туулгандыктан, Жетектөөчү Кеңештин уруксаты менен алдын ала жаздырылган программа жергиликтүү телеканалдан көрсөтүлдү. Айрым жарчылар программаны телефон аркылуу туташып угушту.

Беш котормочу беш жыл иштеди. Жаңы бул котормонун оромо тилинде сүйлөгөн жарчыларга чоң жардам болору күмөнсүз.

Латыш

12 жылдык күжүрмөн эмгектин натыйжасында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» латыш тилинде жарык көрдү. Латыш жана орус тилдеринде өткөрүлгөн жыйналыштардын баары программаны көргөнгө чакырылды.

Ыйык Китептин которулганына арналган атайын баяндаманы Финляндиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Жоуни Палму сүйлөдү. Ал мындай деди: «Латыш тилинде сүйлгөн жарчыларга заманбап, жөнөкөй тил менен которулган Ыйык Китептин чыкканын кулактандырууга кубанычтабыз. Кудай Сөзүн изилдөөдөн, андагы ойлордун үстүнөн ой жүгүртүүдөн ырахмат аларыңар шексиз».

Котормочулардын бири жаңы чыккан Ыйык Китептин изилдөө жүргүзгөнгө арналган кошумча өзгөчөлүктөрү туурасында мындай деди. «Бул котормону андагы рухий кенчтерди өздүк изилдөө, ой жүгүртүү аркылуу казганга шарт түзгөн «акылдуу электрондук каражатка» салыштырар элем».

Маратхи

Индиядагы маратхи тилинде өткөрүлгөн бардык жыйналыштар үчүн өткөрүлгөн атайын программа учурунда Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» маратхи тилинде чыкканы жарыяланды. Бул тууралуу Индиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Пунит Аггарвал кулактандырды.

Бул долбоордун үстүнөн алты котормочу үч жыл иштеди. Алардын бири: «Бул котормо ата-энелерге балдарын туура тарбиялаганга, Ыйык Китепте чынында эмнелер айтылганын билгиси келгендерге көмөк көрсөткөнгө жардам берет деп ойлойм»,­­— деди.

Дагы бирөө: «Кудайдын ысмы түп нускада кайсы жерде турса, ошол жерлердин баарында ордуна коюлганын билгенибиз өзгөчө кубаныч тартуулайт. Бул котормону окугандар дээрлик ар бир бетинен Жахаба деген ысымды кездештиришет. Анан Жахаба татыктуу түрдө даңкка бөлөнөт»,— деди.

Индияда 83 миллиондон ашык киши маратхи тилинде сүйлөйт.

Бенгал

Грек Жазмаларынын бенгал тилинде чыкканы жөнүндө Индиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Ашок Пател кулактандырды. Атайын программага Индия менен Бангладештен 1 200 ашуун жарчы туташты.

Дүйнөдө кеңири тараган тилдердин катарында бенгал тили жетинчи орунду ээлейт. Бул тилде 265 миллиондон ашык киши сүйлөйт. Ушунча окурмандардын көпчүлүгүнө түшүнүктүү котормону жаратыш үчүн Индия менен Бангладештин ар кайсы жерлеринде кызмат кылган котормочулар үч жыл тыгыз кызматташышты.

Пател бир тууганыбыз баяндамасында кызыктуу маалымат менен бөлүштү: «Бенгал тили Ыйык Китеп которулган индиялыктардын алгачкы тилдердин катарына кирет. Грек Жазмаларынын биринчи котормосу 1801-жылы жарык көргөн. Бенгал тилиндеги алгачкы Ыйык Китеп Кудайдын ысмы тийиштүү түрдө Жахаба деп которулганы менен таасирдүү болгон. Тилекке каршы, азыркы котормолордо Кудайдын ысмы «Теңир» деген наам менен алмаштырылган. Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» тактыгы жана түшүнүктүүлүгү менен өзгөчөлөнөт».

Котормо ишине катышкан ишенимдешибиз: «Бул котормо Жахабанын бардык адамдары жакшы көрөрүн, өзү жана уулу, Иса Машаяк, жөнүндө билим алышын каалаарын көрсөтүп турат»,— деди.

Карен (сго)

Мьянмадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Хироши Аоки Грек Жазмаларынын карен (сго) тилинде чыкканын жарыя кылды. Алты жыйналыш менен төрт топтон 510 жарчы программага туташты.

Грек Жазмалары карен (сго) тилине бир жылдан бир аз узагыраак убакыттын ичинде которулду. Котормо тобунун бир мүчөсү мындай дейт: «Бир туугандарыбыз да, кызматта жолуктурган адамдар да карен (сго) тилиндеги бул котормону окуп, ырахат алышат деп ойлойм. Анткени анда Кудайдын ысмы тийиштүү жерлерге коюлган жана заманбап тил колдонулган. Текст айкын-так, түшүнүктүү которулган. Өзүнө жакындаткан, жүрөгүбүз сүйлөгөн тилде ушундай белек бергени үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз».

Дагы бир котормочу мындай кошумчалайт: «Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» эл күнүмдүк жашоодо колдонгон тилге которулган. Ошон үчүн андагы каармандардын кандай сезимдерди туюшканын түшүнгөнгө, алардын жагдай-шартын элестеткенге, алардан үлгү алганга жардам берет».

Бир туугандарыбыздын ушундай сонун белектерди алганына кубанычтабыз. Ыйык Китептин бул котормолору ушул тилдерде сүйлөгөн ишенимдештерибизге Жахаба менен болгон достугун чыңдаганга, анда камтылган эң сонун чындыктар менен башкалар менен бөлүшкөнгө жардам берерине күмөн санабайбыз (Жакан 17:17).