Мазмунун көрсөтүү

Тортола аралындагы кайра оңдолгон Падышалык залы. Бул — Виргин аралдарындагы «Мария» куюну талкалап кеткен жана биринчилерден болуп оңдолуп бүткөн 5 Падышалык залынын бири.

2018-ЖЫЛ, 19-ЯНВАРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрү куюндан жапа чеккендерге жардам берүү ишин улантууда

Жахабанын Күбөлөрү куюндан жапа чеккендерге жардам берүү ишин улантууда

НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылы сентябрь айында болгон «Ирма» жана «Мария» куюндарынан жабыр тарткан Кариб аралдарында жана анын тегерегиндеги аймактарда жашагандарга дагы деле жардам көрсөтүлүүдө. Барбадостогу, Кубадагы, Доминикан Республикасындагы, Франциядагы жана Кошмо Штаттардагы филиалдардан келген төмөнкү билдирүүдөн жабыр тарткан аймактардагы бир туугандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын билүүгө болот.

Барбадостогу филиалдын карамагына кирген аймактар: Ангилья, Антигуа, Барбуда, Доминика, Сен-Мартен (Нидерландия ээлиги)

Кырсык болгондо жардам берүү боюнча уюштурулган үч комитет (алардын бири Франциядагы филиал тарабынан уюштурулган) куюндан жапа чеккен жарчыларды тез аранын ичинде эң зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн жергиликтүү бир туугандардан бир нече топ түзгөн. Барбадостогу филиалга караштуу аймактардагы кайра куруу ишине, алардын ичинде 8 Падышалык залын жана бир туугандардын 122 үйүн оңдоого 2,4 миллион доллар кетери аныкталды. Жарактан чыгып калган 19 үй толугу менен кайра курулат.

«Мария» куюнунан улам талкаланып калган Гранд-Бэйдеги (Доминика) Падышалык залы.

Кубадагы филиалга караштуу аймак

Филиалдын билдирүүсүнө ылайык, «Ирма» куюнунан жапа чеккен жарчыларга жетиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Ал жактарга жиберилген филиалдын өкүлдөрү ишенимдештери менен жолугуп, аларды кайраттандырууда.

Доминикан Республикасындагы филиалга караштуу аймак

Кырсык болгондо жардам берүү боюнча уюштурулган 3 комитет табигый кырсыктан жапа чеккен 57 жарчыга жардам көрсөтүлүшүнө кам көрдү. Жергиликтүү ишенимдештери да азык-түлүк, суу, кийим-кече жана зарыл болгон башка нерселерди берип жардам беришти. Октябрдын аягына чейин зыянга учураган үйлөр тазаланып, оңдолуп-түзөлгөн. Бул иштерди негизинен өз ыктыяры менен жардам бергиси келген жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү бүтүрүштү.

Франциядагы филиалга караштуу аймактар: Гваделупа жана Синт-Мартен

Франциядагы филиал табигый кырсыктан кийинки оңдоп-түзөө иштерин жетектеш үчүн Синт-Мартен аралында Кырсык болгондо жардам берүү комитетин, ал эми Гваделупа аралында региондук жардам көрсөтүү борборун уюштурган. Оңдоп-түзөө ишине 1,4 миллион доллар сарпталган. Гваделупада 12 Падышалык залы, Синт-Мартенде болсо 2 Падышалык залы жана Жахабанын Күбөлөрүнүн 24 үйү оңдолгон. Франциядан, Гваделупадан, Мартиникадан 22 Жахабанын Күбөсү өз ыктыяры менен жардам берүүгө барып, кайра куруу ишине катышкан.

Синт-Мартендеги бир Жахабанын Күбөсүнүн «Мария» куюнунан улам жарактан чыгып калган үйү.

Кошмо Штаттардагы филиалга караштуу аймактар: Виргин аралдары (Британиянын жана АКШнын ээлиги), Флорида, Жоржия, Пуэрто-Рико, Теркс жана Кайкос аралдары

Куюндан бул филиалдын карамагындагы 13 000ден ашуун жарчы жапа чеккен. Учурда Кырсык болгондо жардам берүү боюнча уюштурулган төрт комитет ал жактагы ишенимдештерине жардам көрсөтүүдө. Жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнүн биринчи баскычы дээрлик аяктап баратат. Комитет ишенимдештерибиздин талкаланган үй-жайларынын 95 пайызынан көбүн калыбына келтирүү ишин дээрлик аяктап калды. Ошондой эле аларды азык-түлүк, суу менен камсыз кылды. Пуэрто-Рикодо жана Виргин аралдарында калыбына келтирүү иштери дагы деле жүргүзүлүп жатат.

Пуэрто-Рикодо биринен сала бири келген куюндардан 3 200дөн ашуун Жахабанын Күбөсү жапа чеккен. Ишенимдештери алардын биринин үйүн тазалап берүүдө.

Падышалык залдарын жана ишенимдештеринин үйлөрүн калыбына келтирүүгө бардыгы болуп 690 Жахабанын Күбөсү барды. Алардын 450сү аралдарга, 240ы Флорида жана Жоржия штаттарына жиберилди. Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүүгө кеткен чыгым 30 миллиондон ашуун долларды түздү. Андан тышкары, бул имараттарды оңдоп-түзөө пландаштырылууда:

  • Виргин аралдарында 5 Падышалык залы, 190 үй.

  • Флорида штатында 40 Падышалык залы, 1 174 үй.

  • Пуэрто-Рикодо 106 Падышалык залы, 2 жыйындар залы жана 1 216 үй.

  • Теркс жана Кайкос аралдарында 2 Падышалык залы, 56 үй.

Жахаба Кудайдан табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берип аткан бир туугандарга күч беришин сурап тиленип жатабыз. Ишенимдештеринин колдоосу, ошондой эле Ыйык Китептен алган сооронучу жабыр тарткан бир туугандарыбызга кайраттанып, Жахаба Кудайыбызга кылган кызматын улантууга жардам береринен шектенбейбиз (Некемия 2:18).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Барбадос: Жон Медфорд, тел.: +1-246-438-0655

Доминикан Республикасы: Хосие Фелиз, тел.: +1-809-595-4007

Франция: Ги Канониси, тел.: +33-2-32-25-55-55