Мазмунун көрсөтүү

Абийири жол бербегендиктен аскердик кызматты өтөөдөн баш тартканы үчүн жазаланган Жахабанын Күбөлөрүн актаган соттордун арасында Братислава I округдук соту да бар

2018-ЖЫЛ, 27-СЕНТЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Чех Республикасы менен Словакиянын соттору ишенимдештерибизди актады

Аскерден баш тартканы үчүн көп жылдан бери кылмышкер деп эсептелип келгендер акталды

Чех Республикасы менен Словакиянын соттору ишенимдештерибизди актады

2017-жылдын 1-майынан тартып 2018-жылдын 8-январына чейин Чех Республикасы менен Словакиянын соттору аскердик кызматтан баш тартканы үчүн же кабар айтуу кызматына катышканы үчүн көп жылдан бери кылмышкер деп эсептелип келген бир туугандарды актады. Учурда бул нерселер кылмыш катары эсептелбейт. Акталгандардын арасындагы бир ишенимдешибиз 1925-жылы кылмышкер катары жазаланган болчу (90 жылдан кийин гана акталган Мартин Бор жөнүндө окуп көргүлө). Соттор бир туугандарыбыздын аскердик кызматтан баш тартууга жана кабар айтууга укуктуу экенине кошуларын билдиришти.

2017-жылдын майынан бери Чех Республикасынын Жогорку соту коммунисттик режимдин тушунда аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн соттолуп, түрмөгө камалган 45 бир тууганга чыгарылган чечимди жокко чыгарды. 2017-жылдын октябрь айында Жогорку сот Кудай жөнүндө кабар айтканы үчүн 1978-жылы түрмөгө кесилген Мартин Магенхеймди да актады.

Словакия тууралуу айта турган болсок, Братислава I райондук соту аскерден баш тартканы үчүн кылмышкер катары эсептелген 4 бир тууганды актады. Тренчин облустук соту да бир ишенимдешибизге карата ушундай чечим чыгарды. Кабар айтуу кызматына катышканы үчүн 1974-жылы камакка алынган Ева Борошова бир тууган Римавска Собота райондук соту тарабынан акталды. 2018-жылдын 9-январында Михаловце райондук соту абийири жол бербеген жарандык кызматты өтөөдөн баш тартканы үчүн кайра-кайра камалган Милош Ишки Яникке байланыштуу 1993-жылы чыгарылган чечимди жокко чыгарды.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочусу Андре Карбонно мындай деди: «Абийири жол бербегендиктен аскердик кызматты өтөөдөн баш тартканы же кабар айтуу кызматына катышканы үчүн ондогон жылдар мурун түрмөгө кесилген Жахабанын Күбөлөрүн актоо менен бул соттор адамдын негизги укуктарын: абийир эркиндигин жана дин тутуу эркиндигин сыйлаарын көрсөтүштү. Ушундай чечимдерди чыгаруу менен соттор көптөгөн өлкөлөрдө адам укуктары сыйланбаган убакта абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербегендерге кылынган адилетсиздикти жоюуга аракет кылууда. Ошондой эле учурда адам укуктары сыйланбаган өлкөлөргө жакшы үлгү көрсөтүүдө. Андан сырткары, соттор бейкүнөө бир туугандарыбыздын караланган ысмын актоого өбөлгө түзүүдө. Биз аларга терең ыраазычылык билдиребиз, анткени Ыйык Китепте жакшы атка ээ болуу маанилүү экени айтылат» (Насаатчы 7:1).