Мазмунун көрсөтүү

Зимбабве эл аралык жарманкесинде jw.org деп аталган күркөгө агылып келип жаткан коноктор

13-ИЮНЬ, 2023
ЗИМБАБВЕ

Зимбабведеги 2023-жылкы эл аралык жарманкеде ар улуттун өкүлдөрүнө кабар жеткирилди

Зимбабведеги 2023-жылкы эл аралык жарманкеде ар улуттун өкүлдөрүнө кабар жеткирилди

2023-жылдын 25-апрелинен тарта 29-апрелине чейин Зимбабведеги Булавайо шаарында Зимбабве эл аралык жарманкеси болуп өттү. Бул бүт өлкө боюнча эң ири жарманке болуп саналат. Анда 22 өлкөдөн алып келинген 500 көргөзмө коюлган. Аны көргөнү 60 000ден ашуун киши барган. Жахабанын Күбөлөрү ошол жарманкенин билим алуу жана окутуп-үйрөтүү деген бөлүгүнө атайын күркө орнотушкан.

Коноктор дүйнөнүн чар тарабынан баргандыктан, ал күркөгө Ыйык Китепке негизделген адабияттар 10 тилде, анын ичинде зимбабве жаңдоо тилинде да коюлган. Кызыккандар үчүн Ыйык Китепти изилдегенге шарт түзгөн атайын курс да көрсөтүлгөн. Жарманке учурунда 12 000ден ашуун адабият таратылып, 450дөн ашык киши Жахабанын Күбөлөрүнүн алардыкына барып кетишин суранышкан. Күркөгө келгендерди тосуп алып, маалымат бергендердин бири Еусебиан Мукура деген ишенимдешибиз мындай деп бөлүштү: «Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштасак, көптөр макул болуп жатышты. Көптөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн келип кетишин аябай күтөбүз деп айтканда, тим эле жетине албай сүйүнүп жаттык».

Күркөгө Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» да коюлган. Бир аял күркөгө келгенде бирөөнүн Ыйык Китепти ндебеле тилинде үнүн чыгарып окуп жатканын угуп калган. Ал аял «Жаңы дүйнө котормосунун» ушунчалык түшүнүктүү, так экенин байкаган. Анан Ыйык Китептин бир нускасын сураган. Дагы бир жаш келин болсо телефонуна JW Library тиркемесин жүктөп алганына сүйүнүп, ишенимдешибизге көрсөткөн. Ал өзүнүн «Жаңы дүйнө котормосу» болушун каалагандыктан жүктөп алыптыр.

Келген-кеткендерге маалымат берген дагы бир ишенимдешибиз, Жиллиан Еллерман, мындай дейт: «Эсткен кеткис сонун күн болду. Күркөдөн деги киши үзүлгөн жок. Жахаба Кудайыбыз ушунчалык даңкталып-даңазаланды!»

Зимбабведеги ишенимдештерибиздин мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Кудай жөнүндөгү так билимди жеткиргенге аракет кылып жатканы кандай гана дем-күч берет! (1 Тиметей 2:4).