Мазмунун көрсөтүү

Икалиуттагы (Канада) жаңы Падышалык залы. Ал жер алыскы аймакта жайгашкандыктан, курулуш материалдары Онтариодогу жыйын залына чогултулуп, андан ары кемеге жүктөлгөн

28-ОКТЯБРЬ, 2022
КАНАДА

«Көп балык жүргөн жерде» Падышалык залы курулуп бүттү

«Көп балык жүргөн жерде» Падышалык залы курулуп бүттү

Икалиутта (Нунавут, Канада) Жахабанын Күбөлөрүнүн биринчи Падышалык залы курулду. Курулушка катышкан ыктыярчылар 50 орундук Падышалык залын 2022-жылдын 14-октябрында бүтүштү. Бул жаңы Падышалык залы Канаданын эң түндүгүнө жайгашкан. Икалиут жыйналышы 2010-жылы түзүлгөн жана жолугушууларын жергиликтүү мектепте өткөрүп жүргөн.

Курулуш материалдары суу тартылган убакта жээкке түшүрүлгөн

Бул Падышалык залынын курулушу бир топ кыйынчылыктар менен коштолду. Чу дегенде эле, пандемия башталып калып, куруу иши 2 жылга жылдырылган. «Көп балык жүргөн жер» дегенди билдирген Икалиут шаары Фробишер-Бейде, Баффин жеринде, орун алган. Ал шаарга учактар менен же кеме менен гана жетүүгө болот. Андан тышкары, Икалиутта керектүү курулуш материалдардын баары сатылбайт. Ошол себептен ал жакка курулуш материалдарды жана зарыл шаймандарды кеме менен жеткириш керек болгон. Андан тышкары, аба ырайынан, жандан өткөн муздак шамалдан улам курулушту августтан октябрга чейин эле жүргүзүүгө мүмкүн болчу.

Кубаныч менен жардам берген курулуш ыктыярчылары

Курулуш үчүн керек боло турган материалдардын, шаймандардын баары — баары биригип 127 тоннаны түзгөн жүк — Онтариодогу жыйын залына чогултулган. Андан соң аларды кемеге жүктөлүүчү 12 контейнерге жана көлөмдүү 3 жашикке салып, Монреалдын (Квебек) жанындагы кеме жайга жөнөтүшкөн. Ал жактан кеме Ыйык Лаврентий кеме жолу аркылуу ачык Атлантика океанына чыгып, акыры Фробишер-Бей булуңуна жеткен. Булуңдагы кеме жайга чоң кемелер токтой албагандыктан, контейнерлер баржаларга (кеме менен чиркелип жүрүүчү чоң кайыктарга) жүктөлгөн. Ал эми баржаларды алар сууну жиреп сүзө алыш үчүн атайын буксирлерге чиркешкен. Ошентип, суу тартылган кезде жүктөрдү кургактыкка чыгарып алышкан.

Бул Падышалык залы курулуштагы бир катар жаңы технологиялар боюнча долбоорлонду. Анын аркасында имарат Икалиуттун катуу суугуна жана катаал климатына туруштук бере алат. Икалиутта кышкысын абанын температурасы минус 30га чейин түшөт.

Падышалык залын курууга жардамдашыш үчүн 6 провинциядан 40тай курулуш ыктыярчысы барган. Алардын бири Жейсон Макгрегор: «Курулуш материалдардын алыскы түндүккө чейин алып келингенин жана башка күтүлбөгөн көйгөйлөрдүн чечилгенин көрүп, Жахабага эч нерсе тоскоол боло албай турганына ого бетер ынандым. Жумуштун күн сайын кантип жылып жатканын күбө болуп, ишенимим бекемделди»,— деген.

Биз да Канададагы ишенимдештерибиз менен бирге «көп балык жүргөн жерде» жаңы Падышалык залынын курулганына абдан кубанып жатабыз. Алар андан ары да «адам уулоочу» ишине жигердүү катышып жатышат (Матай 4:19).