Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 20-ИЮНЬ
МЕКСИКА

Монтеррей, Мексика. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Монтеррей, Мексика. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 7—9-июнь

  • Өткөрүлгөн жери: Монтеррейдеги (Мексика) «ББУА Банкомер» стадиону

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, испан, мексика жаңдоо тили

  • Трансляция кылынган жерлер: 6 өлкөдө 38 жерде (Коста-Рика, Гватемала, Гондурас, Мексика, Никарагуа, Панама)

  • Катышкандардын жогорку саны: 39 099

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 393

  • Эл аралык делегаттардын саны: 4 682

  • Чакырылган филиалдар: Аргентина, Бразилия, Жапония, Испания, Италия, Колумбия, Кошмо Штаттар, Нидерландия, Парагвай, Перу, Франция

  • Жергиликтүү окуя: Роберто Валеро, Гваделупа шаарынын мэриясынын өкүлү, ишемби күнү жыйын өткөн жерге келген. Ал биз жөнүндө көп жакшы нерселерди айткан. Мисалы, ал: «Өкмөттүн негизги максаттарынын бири — элдин тынчтыкта жана коопсуздукта жашашына кам көрүү. Силер, Жахабанын Күбөлөрү, жакшы жарандар болуу менен бул максаттын ишке ашышына чоң салым кошуп жатасыңар. Муну бүт шаар билет»,— деген.

 

Бир туугандар Монтеррей эл аралык аэропортунда делегаттарды тосуп жатышат.

Делегаттар жыйын өткөрүлгөн жайга келип жатышат. Аркасында Силла тоосу көрүнүп турат.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон жума күнү соңку баяндама айтууда.

Ишемби күнү жыйында колдонулган төрт бассейндин биринде чөмүлүп жаткан киши.

Эл аралык делегаттар жыйындын программасын кунт коюп угуп жатышат.

Жыйындын акыркы күнү башка өлкөдөн келген атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар отургандарга кол булгалап жатышат.

Аподакадан (Мексика) келген үй-бүлө «Биз силерди жакшы көрөбүз» деген белгини кармап турушат.

Башка өлкөдөн келген делегат менен жергиликтүү бир тууган Монтеррейде кабар айтууда.

Делегаттар Мексиканын түндүк жагында белгилүү болгон «полька нортена» деген бийди көрүп жатышат.

Улуттук бийди бийлеп жаткан Халискодон (Мексика) келген бир туугандар.