Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 17-СЕНТЯБРЬ
УЛУУ БРИТАНИЯ

Жашылдандыруунун жана калыбына келтирүүнүн мыкты үлгүсү деп сыпатталган Британиядагы филиалды куруу иши аягына чыгайын деп калды

Жашылдандыруунун жана калыбына келтирүүнүн мыкты үлгүсү деп сыпатталган Британиядагы филиалды куруу иши аягына чыгайын деп калды

Эссекс графтыгына караштуу Челмсфорд шаарына жакын жайгашкан Британия филиалын куруу иши 2019-жылдын декабрь айында аягына чыгат деп күтүлүүдө. Ал долбоор толук бүтө элек болсо да, жергиликтүү адистер аны айлананы көркүнө чыгарган үлгүлүү долбоор деп аташты.

2015-жылы сатылып алынганда ал жер жарактан чыккан унаалар жана таштандылар ыргытылган жай болчу. Ыктыярчылар ал жерде казуу иштерин жүргүзүп, аябай көп сандагы таштандыларды, анын ичинде айрымдары Экинчи дүйнөлүк согуш убагына таандык миңдеген дөңгөлөктөрдү кайра иштетишкен. Алар жерди тазалап жатканда майда-чүйдө таштандылардан бери иргеп, мүмкүн болгондорун кайра иштетип, колдонушкан. 34 гектар жерди калыбына келтириш үчүн 11 000ден ашуун бир тууган жалпысынан төрт миллиондон ашуун саат эмгектенген.

Солдо: Үйрөтүлгөн ыктыярчылар жерди таштандылардан тазалап жатышат (2015-жыл). Оңдо: Көз жоосун алган бакка айланган жердин бир бурчу (азыркы абалы)

Ал жерге жергиликтүү бак-шактар, башка жактан алынып келинген өсүмдүктөр, жапайы гүлдөр, мөмө берген бак-дарактар отургузулган жана көлмөлөр жасалган. Көз жоосун алгандан тышкары, ал жерде ар кандай жан-жаныбарлар байырлайт. Ошондой эле суу үнөмдүү колдонулат, жол жээкте өскөн көп жылдык дарактарга жакшы кам көрүлөт. Андан тышкары, ошол жакта өскөн өсүмдүктөрдүн көбөйүшүнө шарт түзүлгөн. Баарынан маанилүүсү, ал аймак айлана-тегеректин көркүнө көрк кошуп турат.

Курулуш долбоор комитетинин (КДК) мүчөсү Пол Рожерс мындай дейт: «Биз сатып алганга чейин бул жер көп жылдан бери каралбай калган жер болчу. Жан аябас ыктыярчылардын таштандыларды тазалаганынын аркасында таанылгыс болуп өзгөрө баштады. Адегенде жер тазаланды, андан соң ошол аймактын ландшафтына жараша айрым жерлерди түздөп, айрым жерлерди дөңсөө кылып жасашты. Ошону менен бирге жүздөгөн бак-дарактарды, бадалдарды жана өсүмдүктөрдү тигишти. Иштин натыйжасы Жезекиел 36:35, 36дагы сөздөрдү таамай чагылдырып турат. Ал аяттарда: „Ээн калган бул жер Эйден багындай болуп калды... Элдер кыйратылганды тургузган, ээн калганды гүлдөткөн мен, Жахаба, экенимди билишет“,— деп жазылган».

 

Көлмөнү таштандылардан тазалап жаткан эже-карындаштар. Көлмөлөрдөгү чоң-чоң таштандыларды тракторлор менен тазалашкан, ал эми майдаларын кол менен тазалап чыгышкан. Сууну тазалап турушу үчүн, 8 000ден ашуун сууда өсүүчү өсүмдүктөр отургузулган

Дренаждык системанын бир бөлүгүн түзгөн бул көлмөгө жолдон агып келген жана филиалдын аймагындагы агын суулар чогулат. Сол жакта аялдама орун алган. Жергиликтүү тургундар ал жерге отуруп, бакчаны карап ырахат ала алышат

Жашылдандыруу тобундагы үч жумушчу бак отургузганы жатышат. Дээрлик 15 000 дарак, бадал жана башка өсүмдүктөр отургузулган

Өсүп жатканына 100 жылдай болуп калган алты зайтун дарагы кеңсе имаратынын алдындагы атайын даярдалган жерлерге тигилген

Жашылдандыруу ишине катышып жаткан эже-карындаштар сүрөткө түшүп жатышат. Токойлуу аймакка гүлдөрдүн 18 000ден ашуун түрү отургузулган. Жаңы тигилген өсүмдүктөрдүн дээрлик 80 пайызы жергиликтүү өсүмдүктөрдөн алынган

F турак үйүнүн кире беришине отургузулган гүлдөр, бадалдар жана бак-дарактар