Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 19-ОКТЯБРЬ
ЭРИТРЕЯ

Эритреядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталып жатканы бүт дүйнө жүзүнө маалым болду

Эритреядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталып жатканы бүт дүйнө жүзүнө маалым болду

Жахабанын Күбөлөрү бир да өлкөдө Эритреядагыдай катуу куугунтукталбайт. Эритрея 1993-жылы көз карандысыз мамлекет болгондон тартып Жахабанын Күбөлөрүн түрмөлөргө камап, катуу жазалап, кодулап келет. Жахабанын Күбөлөрү саясий иштерге катышпаганы, жакындарына каршы курал көтөрбөгөнү үчүн куугунтукталып келет.

Учурда Эритреянын түрмөлөрүндө 54 Жахабанын Күбөсү жатат. Акыркы 22 жылдын ичинде бир Жахабанын Күбөсүнөн башкасынын баарынын иши сотто каралбай, расмий айып коюлбай эле кесилип кеткен. Алардын үчөө абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн 1994-жылдан бери түрмөдө отурат.

Дүйнө жүзү боюнча тынчсыздангандардын саны өсүүдө

Куугунтук башталгандан бери адам укуктарын коргогон жана мамлекеттик уюмдар Эритреядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн катуу куугунтукталып жатканын туура көрбөй турганын билдиришкен. Жакында эле Эритреядагы Адам укуктарын изилдөө боюнча комиссия (ЭАУИК), БУУ бийлик берген комиссия, Жахабанын Күбөлөрүнүн болуп көрбөгөндөй кордолуп жатканын дүйнө жүзүнө маалым кылды. ЭАУИКтин 2015-жылы июнда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине (АУК) жиберген биринчи отчётунун бир бөлүмчөсүндө Жахабанын Күбөлөрүнө кордук көрсөтүлүп жатканы жазылган.

2016-жылы 21-июнда ЭАУИК АУКка экинчи отчётун жөнөткөн. ЭАУИК Эритрея өкмөтүн айрым диний уюмдардын мүчөлөрүнүн, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн «дин тутуу эркиндигин урматтоого», «соттун чечимисиз кесип жиберүүнү жана камакка алууну токтотууга» жана мыйзамсыз кесилип кеткендерди, камакка алынгандарды тез аранын ичинде бошотууга чакырган.

Отчётко ылайык, ЭАУИК Эритрея өкмөтүнүн жарандарды «диний жана этностук айырмачылыктарына жараша куугунтуктаганын» эл аралык мыйзамга каршы келет жана «адамзатка каршы жасалган кылмыш» деп тапкан. Эл аралык коомчулук бул куугунтукту адам укуктарын болуп көрбөгөндөй бузгандыкка жатат деп эсептейт. ЭАУИК 2016-жылдын 27-октябрында БУУнун Башкы Ассамблеясына кайра каралган отчётту окуп берет.

Эритрея Жахабанын Күбөлөрүнө адилетсиз мамиле кылганын токтотобу?

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Эритреядагы ишенимдештери үчүн абдан тынчсызданып жатышат. Алар Эритрея өкмөтүнөн чын ниеттен Кудайга кызмат кылган ишенимдештерин куугунтуктаганын токтотушун жана алардын укуктарын тебелебешин суранууда.