Мазмунун көрсөтүү

Колдонуу шарттары

Колдонуу шарттары

Кош келиңиздер!

Бул веб-сайт аркылуу Кудай, Ыйык Китеп жана Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көбүрөөк биле аласыңар. Силерди кызыктырган макалаларды окуп, тасмаларды көрүп, жүктөп алсаңар болот. Биз бул сайтты колдонуудан көптөрдүн пайда алышын каалайбыз, бирок биздин сайттагы материалдарды башка сайттарга койбошуңарды жана кандайдыр бир компьютердик программаларда колдонбошуңарды суранабыз. Эгер биздин сайттан окуп-билген нерселер туурасында башкалар менен бөлүшүүнү кааласаңар, төмөндө келтирилген «Колдонуу шарттарына» ылайык, аларды ушул сайтка багыттай аласыңар.

 Автордук укук

© 2019 Watch Tower Bible and Tract Society of Pennsylvania. Бардык укуктар корголгон.

Бул веб-сайтты чыгарган жана тейлеп турган уюм — Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому («Watchtower»). Башка булактан алынганы көрсөтүлбөсө, сайттагы материалдар жана башка маалымат ушул коомдун интеллект менчиги болуп эсептелет.

 Соода маркаларын

Adobe, Adobe логотиби, Acrobat жана Acrobat логотиби Adobe Systems Incorporated компаниясынын соода маркалары болуп эсептелет. Ал эми Aplle, iTunes жана iPod — Apple Inc. компаниясынын соода маркалары. Microsoft, Microsoft логотиби, ошондой эле Microsoft менен Microsoft Office жана Microsoft Office 365 програмдык жабдыктары Microsoft Inc компаниясынын соода маркалары болуп эсептелет. Android Google LLCнин соода маркасы болуп эсептелет. Google жараткан, өзгөрткөн жана тараткан Android robot кайра иштетилип, өзгөртүлдү. Ал Creative Commons 3.0 Attribution Licenseде айтылган колдонуу шарттарына ылайык колдонулат. Булардан башка катталган соода маркаларынын баары кайсы компанияга таандык болсо, ошонун менчиги болуп саналат.

 «Колдонуу шарттары» жана сайтты колдонуу боюнча укук

Бул жердеги «Колдонуу шарттары» веб-сайтты колдонууга байланыштуу эрежелерди камтыйт. Веб-сайтты колдонуп жатканыңыз «Колдонуу шарттарына», бул сайтка чыккан «Кошумча колдонуу шарттарына» да макул экениңизди билдирет. (Булардын баары «Колдонуу шарттарына» кирет). Эгер «Колдонуу шарттарына» же анын кайсы бир талабына макул болбосоңуз, анда бул сайтты колдонбошуңуз керек.

Веб-сайтты тийиштүү түрдө колдонуу өзүнө эмнелерди камтыйт? Төмөндөгү талаптарды эске алып, буларды кылсаңар болот:

  • Соода-сатык кылуу максатында эмес, веб-сайттагы автордук укуктар корголгон сүрөттөрдү, электрондук адабияттарды, музыканы, текстти, тасмаларды өзүңөр колдонуш үчүн көрсөңөр, басып чыгарсаңар же жүктөп алсаңар болот.

  • Жүктөп алууга коюлган электрондук адабияттардын көчүрмөлөрүн, аудио же видеоматериалдарды же алардын шилтемелерин башкаларга жөнөтсөңөр болот.

Төмөнкүлөрдү кылууга болбойт:

  • Бул сайттагы сүрөттөрдү, электрондук адабияттарды, соода маркаларын, музыканы жана тасмаларды Интернетке (башка сайттарга, файл же тасма алмашуу кызматтарына же социалдык тармактарга) коюуга болбойт.

  • Бул сайттагы сүрөттөрдү, электрондук адабияттарды, соода маркаларын, музыканы, тексттерди жана тасмаларды колдонмо програмдык жабдыктар менен кошо же анын курамы катары башкаларга жөнөтүүгө (же мындай материалды колдонмо програмдык жабдык катары серверге жүктөөгө) болбойт.

  • Бул сайттагы сүрөттөрдү, электрондук адабияттарды, соода маркаларын, музыканы жана тасмаларды соода-сатык кылуу же пайда көрүү максатында кайра чыгарууга, көчүрмөсүн (дубликат) жасап чыгарууга, таратууга болбойт.

  • Бул сайттагы сүрөттөрдү, текстти, маалыматты же HTML файлдарды чогултууга, көчүрмөсүн жасоого, жүктөөгө же сууруп алууга өбөлгө түзө турган компьютерик тиркемелерди, программаларды же ыкмаларды иштеп чыгууга, ошондой эле маалыматты кеңири издөөгө, чогултууга жана интеллектуалдык анализ кылууга болбойт. (Бул сайттын көпчүлүк үчүн коюлган жерлеринен EPUB, PDF, MP3 жана MP4 форматтарын жүктөп алуу үчүн чыгарылган акысыз тиркемелерди, программаларды таратууга тыюу салынбайт.)

  • Бул сайтты жана анын функцияларын туура эмес колдонууга, мисалы, сайттын ишине кийлигишүүгө жана «Колдонуу шарттарында» көрсөтүлгөн жолдордон башка жолдор менен анын маалымат базасына же функцияларына кирүүгө болбойт.

  • Бул сайтты мыйзамды бузуу, башкалардын укугун тебелөө, алдамчылык кылуу же зыян келтирүү максатында ага зыянын тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон жолдор менен колдонууга, ага кирүүгө тоскоолдук кылууга, анын иштешин бузууга болбойт. Ошондой эле сайтты мыйзамсыз, укукту бузган, алдамчылыкка жаткан, зыян алып келген жол менен колдонууга болбойт.

  • Бул сайтты же андагы сүрөттөрдү, электрондук адабияттарды, соода маркаларын, музыканы, тексттерди, тасмаларды соода-сатык жүргүзүү максатында (маркетинг) колдонууга болбойт.

  •   Бул веб-сайт Coogle Maps кызматтарын колдонот. Бул биз көзөмөлдөбөгөн үчүнчү жакка тиешелүү кызмат болуп саналат. Бул сайттан Coogle Maps кызматын колдонсоңор, учурдагы Google Maps/Google Earth кызматтарынын Кошумча колдонуу шарттарын. аткарууга милдеттүү болосуңар. Бизге ал кызматтын Колдонуу шарттарына байланыштуу жаңыртылган маалымат жиберилбейт. Ошондуктан Coogle Maps кызматтарын колдонордон мурун Колдонуу шарттарын карап чыгышыңарды өтүнөбүз. Колдонуу шарттарына макул болбой туруп Coogle Maps кызматтарын колдонбогула. Эч бир колдонуучунун маалыматы Coogle Maps кызматтары аркылуу бул сайтка кайтарылбайт.

Доктурлар үчүн маалымат

Бул сайттагы медициналык бөлүккө коюлган материалдар («Доктурлар үчүн маалымат») маалымат берүү максатында гана коюлган. Бул бөлүк медициналык консультация берүү, ооруну аныктоо же дарылоо үчүн чыгарылган эмес. Ошондой эле медициналык тигил же бул ыкмаларды тандоону, доктурларды, дары-дармектерди, дарылоонун ыкмаларын, кимдир бирөөлөрдүн көз карашын сунуштабайт жана колдобойт.

Эгер ден соолугуңарга же дарыланууга байланыштуу кандайдыр бир суроолоруңар болсо, доктурга же медицина тармагында билими бар адистерге кайрылгыла.

 «Доктурлар үчүн маалымат» деген бөлүккө так жана медицинадагы акыркы жетишкендиктерге шайкеш келген маалыматты коюуга аракет кылабыз. Ошол эле учурда бул бөлүккө маалымат КАНДАЙ БОЛСО, ОШОЛ БОЙДОН коюлат. Андагы маалыматка эч кандай кепилдик берилбейт. Бул сайт «Доктурлар үчүн маалымат» деген бөлүккө (айта кетчү нерсе, бул бөлүк менен эле чектелбейт) түзмө-түз да, кыйыр да кепилдик бербейт. Бул өз ичине кайсы бир максат үчүн колдонууга же соода-сатык кылууга жарактуулугуна да тиешелүү. Бул сайт «Доктурлар үчүн маалымат» деген бөлүктөгү маалыматтын ишенүүгө татыктуулугуна, тактыгына, заманга ылайык келер-келбесине, пайдалуулугуна, толуктугуна байланыштуу эч кандай кепилдик бербейт. Ошондой эле «Доктурлар үчүн маалымат» деген бөлүктөгү маалыматтын каталары үчүн же жетишпеген жактары үчүн жооптуу эмес. «Доктурлар үчүн маалымат» деген бөлүктөгү маалыматка ишеним артууну чечсеңер, бардык кесепеттерди өзүңөр тартарыңарды моюнга алышыңар керек. Эгер кимдир бирөө «Доктурлар үчүн маалымат» деген бөлүктөгү маалыматты колдонуунун аркасында зыян тартып калса (бул өз ичине түз же кыйыр зыянды, мисалы, жаракат алууну, мыйзамсыз иштердин кесепетине өмүрдөн айрылууну, кирешеден кур калууну, маалыматты жоготуп алгандын же иштин токтоп калганынын айынан зыян тартууну камтыйт), бул сайт буга эч кандай жоопту болбойт. Мындан тышкары, кимдир бирөө «Доктурлар үчүн маалымат» деген бөлүктөгү маалыматты колдонуудан же колдоно албай калгандан улам кандайдыр бир нааразычылык билдирсе, анын нааразычылыгы кепилдикке, келишимге, жарандык укук бузууга же укуктук теорияга негизделеби, жокпу, зыян тартып калышы мүмкүн экени эскертилгенби, жокпу, бул веб-сайт андай нааразычылыктарга жооптуу эмес.

Кепилдик берүүдөн баш тартуу жана жоопкерчиликтин чеги

Бул сайт жана андагы маалымат, кызматтар Күзөт мунарасы коому тарабынан «кандай болсо, ошол бойдон» берилет. Күзөт мунарасы коому эч кандай түз же кыйыр кепилдик бербейт.

 Күзөт мунарасы бул сайтта вирус же зыян алып келе турган нерселер жок экенине да кепилдик бербейт. Кимдир бирөө бул сайттагы кызматты, маалыматты, материалды же дагы башка нерселерди колдонуунун аркасында кандайдыр бир зыян тартса (түз же кыйыр, кокустуктан улам зыян тарса же айып пул салынып же кирешеден кол жууп калган жагдайларда), бул үчүн Күзөт мунарасы коому жооп бербейт.

«Колдонуу шарттарынын» бузулушу

 Эгер силер ушул «Колдонуу шарттарын» кандайдыр бир жол менен бузсаңар (Күзөт мунарасы коомунун ушул «Колдонуу шарттарында» айтылган жана башка укуктарына зыян келтирбесеңер да), Күзөт мунарасы коому тартип бузууга байланыштуу тийиштүү иш-аракет кылууну туура көрүшү мүмкүн. Коом сиздин бул сайтка киришиңизди токтотушу мүмкүн же ага кирүүгө тыюу салышы мүмкүн. Ошондой эле силердин IP дарегиңерди колдонгон компьютерлерге бул сайтка кирүүгө тосмо коюшу же силердин Интернет провайдериңерге кайрылып, бул сайтка жолду жаап салышын суранышы ыктымал. Же силерге каршы юридикалык чараларды колдонушу мүмкүн.

Өзгөртүүлөрдүн киргизилиши

 Күзөт мунарасы коому бул «Колдонуу шарттарын» өзү каалаган маалда кайра карап чыга алат. Бул сайтты колдонууга байланыштуу «Колдонуу шарттарындагы» өзгөрүүлөр сайтка чыккандан тартып күчүнө кирет. Акыркы өзгөрүүлөр тууралуу кабардар болуш үчүн ушул веб-баракка кирип турушуңарды суранабыз.

Укукту колдонуу жана юрисдикция

 Бул «Колдонуу шарттары» коллизиялык укук жоболору эске алынбастан, Нью-Йорк штатынын (АКШ) мыйзамдары менен жөнгө салынып, чечмеленүүгө тийиш. Бул «Колдонуу шарттарына» байланыштуу кандай доо болбосун, Нью-Йорк штатында юрисдикцияга ээ болгон штаттык же федералдык сотторго кайрылууга болот.

Бөлүнүшү

 Бул «Колдонуу шарттарындагы» кайсы бир жобо соттун чечими менен жараксыз, юридикалык күчкө ээ эмес же мыйзамсыз деп табылса, башка жоболор күчүндө кала берет. Күзөт мунарасы коомунун «Колдонуу шарттарындагы» кайсы бир жобонун аткарылышын камсыз кылбаганы анын ошол жободон баш тартып жатканын же анын аткарылышын башкалардан талап кылуудан баш тартып жатканын билдирбейт. Муну ушундай деп чечмелөөгө да болбойт.

Макулдашуулардын бардыгы

Бул «Колдонуу шарттары» бул сайтты колдонушуңузга байланыштуу Күзөт мунарасы коому менен сиздин ортоңуздагы бардык макулдашууларды камтыйт жана сиздин сайтыбызды колдонууга байланыштуу мурунку макулдашууларыңыздын баарын алмаштырат.