Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Программаны окуганга ыңгайлуу кылып жөндөө (Android)

Программаны окуганга ыңгайлуу кылып жөндөө (Android)

JW Library программасында адабияттарды окуунун ыңгайлуу болушуна шарт түзгөн көптөгөн функциялар бар. Ал функциялар кайсы бир адабияттын бөлүмүн же макаласын окуп жатканда экрандын үстү жагында жайгашкан болот.

Дагы башка кандай функциялар бар экенин көрүш үчүн экрандын үстү жагындагы Көбүрөөк деген терезенин белгисин басышыңыз керек.

Төмөндө окуу ыңгайлуу болушу үчүн программаны жөндөөгө байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Тилди өзгөртүү

Кайсы бир адабияттын бөлүмүн же макаласын окуп жатып эле анын тилин өзгөртүп койсо болот.

  • Тилдер белгисин бассаңыз, окуп жаткан маалымат дагы кайсы тилдерде бар экени көрсөтүлгөн тизме чыгат. Сиз көп колдонгон тилдер тизменин баш жагында жайгашкан болот. «Күзөт мунарасынын» жөнөкөйлөтүлгөн чыгарылышы да ошол жерде жайгашат. Ал эми Тил издөө деген талаачага кайсы бир тилди жазып издесеңиз болот. Ошондой эле Тил издөө деген талаачага кайсы бир тилди жазып издесеңиз болот.

  • Жүктөп алына элек тилдин жанында булут белгиси болот. Ал тилди басып, адабиятты жүктөп алыңыз. Адабиятты жүктөп алгандан кийин булут белгиси чыкпай калат. Анан тилди басып, керектүү адабиятты окуй аласыз.

 Ариптин чоңдугун өзгөртүү

Арипти өзүңүзгө ылайыкташтырып чоңойтуп же кичирейтип алсаңыз болот.

Ал үчүн Арипти чоңойтуп-кичирейтүү дегенге кирип, ал жердеги тегерекчени оңго же солго жылдырып, ариптин чоңдугун жөндөп алсаңыз болот. Жөндөгөнүңүзгө ылайык программадагы бардык адабияттардын ариби өзгөрөт.

 Сүрөт же текст катары көрүү

Айрым адабияттардагы маалыматты сүрөт катары же текст катары көрүүгө болот. Аны сүрөт катары көрүш үчүн сүрөт катары көрүү дегенди, ал эми текст катары көрүш үчүн текст катары көрүү дегенди басыңыз.

  • Сүрөт катары көрүү. Бул функция текстти кагазга басылып чыккандагыдай кылып көрсөтөт. Айрымдарга, мисалы, ыр китеп сыяктуу адабияттарды ноталары менен кошо сүрөт катары көрүү ыңгайлуу.

  • Текст катары көрүү. Бул функция тексттеги аяттарды шилтеме катары көрсөтөт жана аяттарды басканда алар сиз тандап алган арипте көрсөтүлөт.

 Дегенден ачуу

Бул функция JW Library программасындагы маалыматты башка программадан ачууга шарт түзөт.

Кайсы программадан ачса болорун көрүш үчүн Дегенден ачуу дегенди басуу керек. Мисалы, окуп жаткан адабияттын бетин «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасынан» ачыш үчүн Онлайн китепканадан ачуу дегенди тандоо керек.

 Ыйык Китептен издөө

Кайсы бир адабиятты окуп жатып келтирилген аяттарды басканда, алар оң жактагы терезеге чыгат. Аяттардын төмөн жагындагы Жөндөө дегенди басып, ал тизмеге кошкуңар келген котормону жүктөп алсаңар болот.

Кошуу же Алып салуу деген белгилерди басып, Ыйык Китептин кайсы бир котормосун кошуп алсаңыз же алып салсаңыз болот. Тизмедеги Ыйык Китептердин үстүн басып туруп, каалагандай тартипте жайгаштырып алсаңыз болот.

JW Library программасына Ыйык Китептин башка котормолорун кантип кошсо болорун билиш үчүн «Ыйык Китептерди жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Android)» деген макаланы караңыз.

Бул функциялар Android 2.3 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2015-жылдын февраль айында чыккан JW Library программасынын 1.4 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (Android)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.