Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп үй-бүлөмдүн бактылуу болушуна жардам береби?

Ыйык Китеп үй-бүлөмдүн бактылуу болушуна жардам береби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба, жардам берет. Миллиондогон үй-бүлөлөрдүн бактылуу жашашына түздөн-түз таасир эткен Ыйык Китептеги кеңештердин айрымдарына көңүл бурсаңар:

  1.   Никеңерди мыйзамдуу түрдө каттаткыла. Мыйзамдуу түрдө катталган, өмүр бою күчүн жоготпогон нике келишими үй-бүлөлүк бакыттын пайдубалы болуп эсептелет (Матай 19:4—6).

  2.   Бири-бириңерди сүйүп, урматтагыла. Жубайыңардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да ага ошондой мамиле кылгыла (Матай 7:12; Эфестиктер 5:25, 33).

  3.   Орой сөздөрдөн качкыла. Жубайыңар жүрөктү ооруткан кандайдыр бир сөз айтса да же ошондой иш кылса да, жылуу-жумшак сүйлөгөнгө аракет кылгыла (Эфестиктер 4:31, 32). Ыйык Китепте Накыл сөздөр 15:1де: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт»,— деп айтылган.

  4.   Бири-бириңерге берилгендигиңерди сактагыла. Махабат сезимиңер жубайыңарга гана арналышы керек (Матай 5:28). Ыйык Китепте буга карата: «Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын»,— деп жазылган (Еврейлер 13:4).

  5.   Балдарыңарды туура тарбиялагыла. Өтө жумшак да, өтө катаал да болбогула (Накыл сөздөр 29:15; Колосалыктар 3:21).