Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте боёнууга жана жасалгаларды тагынууга байланыштуу эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте боёнууга жана жасалгаларды тагынууга байланыштуу эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте боёнууга, жасалгаларды тагынууга жана башка ушу сыяктуу нерселерге байланыштуу майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Ошол эле учурда мындай кылуу туура эмес деп да жазылган эмес. Бирок Ыйык Китеп сырткы сулуулукка өтө көп маани берүүгө эмес, «чирибес жасалга» болуп эсептелген «токтоолук жана жумшактык» сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө үндөйт (1 Петир 3:3, 4).

Жасалгаларды тагынуу туура эмес деп айтылбайт

  •   Байыркы учурда Кудайдан корккон аялдар да жасалгаларды тагынышкан. Ыскак пайгамбардын болочоктогу колуктусу Ребека да кайын атасы Ыбрайым пайгамбар берип жиберген мурунга тага турган алтын шакекти, алтын билериктерди жана башка кымбат зер буюмдарын тагынган (Башталыш 24:22, 30, 53). Андан сырткары, Эстерди Персия империясынын падышасына турмушка чыгууга даярдап атышканда «денесин май менен майлашкан» (Эстер 2:7, 9, 12). Бул өз ичине, сыягы, боёнтууну, жасантууну да камтыган («New International Version; Easy-to-Read Version»).

  •   Ыйык Китепте жакшы нерселер жөнүндө айтылганда да жасалгалар мисал катары колдонулган. Мисалы, жакшы кеңеш берген адам «кулакка» тагылган «алтын сөйкөгө» салыштырылган (Накыл сөздөр 25:12). Ошо сыяктуу эле, Кудай өзүнүн ысрайыл элине кылган мамилесин күйөөнүн колуктусуна билериктерди, мончок, сөйкө тагып жасантканына салыштырган. Каймана маанидеги мындай жасалгалар ысрайыл элин «чүрөккө айланткан» (Жезекиел 16:11—13).

Боёнууга, жасалгаларды тагынууга байланыштуу жаңылыш түшүнүк.

 Жаңылыш түшүнүк. 1 Петир 3:3тө чачты жасалгалоо, «алтын жасалгаларды» тагынуу туура эмес деп айтылат.

 Чындык. Бул аяттын контекстинен сырткы сулуулукка караганда жан дүйнө сулуулугу абдан маанилүү экени баса белгиленгенин билүүгө болот (1 Петир 3:3—6). Мындай салыштыруу Ыйык Китептин башка аяттарында да кездешет (1 Шемуел 16:7; Накыл сөздөр 11:22; 31:30; 1 Тиметей 2:9, 10).

 Жаңылыш түшүнүк. Изабел аттуу каардуу канышанын «көзүн кара кылып боёп» алганы боёнуп-жасануунун туура эмес экенин көрсөтүп турат (2 Падышалар 9:30).

 Чындык. Изабел каныша боёнуп-жасанганы үчүн эмес, жаман иштерди кылганы үчүн өлтүрүлгөн (2 Падышалар 9:7, 22, 36, 37).