Мазмунун көрсөтүү

Жахаба деген ким?

Жахаба деген ким?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Жахабанын бардыгын жараткан чыныгы Кудай экени айтылат (Аян 4:11). Ыбрайым, Муса, Иса пайгамбарлар Жахабага сыйынышкан (Башталыш 24:27; Чыгуу 15:1, 2; Жакан 20:17). Ал — бир эле элдин эмес, «жер жүзүндөгү» бүт элдердин Кудайы (Забур 47:2).

 Ыйык Китептен билгенибиздей, «Жахаба» — Кудайдын өзгөчө ысымы (Чыгуу 3:15; Забур 83:18). Ал «болуу» дегенди билдирген еврей тилиндеги этиштен келип чыккан. Окумуштуулардын айрымдары ал ысым «болтурат» деген маанини туюнтарын айтышат. Бул анын баарын жараткан жана өзүнүн ой-ниетин ишке ашырган Кудай катары аткарган ролуна абдан ылайык келет (Ышая 55:10, 11). Ыйык Китептен Жахабанын кандай Кудай экенин, өзгөчө, анын эң негизги сүйүү сапаты жөнүндө да биле алабыз (Чыгуу 34:5—7; Лука 6:35; 1 Жакан 4:8).

 Кудайдын ысмы тетраграмматон деп белгилүү болгон יהוה (ЖХВХ) деген төрт үнсүз еврей тамгасы менен берилген. Байыркы учурда Кудайдын ысмы так кантип айтылганы белгисиз. Бирок «Жахаба» деген ысым көптөгөн котормолордо колдонулуп келген. Мисалы, Кудайдын ысмы биринчи жолу 1530-жылы Уильям Тиндалдын котормосунда кездешкен a.

Кудайдын ысмынын байыркы еврей тилинде кантип айтылганы эмне үчүн белгисиз?

 Байыркы еврейлер сөздөрдү үндүү тамгаларды кошпой, жалаң үнсүз тамгалар менен жазышчу. Еврей тилинде сүйлөгөн киши тийиштүү жерге тийиштүү үндүү тамгаларды коюп, оңой эле окуй алчу. Бирок Еврей Жазмалары («Байыркы Келишим») жазылып бүткөндөн кийин еврейлердин айрымдары ырым-жырымга негизделген көз карашка карманып, Кудайдын ысмын атоо туура эмес деген ойдо болушкан. Алар Кудайдын ысмы камтылган аятты үн чыгарып окуп жатканда «Теңир» же «Кудай» деп окуп кетишчү. Бир канча кылымдан кийин мындай көз караш кеңири жайылып, акырында Кудайдын ысмынын так айтылышы унутулуп калган b.

 Айрымдар Кудайдын ысмы «Яхве» деп айтылган десе, кээ бирөөлөрү башкача айтылган деп эсептешет. Лебилер китебинин үзүндүсү камтылган, Жансыз деңиздин жанынан табылган түрмөктө ал ысым «Иао» деп транслитерацияланган. Байыркы грек жазуучулары «Иаэ», «Иабэ», «Иаоуэ» деп да жазышкан, бирок Кудайдын ысмынын байыркы еврей тилинде так ушинтип айтылганын эч ким далилдей албайт c.

Кудайдын Ыйык Китептеги ысмына байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Кээ бир котормолорго «Жахаба» деген ысымды кошуп коюшкан.

 Чындык: Ыйык Китептин түп нускасында тетраграмматон (төрт үнсүз еврей тамгасы) түрүндө берилген Кудайдын ысмы 7 000дей жолу кездешет d. Көптөгөн котормолордо Кудайдын ысмын алып салып, ордуна «Теңир» деген сыяктуу наамдарды коюп коюшкан.

 Жаңылыш ой: Кудуреттүү Кудай өзгөчө ысым менен аталууга муктаж эмес.

 Чындык: Кудай пайгамбарларга анын ысмын Ыйык Китептин миңдеген жерлерине жазышын жетектеген жана ага сыйынгандардын анын ысмын колдонушу керектигин айткан (Ышая 42:8; Жоел 2:32; Малаки 3:16; Римдиктер 10:13). Жахаба элге анын ысмын унуттурууга аракет кылган жалган пайгамбарларды айыптаган (Жеремия 23:27).

 Жаңылыш ой: Еврейлердин салтына ылайык, Кудайдын ысмы Ыйык Китептен алынып салынышы керек.

 Чындык: Айрым еврей көчүрмөчүлөрү Кудайдын ысымын айтуудан баш тартышканы чын, анткен менен Ыйык Китепти көчүрүп жатканда ал ысымды алып салышкан эмес. Бирок Кудай адамдар чыгарган салттарга карманып, анын осуятын бузушубузду каалабайт (Матай 15:1—3).

 Жаңылыш ой: Кудайдын ысмынын так айтылышы белгисиз болгондуктан аны колдонбош керек.

 Чындык: Эгер ошондой болсо, Кудай ар кайсы тилде сүйлөгөн адамдардан анын ысмынын так айтылышын талап кылат дегендей болуп калмак. Бирок Ыйык Китептен Кудайдын байыркы учурдагы кызматчыларынын айрым кишилердин атын ар кандай айтканын билүүгө болот.

 Ысрайыл элинин бийи Жашыяны мисалга алсак. Иса Машаяктын 1-кылымдагы еврей тилинде сүйлөгөн жолдоочулары анын ысмын «Иехошуа» дешсе, грек тилинде сүйлөгөн жолдоочулары «Иесоус» деп аташса керек. Ыйык Китепте еврей элинен болгон Жашыянын атынын грекче жазылганы Иса Машаяктын жолдоочуларынын аттарды өз тилине ылайыкташтырып айтышканын көрсөтүп турат (Элчилер 7:45; Еврейлер 4:8).

 Кудайдын ысмынын которулушу тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал ысымдын так айтылышын аныктоо эмес, анын Ыйык Китептин тийиштүү жерлерине жазылганы маанилүү.

a Тиндаль Ыйык Китептин алгачкы беш китебин которгондо Кудайдын ысмынын «Иехоуа» деген формасын колдонгон. Убакыттын өтүшү менен тил өзгөрүп, ал ысым башкача айтылып калган. Мисалы, 1612-жылы Генри Эйнсуорт Забур китебин которгондо Кудайдын ысмын «Иехова» деп жазган. Ал 1639-жылы котормосун кайра иштеп чыкканда «Жехова» деп колдонгон. 1901-жылы жарык көргөн «Американын жакшыртылган котормосунда» да Кудайдын ысмынын еврей тилиндеги формасы, «Жехова» деген формасы, жазылган.

b «Жаңы католик энциклопедиясынын» экинчи басылышынын 4-томунун 883, 884-беттеринде мындай делет: «Сүргүндөн кийин „Яхве“ деген ысымга өзгөчө кастарлоо менен мамиле кылынып, анын ордуна АДОНАЙ же ЭЛОХИМ деген наамдар колдонула баштаган».

d Карагыла: «Theological Lexicon of the Old Testament», 2-том, 523, 524-бет.