Мазмунун көрсөтүү

Иса пайгамбар качан төрөлгөн?

Иса пайгамбар качан төрөлгөн?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Иса Машаяктын туулган күнү тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Муну далилдеген айрым эмгектерден алынган цитаталарга көңүл бурсаңар:

  •   «Машаяктын кайсы күнү төрөлгөнү белгисиз» («New Catholic Encyclopedia»).

  •   «Машаяктын туулган күнү эч бир жерде так айтылган эмес» («Encyclopedia of Early Christianity»).

 Ыйык Китепте Иса пайгамбардын туулган күнү так айтылбаганы менен, анын 25-декабрда да, 7-январда да төрөлбөгөнүн тастыктаган эки далил бар.

Иса пайгамбар кышында төрөлгөн эмес

  1.   Эл каттоо. Иса пайгамбар төрөлөр алдында Римдин башкаруучусу Цезарь Август «бүт элди каттоодон өткөрүү» жөнүндө буйрук чыгарган. Ал буйрукка ылайык, ар бир киши «өз шаарына» барышы керек болчу. Өзүнүн жерине барып каттоодон өтүш үчүн Иса пайгамбардын ата-энесине бир жума же андан ашык убакыт жол жүрүүгө туура келген (Лука 2:1—3). Салык чогултууну жана аскердик кызматка чакырууну жеңилдетүү максатында чыгарылган андай буйрукка баш ийүү жылдын кайсы мезгилинде болбосун эл үчүн жагымдуу болбогону айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан Цезарь Августтун ансыз деле нааразы болуп турган элдин көбүн кычыраган кышта узак жол жүрүүгө мажбурлап, козголоң чыгарууга түртө тургандай буйрук бериши күмөн.

  2.   Койчулар. Ыйык Китепке ылайык, Иса пайгамбар төрөлгөн күнү «ошол аймакта талаада жашап, түнкүсүн малын күзөткөн койчулар бар эле» (Лука 2:8). «Исанын убагындагы күндөлүк турмуш» деген бир китепте койчулар койлору менен «Пасах майрамына бир жума калган убакыттан тартып [марттын аягы]» ноябрь айынын орто ченине чейин ачык талаада түнөгөнү айтылат. Ошондой эле ал китепте: «Кышында малды кашарда кармашчу; ушунун өзү эле, көптөр ойлогондой, Исаны кышында төрөлгөн деп эсептөө туура эмес экенин далилдеп турат. Анткени Инжилде койчулардын ошол маалда талаада жүргөнү айтылат»,— деп жазылган («Daily Life in the Time of Jesus»).

Иса пайгамбар күзүндө төрөлгөн

 Иса пайгамбардын качан төрөлгөнүн билиш үчүн анын өлгөн күнүнөн — биздин замандын 33-жылынын жаз мезгилинин 14-нисанынан, ысрайылдыктар Пасах майрамын белгилеген күндөн — артты көздөй эсептөө керек (Жакан 19:14—16). Үч жарым жылга созулган кызматын баштаганда Иса пайгамбар 30 жаштарда болчу. Демек, ал биздин заманга чейин 2-жылы эрте күздө төрөлгөн (Лука 3:23).

Эмне үчүн Иса пайгамбардын туулган күнүн 25-декабрда белгилешет?

 Эгер Иса пайгамбар 25-декабрда төрөлбөсө, анда эмне себептен көптөр анын туулган күнүн ошол күнү белгилешет? «Чоң Совет энциклопедиясында»: «4-кылымдын орто ченинен тартып христиан чиркөөсү Митра кудайына сыйынууну жоюу максатында ошол „жеңилгис күн кудайынын туулган күнүнүн“ урматына өткөрүлгөн майрамды (25-декабрда өткөрүлчү) анча-мынча өзгөртүп, Иса Машаяктын туулган күнүн белгилөө майрамына алмаштырып койгон»,— деп айтылат. Ал эми «Америка энциклопедиясында» көптөгөн окумуштуулардын чиркөө жетекчилеринин муну «христианчылыкты кабыл алган бутпарастарга ылайыкташтырып» кылышкан деп эсептей турганы айтылган.