Мазмунун көрсөтүү

Чыныгы динди кантип тапса болот?

Чыныгы динди кантип тапса болот?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте чыныгы динди туткандар менен жалган динди туткандарды кантип айырмаласа болоруна байланыштуу мындай делет: «Аларды иштеринен билесиңер. Тикенектен жүзүм, коко тикенден анжир жыйнамак беле?» (Матай 7:16). Жүзүм сабагы тикенектен жемиш бергени менен айырмаланат. Ошол сыяктуу эле, чыныгы динди да жемишинен, тагыраак айтканда, ага мүнөздүү белгилеринен аныктоого болот.

  1.   Чыныгы дин философияны эмес, Ыйык Китептеги чындыкты окутат (Жакан 4:24; 17:17). Ал чындык өз ичине жан жана жер бетиндеги бейиште боло турган түбөлүк өмүр жөнүндөгү окууларды камтыйт (Забур 37:29; Ышая 35:5, 6; Жезекиел 18:4). Чыныгы динди туткандар диний жалган окуулардын бетин ачкандан коркпойт (Матай 15:9; 23:27, 28).

  2.   Чыныгы дин адамдарга Кудайды таанып-билүүгө, анын ичинде Кудайдын ысмын билүүгө жардам берет (Забур 83:18; Ышая 42:8; Жакан 17:3, 6). Андай дин Кудай кол жеткис же бизден аябай алыс деп эмес, ал адам баласы менен ынак мамиле өрчүткүсү келет деп окутат (Жакып 4:8).

  3.   Чыныгы динде Кудайдын адамдарды Иса Машаяк аркылуу гана куткарары баса белгиленет (Элчилер 4:10, 12). Ал динди туткандар Исанын буйруктарына баш ийип, андан үлгү алганга аракет кылышат (Жакан 13:15; 15:14).

  4.   Чыныгы дин адамзаттын бардык көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечип берет деп окутат. Ал динди туткандар ошол Падышалык тууралуу башкаларга ынтызарлык менен кабарлашат (Матай 10:7; 24:14).

  5.   Чыныгы дин башкаларга чын жүрөктөн сүйүү көрсөтүүгө үндөйт (Жакан 13:35). Ал адамдарды расасына, улутуна, маданиятына, тилине жана тек-жайына карабай урматтап-сыйлоого окутат (Элчилер 10:34, 35). Чыныгы динди туткандар адамдарды сүйгөндүктөн согушка катышышпайт (Микей 4:3; 1 Жакан 3:11, 12).

  6.   Чыныгы динде кызматына акы алган дин кызматчылар болбойт жана ал динди туткандардын арасында жогорку абалды ээлеген, өзгөчө диний наамдарга ээ болгон адамдар жок (Матай 23:8—12; 1 Петир 5:2, 3).

  7.   Чыныгы динди туткандар саясий иштерде бейтараптуулук сактайт (Жакан 17:16; 18:36). Бирок алар Ыйык Китептеги: «Падышага тиешелүүнү падышага [бийлик өкүлдөрүнө], Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген буйрукка ылайык, өздөрү жашаган өлкөнүн өкмөтүн сыйлашат жана ага баш ийишет (Марк 12:17; Римдиктер 13:1, 2).

  8.   Чыныгы динди тутуу адамдын өмүр жолу болушу керек. Ал жөн эле бир каада-салттарга карманууну билдирбейт. Чыныгы динди туткандар жашоонун бардык тармагында Ыйык Китептеги бийик адеп-ахлак нормаларына карманышат (Эфестиктер 5:3—5; 1 Жакан 3:18). Алар көңүлү чөгүп, кайгырып жүрүшпөйт, тескерисинче, «бактылуу Кудайга» сыйынгандыктан дайыма кубанып жүрүшөт (1 Тиметей 1:11).

  9.   Чыныгы динди туткандар аябай эле аз болот (Матай 7:13, 14). Алар Кудайдын эркин аткаргандыгы үчүн басынтылат, шылдыңга алынат жана куугунтукталат (Матай 5:10—12).

Чыныгы динди бизге жакканы боюнча аныкташыбыз керекпи?

 Кайсы бир динди жакканы үчүн эле тандоо коркунучтуу. Ыйык Китепте адамдар «өздөрү уккусу келген нерселерди сүйлөгөн окутуучуларды тандай турган убак келери» алдын ала айтылган (2 Тиметей 4:3). Бирок Ыйык Китеп бизди «Кудайыбыздын, Атабыздын, көз алдындагы арам деп эсептелбеген таза сыйынууну» тандоого чакырат. Ал дин анча белгилүү болбосо да, биз ошол динди тутушубуз керек (Жакып 1:27; Жакан 15:18, 19).