Мазмунун көрсөтүү

Ондук деген эмне?

Ондук деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Байыркы ысрайылдыктардан чыныгы сыйынууну колдош үчүн ондук a, жылдык кирешесинин ондон бир бөлүгүн, берүү талап кылынган. Кудай аларга: «Сепкен үрөнүңдөн алган түшүмүңдүн, жыл сайын жыйнаган түшүмүңдүн, ондон бир бөлүгүн бер»,— деп буйрук берген (Мыйзам 14:22).

 Ондук берүү тууралуу Муса пайгамбар аркылуу байыркы ысрайыл элине берилген Мыйзам жыйнагында айтылган. Бирок Иса Машаяктын чыныгы жолдоочулары ал Мыйзамга карманбайт. Андыктан ондук төлөөгө милдеттүү эмес (Колосалыктар 2:13, 14). Анын ар бир жолдоочусу «кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша» акчалай тартуу кыла алат. «Анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт» (2 Корунттуктар 9:7).

 Ондук тууралуу «Байыркы Келишимде» эмне делет?

 Ондук тууралуу Ыйык Китептин «Байыркы Келишим» деп белгилүү болгон бөлүгүндө көп айтылат. Алардын көпчүлүгү Муса пайгамбар аркылуу ысрайыл элине Мыйзам берилгенден кийинки мезгил жөнүндөгү билдирүүлөрдө кездешет. Ал эми Мыйзам берилгенге чейинки убак жөнүндөгү билдирүүлөрдө эки эле жолу сөз кылынат.

Мыйзам берилгенге чейин

 Ыйык Китепте ондук берген биринчи инсан Ыбрам (Ыбрайым) пайгамбар болгону айтылат (Башталыш 14:18—20; Еврейлер 7:4). Анын ондугу Салимдин падышасы жана дин кызматчысы болгон кишиге бир эле жолу берилген тартуу болгон көрүнөт. Себеби Ыйык Китепте Ыбрайымдын же анын балдарынын андан кийин дагы бир жолу ондук бергени тууралуу эч нерсе айтылбайт.

 Ыйык Китепте айтылган ондук берген экинчи инсан Ыбрайым пайгамбардын небереси Жакып болгон. Ал эгер Кудай ага батасын бере турган болсо, ага андан алган «ар бир нерсенин ондон бир бөлүгүн берерин» убадалаган (Башталыш 28:20—22). Ыйык Китепти изилдеген айрым окумуштуулардын айтымында, Жакып ондукту, сыягы, малдан курмандык чалып төлөгөн. Жакып ондук төлөөгө сөз берсе да, үй-бүлөсүн ондук төлөөгө милдеттендирген эмес.

Мыйзам берилген убакта

 Байыркы ысрайылдыктар Кудайга сыйынууга байланышкан иштерди колдош үчүн ондук бериши керек болчу.

  •   Ондук лебилер менен дин кызматчыларды — Кудайга бүт убактысын арнаган кызматчыларды — камсыз кылууга жумшалган. Анткени аларга иштеткенге жер берилген эмес (Сандар 18:20, 21). Дин кызматчы болбогон лебилер элден алган ондуктун эң жакшысынын «ондон бир бөлүгүн» дин кызматчыларга беришчү (Сандар 18:26—29).

  •   Калыбы, жыл сайын берилчү ондуктун экинчи түрү да болгон. Ал лебилерге да, Леби тукумунан болбогондорго да пайдасын тийгизген (Мыйзам 14:22, 23). Ысрайылдагы үй-бүлөлөр бул чараны майрамдар учурунда колдонушчу. Ондуктун андай түрү белгилүү бир жылдары жакырларды колдоого сарптала турган (Мыйзам 14:28, 29; 26:12).

 Ондук кантип эсептелчү? Ысрайылдыктар жыл сайын жеринен алган түшүмүнүн ондон бир бөлүгүн өзүнчө бөлүп коюшчу (Лебилер 27:30). Эгер алар ондукту түшүм менен эмес, акчалай бергиси келсе, ондуктун баасынын үстүнө анын баасынын 20 пайызын кошуп беришчү (Лебилер 27:31). Ошондой эле ысрайылдыктарга «ар бир онунчу» бодо малды жана майда малды тартуу кылуу буйрук кылынган (Лебилер 27:32).

 Алар малды ондук катары бериш үчүн таягынын астынан өткөн ар бир онунчу малды тандашчу. Бирок Мыйзамда тандалган малды текшерүүгө, башкасына алмаштырууга же анын ордуна акча берүүгө тыюу салынган (Лебилер 27:32, 33). Ал эми жыл сайын белгиленчү майрамдар үчүн бөлүнгөн ондуктун экинчи түрүн акчага алмаштырууга уруксат берилген. Бул андай майрамга барыш үчүн узак жол жүрүүгө туура келген ысрайылдыктарга ыңгайлуу болгон (Мыйзам 14:25, 26).

 Ондук качан берилчү? Ысрайылдыктар ондукту жыл сайын беришчү (Мыйзам 14:22). Бирок ар бир жетинчи жылы ондук берүү талап кылынчу эмес. Ал жыл Ишемби жылы же эс алуу жылы болчу. Бир да ысрайылдык жерин иштетчү эмес (Лебилер 25:4, 5). Ушундай өзгөчө жагдай эске алынгандыктан түшүм жыйноо маалында ондук чогултулбай турган. Жети жылдык Ишемби жылдын ар бир үчүнчү, алтынчы жылынын аягында ысрайылдыктар ондуктун экинчи түрүн жакырлар жана лебилер менен бөлүшчү (Мыйзам 14:28, 29).

 Ондук бербегендер жазага тартылчу беле? Муса аркылуу берилген Мыйзамда ондук бербегендер жазага тартылышы керектиги айтылган эмес. Ондукту ар бир киши туура деп эсептегендиктен берчү. Ысрайылдыктар Кудайдын алдында ондук алып келгенин айтып, андан ондук бергени үчүн бата беришин сурашчу (Мыйзам 26:12—15). Кудайдын көз карашы боюнча, ондук берүүдөн баш тартуу ага таандык нерсени уурдагандыкка жаткан (Малаки 3:8, 9).

 Ондук берүү оордук келтиргенби? Жок. Кудай өз элине, эгер алар ондук берсе, батасын төгөрүн, алардын эч нерседен кем болбой турганын убада кылган (Малаки 3:10). Ысрайыл эли ондук алып келбей койгондо өздөрү эле азап тартышкан. Алсак, Кудайдын батасынан айрылышкан. Ошондой эле алар ондук алып келбегендиктен, дин кызматчылар менен лебилерге жан багыш үчүн иштегенге туура келген. Ошол себептен алар ысрайылдыктарга Кудайга сыйынууга байланышкан иштерди аткарууга жардам бере албай калышкан (Некемия 13:10; Малаки 3:7).

 Ондук тууралуу «Жаңы Келишимде» эмне делет?

 Иса Машаяк жерде жүргөн кезде Кудайдын кызматчыларынан дагы деле ондук берүү талап кылынган. Бирок Иса өлгөндөн кийин, ондук берүүгө байланыштуу мыйзам жокко чыгарылган.

Иса Машаяк жерде жүргөн учурда

 Ыйык Китептин «Жаңы Келишим» деп белгилүү болгон бөлүгүндө Исанын күндөрүндөгү ысрайылдыктардын дагы деле ондук төлөшкөнү жазылган. Иса алардын ондук берүүгө милдеттүү болгонун жакшы билген. Бирок ал диний жетекчилерди ондукту берүү жөнүндөгү мыйзамды кылдат аткарганы менен, «Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка, ишенимдүүлүккө маани бербегени» үчүн айыптаган (Матай 23:23).

Иса Машаяк өлгөндөн кийин

 Иса Машаяк өлгөндөн кийин, ондук берүү талап кылынбай калган. Ал өз өмүрүн курмандыкка чалып, Мыйзамды, анын ичинде «ондук чогултуу буйругун» жойгон (Еврейлер 7:5, 18; Эфестиктер 2:13—15; Колосалыктар 2:13, 14).

a Ондук «жылдык кирешенин атайын максатта колдонууга бөлүнүп коюлган бир бөлүгүн билдирет... Ыйык Китепке ылайык, ондук диний максатта колдонулат» («Harper’s Bible Dictionary», 765-бет).