Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте пандемиялар тууралуу эмне деп жазылган?

Ыйык Китепте пандемиялар тууралуу эмне деп жазылган?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудайдын Сөзүндө акыркы күндөрдө жугуштуу оорулардын (дүйнөнү тумчуктурган оорулардын, анын ичинде пандемиялардын) болору алдын ала айтылган (Лука 21:11). Андай пандемиялар Кудайдын каргышы же жазасы эмес. Чынында, Кудай жакында өзүнүн Падышалыгы аркылуу ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдүн баарын чечип, пандемияларды жок кылат.

 Ыйык Китепте пандемиялардын болору алдын ала айтылганбы?

 Ыйык Китепте белгилүү бир жугуштуу оорулардын, алсак, COVID-19, ЖИКС же испан тумоосу сыяктуу оорулардын болору алдын ала айтылган эмес. Бирок анда «жугуштуу» жана «айыккыс оорулар» жөнүндө айтылган (Лука 21:11; Аян 6:8). Алар «акыркы күндөрдүн» белгилерине кирет. Акыркы күндөр Ыйык Китепте «бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы» деп да айтылат (2 Тиметей 3:1; Матай 24:3).

 Кудайдын адамдарды оору менен жазалаган учурлары болду беле?

 Ыйык Китепте Кудайдын адамдарды оору менен жазалаганы жөнүндө бир нече окуя камтылат. Мисалы, ал айрымдарды пес оорусуна чалдыктырган (Сандар 12:1—16; 2 Падышалар 5:20—27; 2 Жылнаама 26:16—21). Бирок ал учурларда бейкүнөө адамдар жабыр тарткан эмес. Кудай ага каршы чыккандарды гана ошондой оорулар менен жазалаган.

 Учурдагы пандемиялар Кудайдын жазасыбы?

 Жок, андай эмес. Айрымдар азыркы учурда Кудай адамдарды жазалаш үчүн пандемияларды жана башка ооруларды жиберип жатат деп ойлошот. Бирок бул ой Ыйык Китепке карама-каршы келет. Эмне үчүн?

 Мунун бир себеби, Кудайдын айрым кызматчылары, мейли байыркы убакта болобу же азыркы күндөбү, ар кандай оорулардан жапа чегип келишет. Маселен, Кудайга ишенимдүү кызмат кылган Тиметей деген жаш жигит «көп сыркоолой берчү» (1 Тиметей 5:23). Бирок, Ыйык Китепке ылайык, бул анын Кудайдын ырайымынан айрылып калганын билдирген эмес. Ошол сыяктуу эле, бүгүнкү күндө Кудайдын айрым ишенимдүү кызматчылары оорушат же оору жугузуп алышат. Көбүнчө алар ылайыксыз учурда, ылайыксыз жерде болуп калганы үчүн эле ооруга чалдыгып калышат (Насаатчы 9:11).

 Андан тышкары, Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайдын ыймансыз адамдарды жазалай турган учуру келе элек. Тескерисинче, биз азыр «куткарылуу күнүндө» жашап жатабыз. Тагыраак айтканда, Кудай азыр бардык адамдарды ага жакындап, куткарылууга мээримдүүлүк менен чакырып жатат (2 Корунттуктар 6:2). Ан үчүн ал бүт дүйнө жүзү боюнча «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» айттырууда (Матай 24:14).

 Пандемиялардан арыла турган күн келеби?

 Ооба, келет. Ыйык Китепте бир да киши оорубай турган заман келери айтылган. Кудайдын Падышалыгы башкарганда, оору-дарттардын баарынан арылабыз (Ышая 33:24; 35:5, 6). Кудай азап-кайгыны, ооруну, өлүмдү жок кылат (Аян 21:4). Ал өлгөндөрдү да тирилтет. Ошондо алар жер бетиндеги телегейи-тегиз жашоодо чың ден соолукта өмүр сүрүшөт (Забур 37:29; Элчилер 24:15).

 Оорулар жөнүндөгү Ыйык Китептеги аяттар

 Матай 4:23: «Иса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда элди окутуп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү».

 Мааниси: Иса пайгамбар жасаган кереметтер Кудайдын Падышалыгы жакында бүт адамзат үчүн ишке ашыра турган нерселердин көлөкөсү гана болгон.

 Лука 21:11: «Жер-жерлерде жугуштуу оорулар... болот».

 Мааниси: Дүйнөнү кучагына алган жугуштуу оорулар акыркы күндөрдүн белгиси болуп саналат.

 Аян 6:8: «Мен карап, боз атты көрдүм. Үстүндө отургандын ысмы „Өлүм“ экен. Анын артынан көр келатыптыр... Өлтүрүш үчүн ал экөөнө... бийлик берилди».

 Мааниси: Төрт чабандес жөнүндөгү пайгамбарлык пандемиялардын биздин күндөрдө болмоктугун көрсөтүп турат.