Мазмунун көрсөтүү

Тозок оту чынында эле барбы? Ыйык Китепке ылайык, ал эмнени билдирет?

Тозок оту чынында эле барбы? Ыйык Китепке ылайык, ал эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептин айрым котормолорунда, алсак, «Синодалдык котормонун» кээ бир аяттарында «тозок» деген сөз колдонулат (Забур 16:10; Элчилер 2:27 a). Көптөр, бул макаланын сүрөтүнөн көрсөтүлүп тургандай, ыймансыз адамдар тозок отуна түшүп, ал жакта түбөлүккө кыйналышат деп ишенишет. Бирок Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

Бул макалада

 Тозок бул түбөлүккө кыйнала турган жайбы?

 Жок. Ыйык Китептин айрым котормолорунда «тозок» (еврейче «шеол», грекче «адис») деп которулган сөз түп нускада «көр», тагыраак айтканда, адамзаттын жалпы мүрзөсү дегенди билдирет. Ыйык Китепке ылайык, «көрдө» жаткан адамдардын жашоосу толугу менен токтойт.

  •   Өлгөн адамдар эч нерсе билбейт, ошон үчүн эч кандай ооруну сезе албайт. «Тозокто жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок» (Насаатчы 9:10, «Макарийдин котормосу»). «Тозокто» адамдар кыйналганынан кыйкырбайт. Анткени Кудайдын Сөзүндө: «Ыймансыздар уят болсун, алардын үнү көрдө [«тозокто», «Синодалдык котормо»] басылсын»,— делет (Забур 31:17; 115:17).

  •   Кудайдын өкүмү боюнча, күнөө үчүн жаза тозок отунда түбөлүккө кыйналуу эмес, өлүм болгон. Кудай биринчи кишиге — Адам атага — эгер ал анын мыйзамын буза турган болсо, өлөрүн эскерткен (Башталыш 2:17). Кудай анын тозокто кыйнала турганы жөнүндө сөз да кылган эмес. Адам ата күнөө кетиргенде, Кудай ага: «Сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деп өкүм чыгарган (Башталыш 3:19). Бул Адам атанын өмүрү токтомоктугун билдирген. Эгер Кудай Адам атаны тозок отуна салып жазалагысы келсе, анда бул тууралуу сөзсүз айтмак. Кудай анын мыйзамын бузгандар үчүн жазасын өзгөрткөн эмес. Адам ата күнөө кылгандан көп кылым өткөндөн кийин Кудай бир кызматчысына: «Күнөө үчүн жаза — өлүм»,— деп жаздырган (Римдиктер 6:23). Андан артык жазанын зарылдыгы жок болчу. Себеби «өлгөн адам күнөөсүнөн арылат» (Римдиктер 6:7).

  •   Адамдарды түбөлүккө кыйноо деген ойдун өзү эле Кудай үчүн жийиркеничтүү (Жеремия 32:35). Мындай түшүнүк Ыйык Китептеги: «Кудай — сүйүү»,— деген сөздөргө каршы келет (1 Жакан 4:8). Жаратканыбыз ага тозок отунан корккондуктан эмес, аны жакшы көргөндүктөн кызмат кылышыбызды каалайт (Матай 22:36—38).

  •   Жакшы адамдар «тозокко» түшкөн. «Тозок» деген сөз колдонулган Ыйык Китептерде Жакып, Аюп сыяктуу Кудайдын ишенимдүү кызматчылары ал жакка барарын айтышканы жазылган (Башталыш 37:35; Аюп 14:13). Атүгүл Иса Машаяктын да өлгөндөн тирилгенге чейин «тозокто» болору айтылган (Элчилер 2:31, 32). Анткени Ыйык Китептин бул котормолорундагы «тозок» деп которулган сөз тек гана «көр» b дегенди билдирет.

 Исанын бай киши жана Лазар жөнүндөгү аңгемеси тууралуу эмнени айтууга болот?

 Иса Машаяктын бул аңгемеси Лука 16:19—31-аяттарында жазылган. Аңгеме бул — адеп-ахлактык тарбия берүү же кайсы бир маселеге Кудайдын көз карашын түшүндүрүү иретинде айтылган мисал. Бай киши жана Лазар жөнүндөгү аңгеме жашоодон алынган окуя эмес (Матай 13:34). Бул аңгеме тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, «Бай киши менен Лазар ким болгон?» деген макаланы карагыла.

 «Тозоктон» кайтып келгендер болгонбу?

 Ооба, болгон. Ыйык Китепте көргө (айрым Ыйык Китептерде «тозок» деп которулган) түшүп, кайра тирилтилген 9 киши жөнүндөгү окуя майда-чүйдөсүнө чейин баяндалат c. Эгер алар өлгөндөн кийин чындап эле тозокту көрүп келген болсо, ал жак кандай экенин, кандай сезимде болушканын сөзсүз төкпөй-чачпай айтып бермек болуш керек. Белгилей кетчү нерсе, алардын бири да кыйналганын же ушул сыяктуу бир нерсе болгонун айтып берген эмес. Эмне үчүн? Анткени, Ыйык Китепте айтылгандай, алар каза болгондо катуу уйкуда жаткандай болушкан, эч нерсе билген эмес (Жакан 11:11—14; 1 Корунттуктар 15:3—6).

a Ыйык Китептин кыргыз тилиндеги айрым котормолорунда Элчилер 2:27де «тозок» деген сөз колдонулбайт. Анын ордуна «өлгөндөр жаткан жай» («Үмүт нуру» котормосу) же «көр» («Жаңы дүйнө котормосу») деген сөз колдонулат. Башка тилдеги котормолордо болсо ал сөз «адис» деп которулган («Америка стандарттуу жаңы Ыйык Китеби», «Жакшыртылган англис котормосу»).

b « Байыркы еврей жана грек тилиндеги сөздөр» деген кутучаны карагыла.