Жерге тынчтык кантип орнойт?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Жерге тынчтык адамдардын аракетинин аркасында эмес, Кудайдын Падышалыгынын, башкача айтканда, Иса Машаяк башкарган асмандагы өкмөттүн иш-чараларынын аркасында орнойт. Бул туурасында Ыйык Китепте эмне деп айтылганына көңүл бурсаңар.
Кудай «
жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот
». Ошондо ал «жер үстүндө анын ырайымына ээ болгондордун арасында тынчтык
» орнотом деген убадасын аткарат (Забур 46:9; Лука 2:14).Кудайдын Падышалыгы бүт жер жүзүн асмандан башкарат (Даниел 7:14). Бүткүл дүйнөлүк ал өкмөт элдер арасында жаңжалдарды туудуруп келген улутчулдукту түп-тамыры менен жоёт.
Кудайдын Падышалыгынын башкаруучусу Иса Машаяк «
Тынчтык төрөсү
» деп аталган. Ошондуктан ал башкарганда «тынчтык чексиз болот
» (Ышая 9:6, 7).Согушканын токтоткусу келбегендерге Кудайдын Падышалыгында орун болбойт, анткени «
зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү анын [Кудайдын] жаны жек көрөт
» (Забур 11:5; Накыл сөздөр 2:22).Кудай азыр ага баш ийгиси келгендерди бири-бири менен тынчтыкта жашаганга үйрөтүп жатат. Мунун натыйжасы кандай болору жөнүндө Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «
Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт
» (Ышая 2:3, 4).
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын айткандарын аткарып, азыртадан тынчтыкта жашаганга үйрөнүүдө (Матай 5:9). Биз 230дан ашуун өлкөдө жашаган, ар кайсы улуттан чыккан элбиз. Биз колубузга курал алып, эч ким менен эч качан согушпайбыз.
Жахабанын Күбөлөрү азыртадан эле тынчтыкта жашоого үйрөнүшүүдө.