Мазмунун көрсөтүү

Христиан дининин агымдары эмне үчүн мынчалык көп?

Христиан дининин агымдары эмне үчүн мынчалык көп?

Ыйык Китепте эмне делет?

 Адамдар «христиан» дининин ар кандай агымдарын түзүш үчүн Иса Машаяктын окууларын колдонуп келишет. Бирок Ыйык Китептен чыныгы христиандардын, Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын, бир гана тобу болушу керектигин билүүгө болот. Анда эмне үчүн мындай жыйынтык чыгарса болорунун үч себебин карап көрөлү.

  1.   Иса Машаяк адамдарга «чындыкты» үйрөтөрүн айткан, анын алгачкы жолдоочулары да туткан дининин «чындыкка» ылайык келерин айтышкан (Жакан 8:32; 2 Петир 2:2; 2 Жакан 4; 3 Жакан 3). Мындан Иса Машаяктын окууларына каршы келген окууларды жайылткандар анын чыныгы жолдоочулары эмес экенин билүүгө болот.

  2.   Ыйык Китепте Иса Машаяктын жолдоочуларына: «Баарыңардын сөзүңөр бир болсун»,— деп айтылган (1 Корунттуктар 1:10). Бирок көптөгөн христиан дининин агымдарынын окуулары бир-бирине каршы келет. Алардын атүгүл негизги окуулары да, алсак, Иса Машаяктын жолдоочусу болуу деген сөзгө берилген аныктамасы ар түрдүү чечмеленет. Андай агымдардын окууларын туура деп айтууга болбойт (1 Петир 2:21).

  3.   Иса Машаяк өзүн анын жолдоочусу деп атаган, бирок анын буйруктарына баш ийбеген адамдардын болорун жана аларды четке кагарын алдын ала айткан (Матай 7:21—23; Лука 6:46). Айрымдар өз пайдасын көздөп, Кудай сөзүн бурмалаган диний жетекчилердин айынан адашып жүрүшөт (Матай 7:15). Кээ бирөөлөр болсо Ыйык Китептеги чындыкты эмес, өздөрү уккусу келген нерселерди угууну каалагандыктан жогоруда айтылган агымдардын мүчөсү болууну тандашат (2 Тиметей 4:3, 4).

 Буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалында Иса Машаяк анын окууларынын бурмаланарын (чындыктан четтөөчүлүк болорун) пайгамбарлык кылган (Матай 13:24—30, 36—43). Анын чыныгы жолдоочулары менен жолдоочусу атангандардын ортосундагы айырма узак убакытка чейин айкын билинмек эмес. Ошентип, Иса Машаяк алдын ала айткандай, элчилердин көзү өткөндөн кийин, чындыктан четтөөчүлүк күч алган (Элчилер 20:29, 30). Чындыктан четтегендердин окуулары бири-бирине окшош болбосо да, чыныгы христиан дининен айырмаланган агымдардын баары «чындык жолунан четтеп» кетишкен (2 Тиметей 2:18).

 Иса Машаяк ошондой эле анын чыныгы жолдоочулары менен жолдоочусу атангандардын ортосундагы айырма акыры айкын көрүнөрүн айткан. Бул биздин күндөрдө, «дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде», аткарылып жатат (Матай 13:30, 39).