Мазмунун көрсөтүү

Шайтан адамдарды башкарышы мүмкүнбү?

Шайтан адамдарды башкарышы мүмкүнбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Шайтан менен жиндердин адамзатка тийгизген таасири абдан күчтүү. Ыйык Китепте «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» айтылат (1 Жакан 5:19). Ошондой эле Ыйык Китептен Шайтан Ибилистин адамдарга кантип таасир этерин билүүгө болот.

  •   Адаштыруу. Ыйык Китеп бизди «Ибилистин айла-амалдарына каршы турууга» чакырат (Эфестиктер 6:11). Шайтан Ибилистин адамдарды адаштыруу максатында колдонгон айла-амалдарынын бири — өзүнүн «кызматчыларын» Кудайдын кызматчыларындай кылып көрсөтүү (2 Корунттуктар 11:13—15).

  •   Спиритизм. Шайтан адамдарды көзү ачыктар, төлгө тарткандар, бүбү-бакшылар, астрология аркылуу да адаштырат (Мыйзам 18:10—12). Баңгизат колдонуу, гипноз жана адамдын мээсин бардык ойдон бошотууга багытталган медитациянын ар түрдүү ыкмалары да Шайтандын адамды башкарып алышына шарт түзүп коёт (Лука 11:24—26).

  •   Жалган дин. Жалган нерселерге окуткан диндер элди адаштырып, Кудайга жакпаган иштерге түртөт (1 Корунттуктар 10:20). Ыйык Китепте жалган диндердин окуулары «жиндердин окуулары» деп айтылат (1 Тиметей 4:1).

  •   Адамды ээлеп алуу. Ыйык Китепте жиндердин адамдарды ээлеп алган учурлары жазылган. Ошонун айынан айрымдар сокур же дудук болуп калышкан, атүгүл өздөрүнүн денесин өздөрү жабыркатышкан (Матай 12:22; Марк 5:2—5).

Шайтандын таасиринен кантип коргонсо болот?

 Шайтандан коркуунун кереги жок. Анткени Ыйык Китепте ага кантип туруштук берсе болору жазылган.

  •   Шайтандын «айла-амалдары... белгилүү» болушу үчүн анын адамдарды адаштырууда колдонгон ыкмаларын көбүрөөк билгенге умтулуңуз (2 Корунттуктар 2:11).

  •   Ыйык Китепти окуп-изилдеп, билгендериңизди иш жүзүндө колдонуңуз. Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу сизди Шайтандын таасиринен коргойт (Эфестиктер 6:11—18).

  •   Жиндерге байланыштуу нерселердин баарынан арылыңыз (Элчилер 19:19). Андай нерселерге спиритизмге байланышкан музыка, китептер, журналдар, сүрөттөр жана видеотасмалар кирет.