Мазмунун көрсөтүү

Ыйык болуу деген эмнени билдирет?

Ыйык болуу деген эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык болуу деген арам нерселерден алыс болуу дегенди билдирет. «Ыйык» деп которулган еврей сөзү «бөлүнгөн» деген маанини туюнтат. Демек, ыйык болуп эсептелген нерселер адаттагы нерселердей колдонулбайт жана таза, кемтиксиз болгонунун аркасында ыйык деп эсептелет.

 Ыйык болуу жагынан эч ким Кудайга тең келе албайт. Ыйык Китепте: «Жахабадай a ыйык эч ким жок»,— деп жазылган (1 Шемуел 2:2). Ошондуктан ыйыктыкка байланыштуу мыйзам-принциптерди Кудай гана бере алат.

 «Ыйык» деген сөздү Кудай менен түзмө-түз байланышы бар нерселердин баарына, өзгөчө, сыйынууда колдонуш үчүн атайын бөлүп койгон нерселерге карата колдонсо болот. Мисалы, Ыйык Китепте булар тууралуу айтылат:

  •   Ыйык жерлер. Муса пайгамбар күйүп жаткан тикенектүү бадалдын жанына барганда, Кудай: «Сен турган жер ыйык»,— деп айткан (Чыгуу 3:2—5).

  •   Ыйык жыйындар. Байыркы убактагы ысрайылдыктар «ыйык жыйын» деп аталган дайыма өткөрүлүп турган майрамдарында Жахабага сыйынышчу (Лебилер 23:37).

  •   Ыйык буюмдар. Иерусалимдеги байыркы ибадатканада Кудайга сыйыныш үчүн колдонулган буюмдар «ыйык нерселер» деп аталган (1 Падышалар 8:4). Андай нерселерди ыйык буюм катары көрүшсө да, аларга сыйынышчу эмес b.

Жеткилең эмес адам ыйык боло алабы?

 Ооба. Кудай өзүнүн кызматчыларына: «Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын»,— деген буйрук берген (1 Петир 1:16). Албетте, жеткилең эмес адам Кудайдын ыйыктыкка байланыштуу жеткилең нормасына эч качан жооп бере албайт. Ошентсе да Кудайдын адил мыйзамдарына баш ийгендер «ыйык, Кудайга жагарлык» адам деп эсептелет (Римдиктер 12:1). Адамды ыйык болууга умтулуп жатканын сөздөрүнөн, иштеринен байкоого болот. Алсак, андай адам «бузуктуктан алыс болуп», ыйык болууга байланыштуу Ыйык Китептеги кеңешке ылайык жашаганга аракет кылат жана «бардык жагынан ыйык болууга» умтулат (1 Тесалоникалыктар 4:3; 1 Петир 1:15).

Кудайдын көз алдында ыйык деп эсептелгендер ыйык болбой калышы мүмкүнбү?

 Ооба. Кимдир бирөөнүн жүрүм-туруму Кудайдын нормаларына ылайык келбей калса, ал Кудайдын көз алдында ыйык деп эсептелбей калат. Мисалы, Ыйык Жазмадагы Еврейлер китебинде «ыйык бир туугандарга» «тирүү Кудайдан алыстап, жүрөгүндө ишенбестик, арамдык пайда болуп» кетиши мүмкүн экени эскертилген (Еврейлер 3:1, 12)

Ыйык болууга байланыштуу туура эмес түшүнүктөр

 Туура эмес түшүнүк. Адам кечил болгондо гана ыйык боло алат.

 Чындык. Ыйык Китептен Кудайдын көз алдында ыйык болуш үчүн «денени кыйноонун» же өзүнөн, үй-жайынан таптакыр эле кечүүнүн эч кандай «пайдасы» тийбей турганын билебиз (Колосалыктар 2:23). Ыйык Китепте, тескерисинче, Кудайдын жакшы нерселерден ыракат алышыбызды каалаары айтылган. Анда: «Ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек экен. Бул — Кудайдын белеги»,— деп жазылган (Насаатчы 3:13).

 Туура эмес түшүнүк. Так өтүү адамды ыйык кылат.

 Чындык: Кудайдын кызматчылары үйлөнбөй эле коюуну же турмушка чыкпоону тандашы мүмкүн. Бирок үй-бүлө курбоонун өзү эле адамды Кудайдын көз алдында ыйык кылбайт. Албетте, бойдоктор эч нерсеге алаксыбай кызмат кыла алышат (1 Корунттуктар 7:32—34). Бирок Ыйык Китептен турмуш кургандардын да ыйык боло аларын билүүгө болот. Иса Машаяктын элчилеринин, бери дегенде эле, бирөөсүнүн — Петирдин — аялы бар болгон (Матай 8:14; 1 Корунттуктар 9:5).

a Жахаба — Кудайдын ысымы. Ыйык Китепте бул ысымдын «ыйык» жана «ыйыктык» деген сөздөр менен байланышта экенин көрсөткөн жүздөгөн аяттар бар.

b Ыйык Китептен ыйык деп эсептелген буюмдарга сыйынбашыбыз керектигин билебиз (1 Корунттуктар 10:14).