Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепти чынында ким жазганын аныктоо мүмкүнбү?

Ыйык Китепти чынында ким жазганын аныктоо мүмкүнбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Көптөр Ыйык Китепти чынында ким жазганы белгисиз дешет. Бирок Ыйык Китепте аны жазгандардын аттары кездешет. Мисалы, анын айрым бөлүктөрү: «Некемиянын сөзү», «Ышаянын... аяны», «Жахабанын... Жоел аркылуу айткан сөзү»,— деген сөздөр менен башталат (Некемия 1:1; Ышая 1:1; Жоел 1:1).

 Ыйык Китепти жазгандардын көбү өздөрүнүн Жахабанын атынан — жалгыз чыныгы Кудайдын атынан — жазганын, ошондой эле ал аларды жетектеп турганын жазышкан. Алсак, Ыйык Китептин Еврей Жазмалары деп аталган бөлүгүн жазган пайгамбарлар 300дөн ашуун жолу: «Жахаба мындай дейт»,— деп жазышкан (Амос 1:3; Микей 2:3; Накум 1:12). Башкалары болсо Кудайдын айткан кабарын периштелер аркылуу алышкан (Закарыя 1:7, 9).

 Ыйык Китепти 40 чакты пайгамбар 1 600 жыл аралыгында жазган. Алардын айрымдары Ыйык Китептин бир нече китебин жазган. Ыйык Китепти чакан китепканага салыштырууга болот. Анткени анын Еврей Жазмалары деп аталган бөлүгү 39 китептен, ал эми Грек Жазмалары деп аталган бөлүгү 27 китептен турат. Баары биригип 66 китепти түзөт.