Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоодон тажаганда

Жашоодон тажаганда

«Терс сезимдерим менен күрөшкөнгө такыр алым келбей калгандыктан, өмүрүмдү кыйганым эле жакшы болот деп ойлогом» (Адрияна, Бразилия).

СИЛЕРДИН да көңүлүңөр чөгүп, өмүрүңөргө кол салгыңар келген учуруңар болду беле? Ошондой болсо, Адриянаны жакшы түшүнөрүңөр шексиз. Ал катуу тынчсызданып, көңүлү чөгүп, өзүн жарга такалгандай сезе берчү. Доктурлар анын өтүшүп кеткен депрессиядан азап чегерин аныкташкан.

Оорукчан, кары ата-энесине кам көргөн жапониялык Каору деген кишинин да сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Ал мындай дейт: «Кээде жумуштан көрсөтүлгөн кысым жаныма батып кетчү. Бара-бара тамакка табитим тартпай, уйкум качып, кыйнала турган болдум. Өлүп калсам, ушунун баарынан арылып, жеңилдеп калмакмын деп ойлоно баштадым».

Ожебоде деген нигериялык киши болсо: «Жан дүйнөм жанчылып, ушунчалык кыйналгандыктан, ыйлай эле берчүмүн. Ошондон улам жанымды кыюунун жолун издечүмүн»,— дейт. Бактыга жараша, Ожебоде, Каору, Адрияна — үчөө тең өз өмүрүн кыйган эмес. Бирок жыл сайын 800 000дей киши жүрөгүн өйүгөн ойлордон арыла албай, өмүрү менен кош айтышат.

ЖАРДАМДЫ КАЯКТАН АЛСА БОЛОТ?

Айта кетчү нерсе, өзүн өзү өлтүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү — эркектер. Алардын көбү жардам сурагандан уялышкан. Иса пайгамбар: «Дарыгерге... оорулуулар муктаж»,— деп айткан (Лука 5:31). Андыктан силер да депрессиядан улам жашагыңар келбей жатса, башкаларга кайрылгандан тартынбагыла. Депрессияга чалдыккан көптөгөн адамдар медициналык жардам алгандыктан өздөрүн жакшыраак сезип, дарты менен күрөшкөнгө күч алганын айтышкан. Муну Ожебоде, Каору, Адрияна да ырастай алышат.

Доктурлар депрессияны дарылаш үчүн дары-дармектерди колдонушу же аңгемелешүү жолу менен бейтапка ой жүгүртүүсүн оңдогонго көмөк кылышы мүмкүн. Ал илдеттен азап чеккендер чыдамдуу, камкор үй-бүлөсүнүн, досторунун колдоосуна муктаж. Жахаба Кудай ар бирибиз үчүн ошондой мыкты дос боло алат. Ал өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Китеп аркылуу эң сонун көмөк кылат.

ТОЛУГУ МЕНЕН АРЫЛУУ МҮМКҮНБҮ?

Депрессия болгондорго көбүнчө узакка дарыланууга жана жашоо мүнөзүн өзгөртүүгө туура келет. Эгер силер да ал дарттан кыйналып келатсаңар, Ожебодеге окшоп жаркын келечекке үмүттөнүүнүн аркасында күч-кайратка толо аласыңар. Ал мындай дейт: «Мен Ыйык Китептеги Ышая 33:24тө жазылган пайгамбарлыктын аткарылышын эңсеп келем. Ал аятта жер бетинде жашагандардын бири да: „Ооруп жатам!“ — дебей турган убак жөнүндө айтылган». Кудайдын «оору... болбой» турган «жаңы жер» жөнүндөгү убадасы силерди да жубатары шексиз (Аян 21:1, 4). Ал убада кылган ошол заманда акыл-эс жана эмоциялык оорулар да жок болот. Жаман сезимдерден толугу менен арыласыңар. Алар кийин такыр «эскерилбейт, ойго да келбейт» (Ышая 65:17).