Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ПЕРИШТЕЛЕР ЧЫН ЭЛЕ БАРБЫ? МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮБҮ?

Жаман периштелер барбы?

Жаман периштелер барбы?

Ооба. Алар кайдан пайда болушкан? Кудай периштелерди өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги менен жаратканы эсиңерде чыгар. Алгачкы түгөйлөр Адам ата менен Обо эне жаратылгандан көп өтпөй, бир жеткилең рухий жаратуу чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонуп, жерде козголоң чыгарган. Ал Адам ата менен Обо энени азгырып, Кудайга каршы иш кылдырган (Башталыш 3:1—7; Аян 12:9). Ыйык Китепте ал периштенин козголоң чыгарганга чейин аты ким болгону, кандай абалды ээлегени так айтылбайт. Ал эми Кудайга каршы чыккандан кийин ал Шайтан Ибилис деген атка конгон. Шайтан деген сөз «душман» дегенди, Ибилис болсо «жалаачы» дегенди билдирет (Матай 4:8—11).

Өкүнүчтүүсү, баары ошону менен эле бүтүп калган эмес. Нух пайгамбардын күндөрүндө белгисиз сандагы периштелер «өздөрү жашашы керек болгон жайды» — Кудайдын асмандагы үй-бүлөсүн — калтырып кетишкен. Алар жерге келип, адам кейпин кийишкен да, адеп-ахлаксыз, ыпылас иштерди кылышкан. Бирок Кудай аларды андай ой-ниет менен жараткан эмес болчу (Жүйүт 6; Башталыш 6:1—4; 1 Петир 3:19, 20).

Ал жаман периштелер эмне болушкан? Кудай жерди тазалаш үчүн Топон суу каптатканда, кайра периштеге айланып, рухий чөйрөгө кетишкен. Бирок Кудай бузулган ал периштелерге «баштапкы абалына» ээ болууга жол берген эмес. Тескерисинче, кемсинтилген абалды билдирген жана тартар деп аталган «[рухий] коюу караңгылыктын туңгуюгуна камап койгон» (Жүйүт 6; 2 Петир 2:4). Ошентип, алар «жиндердин башчысынын», «өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөткөн» Шайтан Ибилистин, көзөмөлү астында болуп калышкан (Матай 12:24; 2 Корунттуктар 11:14).

Ыйык Китепке ылайык, Машаяк башкарган Падышалык — Кудайдын асмандагы өкмөтү — 1914-жылы орнотулган *. Ошол маанилүү окуядан кийин Шайтан менен анын жин-перилери асмандан жерге куулуп түшүрүлүп, жердин айлана-тегерегинде гана иш-аракет кылып калышкан. Жер бетинде жамандыктын, адеп-ахлаксыздыктын улам күч алып баратканы ошол кекчил, мыкаачы периштелердин таасир этип жатканын далилдеп турат (Аян 12:9—12).

Бирок замандын бузулганы, төбө чачты тик тургузган иштердин көбөйүп баратканы алардын ырайымсыз бийлигинин жок болоруна аз калганынан кабар берүүдө. Ал канкор рухий жаратуулар жакында эч кандай иш-аракет кыла албай калышат. Кудайдын Падышалыгы бейишке айланган жер бетин 1 000 жыл башкаргандан кийин, ал каардуу рухтар кыска убакытка бошотулуп, аларга адамзатты сыноого акыркы жолу мүмкүнчүлүк берилет. Ошондон кийин түбөлүккө жок кылынат (Матай 25:41; Аян 20:1—3, 7—10).

^ 6-абз. Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 8-бөлүмүн карагыла. Китеп www.dan124.com/ky сайтында да бар.