Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАКШЫ АДАТТЫ КАНТИП ӨРЧҮТСӨ БОЛОТ?

1. Көптү талап кылбагыла

1. Көптү талап кылбагыла

Баарыбыз эле көп нерсени дароо өзгөртүп салгыбыз келет. Балким: «Бул жумада тамекини таштайм, жаман сөз сүйлөбөйм, эрте жатам, көнүгүүлөрдү жасай баштайм, туура тамактанам жана чоң ата-чоң апама бир нече жолу чалам»,— деп ойлошуңар ыктымал. Бирок ушунун баарын бир учурда кылам деп ойлосоңор, натыйжада эч нерсесин кыла албай калышыңар мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү» (Накыл сөздөр 11:2).

Жөнөкөй адам өзүнөн көптү талап кылбайт. Себеби убактысы, күчү жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигин билет. Ошондуктан баарын бир учурда эмес, акырындык менен өзгөртүүгө аракет кылат.

Баарын бир учурда кылам деп ойлосоңор, натыйжада эч нерсесин кыла албай калышыңар мүмкүн

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Бир же эки нерседен гана баштагыла. Төмөнкү кеңештерди колдонуп көргүлө:

  1. Эки барак алып, бирине өрчүткүңөр келген адаттардын баарын, экинчисине ташташ керек болгон адаттардын баарын тизмелеп алгыла.

  2. Тизмедегилерди маанилүүлүгүнө жараша номурлагыла.

  3. Ар бир барактан бир же эки эле нерсени тандап алып, ошолорго гана көңүл топтогула. Андан кийин тизмеде кийинки орунда турган бир же эки нерсеге өткүлө.

Батыраак ийгиликке жетиш үчүн жаман адатты жакшы адат менен алмаштыргыла. Мисалы, телевизорду көп көрүү адатыңарды таштап, жакындарыңарга көбүрөөк көңүл бурууну максат кылдыңар дейли. Анда үйгө келериңер менен телевизорду күйгүзгөндүн ордуна, досуңар же туугандарыңар менен сүйлөшсөңөр болот.