Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТАМЕКИГЕ КАРАТА КУДАЙДЫН КӨЗ КАРАШЫ КАНДАЙ?

Тамекиге карата Кудайдын көз карашы кандай?

Тамекиге карата Кудайдын көз карашы кандай?

Биринчи макалада сөз кылынган Наоко: «Мен Кудай жөнүндө, анын сапаттары, ой-ниети жөнүндө билгенден кийин өзгөрдүм»,— дейт. Ал мунун баарын Ыйык Китептен билген. Ыйык Китепте тамеки жөнүндө эч нерсе айтылбаганы менен, андан Кудайдын ага кандай карай турганын түшүнсө болот *. Көптөргө мындай адатты таштоого так ушуну түшүнгөнү түрткү болгон (2 Тиметей 3:16, 17). Келгиле анда, тамеки чегүүнүн кайсы жактардан зыяндуу экенин жана Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делерин карап көрөлү.

КӨЗ КАРАНДЫЛЫКТЫ ПАЙДА КЫЛАТ

Тамекинин курамында көз карандылыкты пайда кылган зат — никотин — бар. Ал дүүлүктүрүүчү да, тынчтандыруучу да касиетке ээ. Тамеки тартканда никотин мээге тез жетет жана бул бир нече жолу кайталанат. Киши тамекини бир соргондо никотиндин 1 дозасын алат, ал эми күндө бир пачка чеккендер бир күндө 200 дозадай алат. Башка бир да баңгизат мындай дозада колдонулбайт. Никотиндин ушундай дозада колдонулушу күчтүү көз карандылыкты пайда кылат. Ошондуктан көнүп калган киши никотиндин дозасын алмайынча кыйнала берет.

«Кимге баш ийсеңер, ошого кулсуңар» (Римдиктер 6:16)

Тамекинин кулу болсоңор, Кудайга чындап баш ие аласыңарбы?

Ыйык Китептен адамдын тамекиге карата кандай көз карашта болгону туура экенин билүүгө болот. Анда: «Өзүңөрдү кимге кулдукка берип, кимге баш ийсеңер, ошого кул болоруңарды билбейсиңерби?» — деп айтылат (Римдиктер 6:16). Эгер кишинин оюн тамекиге болгон кумары ээлеп алса жана ал ошол каалоосуна жетеленип иш кылса, ал тамекинин кулу болуп калат. Бирок Жахаба Кудай биздин ден соолугубузга зыян келтирген эле иштерден эмес, рухубузду, башкача айтканда, аң-сезимибизди буза турган иштерден да алыс болуп, эркин болушубузду каалайт (Забур 83:18; 2 Корунттуктар 7:1). Кудайга болгон ыраазычылыгыбыз артып, аны терең урматтай баштаганыбызда Кудай эң жакшы нерсебизди беришибизге татыктуу экенин жана жаман адаттын кулу болуп туруп, ага эң жакшысын бере албай турганыбызды түшүнөбүз. Бул бизге жаман каалоого алдырбаганга күч берет.

Германиялык Олаф тамекини 12 жашынан тартып чеге баштаган. Ал башында тамекинин эч кандай деле зыяны жок деп ойлогон. Бирок кийин тамекисиз тура албай калган. Олаф: «Бир жолу тамеким түгөнүп калганда, айлам кеткендиктен күл салгычтагы тамекинин калдыктарын чогултуп, гезитке ороп чеккем. Ошонумду эстегенде аябай уялып кетем»,— дейт. Ал тамекисин 16 жылдан кийин гана таштай алган. Ага эмне жардам бергени жөнүндө ал мындай дейт: «Баарынан мурда мен Жахабага жаккым келди. Жахабанын адамзатка болгон сүйүүсү жана үмүт тартуулаганы мага ушул адатымдан арылууга күч берди».

 ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН

Бир журналда: «Тамеки чегүү... дээрлик ар бир органга терс таасирин тийгизери, ошондой эле ооруга чалдыгуунун, өлүмгө дуушар болуунун ыктымалдыгын жогорулатары илимий жактан далилденген»,— деп жазылган («The Tobacco Atlas»). Тамекинин рак, жүрөк оорулары сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга жана өпкө ооруларынын жугуштуу эмес түрлөрүнө себеп болору баарына маалым. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) билдирүүсүнө ылайык, көптөрдүн кургак учук сыяктуу жугуштуу оорулардын айынан өлүшүнө да, негизинен, тамеки себеп болот.

«Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй» (Матай 22:37)

Кудай берген денеңерди булгап жатсаңар, Кудайды сүйөм, урматтайм деп айта аласыңарбы?

Ыйык Китеп аркылуу Жахаба Кудай бизди өмүрүбүзгө, ден соолугубузга жана жөндөмүбүзгө туура көз карашта болууну үйрөтүп жатат. Иса Машаяк: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деп айткан (Матай 22:37). Мындан Кудай өмүрүбүздү баалашыбызды каалаарын жана ден соолугубузду талкалашыбызды каалабай турганын айкын түшүнүүгө болот. Жахаба жана анын убадалары жөнүндө билгенде ага болгон сүйүүбүз өрчүйт, ошондой эле биз үчүн кылгандарына ыраазычылыгыбыз артат. Бул денебизди булгаган нерселерден оолак болгонго түрткү берет.

Жаяванс деген индиялык доктур 38 жыл тамеки чеккен. Ал мындай дейт: «Медициналык журналдарды окугандыктан тамекинин канчалык зыяндуу экенин жакшы билчүмүн. Бейтаптарга да аны таштоону кеңеш кылчумун. Бирок өзүм беш-алты жолу аракет кылып, таштай албай койгом». Бирок акыры ал тамекисин таштай алган. Ал: «Мен тамекини Ыйык Китепти изилдегендин аркасында гана таштай алдым. Жахабага жагууга болгон каалоо мага ал адатты дароо таштаганга түрткү берди»,— деп айткан.

БАШКАЛАРГА ДА ЗЫЯН

Тамеки чегип жаткан кишинин оозунан чыккан түтүн да, тамекиден чыккан түтүн да абдан уулуу. Тамеки чегип жаткандардын жанындагы андай түтүн менен дем алып жаткан кишилер рак болушу жана башка ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Жыл сайын 60 0000 киши, көбүнчө аялдар менен балдар, ошондон каза табат. ДСУнун билдирүүсүнө ылайык, андай түтүн, «кандай өлчөмдө болбосун, сөзсүз зыян келтирет».

«Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (Матай 22:39)

Тамеки тартканыңардын айынан үй-бүлөңөр, жакындарыңар зыян тартып жатса, аларды сүйөм деп айта аласыңарбы?

 Иса: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген (Матай 22:39). Кудайды сүйүшүбүз керектиги айтылган биринчи осуяттан кийинки эле бул осуят жакындарыбызды — үй-бүлөбүздү, досторубузду жана башкаларды — сүйүшүбүз керектигин көрсөтүп турат. Эгер жакындарыбызга зыян келтире турган адатыбызды таштабасак, аларды сүйөбүз деп айта албайбыз. Жакындарыбызды чындап жакшы көрсөк, Ыйык Китептеги: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— деп айтылгандарга ылайык иш кылабыз (1 Корунттуктар 10:24).

Арменияда жашаган Армен мындай деп эскерет: «Тамеки чеккенимден үйүмдөгүлөр да зыян тартып жүргөндүктөн тамекимди ташташымды аябай суранышчу. Бирок мен аларга зыян келтирип жатканымды моюнга алгым келчү эмес». Көз карашынын өзгөрүшүнө эмне себеп болгонуна байланыштуу ал: «Ыйык Китептен окуп-билгендерим, Жахаба Кудайга болгон сүйүүм тамекини таштаганга түрткү берди. Ошондой эле тамекинин өзүмө эле эмес, башкаларга да зыян экенин мойнума алдым»,— дейт.

БУЛ ЭПИДЕМИЯ ТОКТОЙТ!

Олафка, Жаяванска жана Арменге өздөрүнө да, башкаларга да зыян келтирген адатынан арылганга Ыйык Китептен алган билими жардам берген. Бирок алар тамекини ден соолукка зыян экенин билгендиктен эле эмес, Жахаба Кудайды сүйгөндүктөн жана ага жаккысы келгендиктен таштай алышкан. Ыйык Китепте: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп жазылган (1 Жакан 5:3). Бул сөздөр Кудайды сүйүү канчалык маанилүү экенин баса белгилеп турат. Ыйык Китептеги принциптерди аткаруу дайыма эле оңой боло бербеши мүмкүн, бирок адам Кудайды сүйсө, анын осуяттарына баш ийүү кыйын болбойт.

Жахаба Кудай учурда дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан иши аркылуу миллиондогондорго тамекинин тузагынан бошонууга жана ага кайрадан түшүп калбаганга жардам берүүдө (1 Тиметей 2:3, 4). Миллиондогондордун тамекинин кулуна айланышына себепкер болуп жаткан коммерциялык системаны Кудай жакында өзүнүн асмандагы өкмөтү — Уулу, Иса Машаяк, башкарган өкмөтү — аркылуу талкалайт. Жакында Жахаба Кудай тамеки чегүү эпидемиясын токтотуп, өзүнө баш ийген адамдарды жеткилең кылат (Ышая 33:24; Аян 19:11, 15).

Эгер тамекини таштай албай жүрсөңөр, багынбагыла! Кудайды сүйүп, ага жакындасаңар жана тамекиге карата аныкындай көз карашта болсоңор, аны таштай аласыңар. Жахабанын Күбөлөрү жеке ар бир адамга Ыйык Китептеги принциптерди жана аларга ылайык кантип жашаса болорун түшүнүүгө жардам бере алат. Тамекини таштаганга Жахаба Кудайдын жардам беришин кааласаңар, ал сөзсүз күч-кубат берет (Филипиликтер 4:13).

^ абз. 3 Тамеки чегүү сигарет, сигара, мүштөк (трубка) жана кальян чегүүнү камтыйт. Бул макаладагы принциптер курамында никотин жана башка заттар бар чайнама, жыттама жана электрондук тамекиге да тиешелүү.