Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тамеки чегүү жөнүндө эмнени билишим керек?

Тамеки чегүү жөнүндө эмнени билишим керек?

Жаштардын суроолору

Тамеки чегүү жөнүндө эмнени билишим керек?

Төмөнкү варианттарды карап чыгып, сенин жагдайыңды сүрөттөгөнүнө ✔ кой.

□ Баарын татып көргүм келет

□ Стресс болуп жатам

□ Эл катары болгум келет

□ Толуп кетким келбейт

ЭГЕР жогорудагы варианттардын кайсы бирин белгилесең, бул сенин тамеки чеккен же чегүүнү ойлоп жүргөн курдаштарың менен кандайдыр бир жалпылыгың бар экенин көрсөтүп турат *. Мисалы:

Кызыкчылык үчүн тартып көрүү. «Мен тамеки чеккен кандай болду экен деп кызыкчумун, ошон үчүн мектептеги бир кыздан тамеки алып, уурданып барып чегип көргөм» (Трейси).

Стресс менен күрөшүү жана эл катары болуу. «Мектептен балдар: „Тамеки чекпесем болбой калды“,— деп, анан тарткандан кийин: „Ох, жеңилдеп калбадымбы!“ — дешчү. Стресс болгондо мен да ошентким келчү» (Ники).

Арыктоо. «Кээ бир кыздар толуп кетпеш үчүн тартышат. Бул диета кармагандан алда канча жеңил да!» (Саманта).

Бирок биринчи тамекиң болобу же кийинкисиби, аны күйгүзөрдөн мурда токтоп, ойлонуп көр. Балыктай болуп, татканткыч жемге кызыгып, кайырмакка илинип калба. Балык бир аз жем жеп калышы мүмкүн дечи, бирок мунун айынан өзү жем болот! Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп, «тунук ой жүгүрт» (2 Петир 3:1). Төмөнкү суроолорго жооп берип көр.

Тамеки чегүү жөнүндө эмнелерди билесиң?

Ар бир ырастоонун чын же жалган экенин белгиле.

а. ....... Тамеки чегүү стрессти азайтат.

б. ...... Тамекинин түтүнү дем менен толук чыгып кетет.

в. ...... Тамеки тартуу жаш кезимде ден соолугума терс таасир этпейт.

г. ...... Тамеки чексем, карама-каршы жыныстагыларга көбүрөөк жагам.

д. ...... Тамеки чексем, менден башка эч ким зыян тартпайт.

е. ...... Чегемби, чекпеймби, Кудайга баары бир.

Жооптору:

а. Тамеки чегүү стрессти азайтат — жалган. Чылым чегүү чекпей калгандан кийин болуучу стресстен убактылуу арылтса да, окумуштуулар никотиндин, чынында, стресс гормондорун көбөйтөрүн аныкташкан.

б. Тамекинин түтүнү дем менен толук чыгып кетет — жалган. Айрым изилдөөлөр көрсөткөндөй, тамеки түтүнүнүн курамындагы заттардын 80ден ашуун пайызы организмде калат.

в. Тамеки тартуу жаш кезимде ден соолугума терс таасир этпейт — жалган. Тарткан ар бир тамекиң ооруга чалдыгуу ыктымалдыгын жогорулаткандан тышкары, анын айрым зыяндуу таасирлери дароо сезилет. Кээ бирөөлөр биринчи тарткандан кийин эле тамекиге берилип кетишет. Чылым өпкөңдүн иштөө жөндөмдүүлүгүн начарлатып, өнөкөт жөтөлгө чалдыктырышы этимал. Ошондой эле тамеки чеккен адамга бырыш эрте түшөт. Мындан сырткары, тамеки чегүү адамдын өтө тынчсызданып, дүрбөлөңгө түшүшүнө, депрессияга чалдыгышына жана жыныстык органдарынын өзүнүн функциясын тийиштүү аткарбай калышына алып келиши мүмкүн.

г. Тамеки чексем, карама-каршы жыныстагыларга көбүрөөк жагам — жалган. Изилдөөчү Лойд Жонстон тамеки чеккен өспүрүмдөрдүн «карама-каршы жыныстагылардын басымдуу бөлүгүнө жакпай турганын» аныктаган.

д. Тамеки чексем, менден башка эч ким зыян тартпайт — жалган. Жыл сайын тамекинин түтүнү чылым чекпеген миңдеген кишинин өмүрүн кыят; ал үй-бүлөңө, досторуңа, атүгүл үй жаныбарларыңа залакасын тийгизет.

е. Чегемби, чекпеймби, Кудайга баары бир — жалган. Кудайга жагууну каалагандар денесин «булгаган ар кандай ыпыластыктан» тазаланышы керек (2 Корунттуктар 7:1). Ал эми тамекинин денени булгай турганы айтпаса да түшүнүктүү. Эгер таза эмес болууну чечип, тамеки чегүү менен өзүңө жана башкаларга зыян келтирсең, Кудайдын досу боло албайсың (Матай 22:39; Галатиялыктар 5:19—21).

Кантип баш тартууга болот?

Кимдир бирөө сага тамеки сунуш кылса, эмне кыласың? Көп учурда чечкиндүүлүк менен: «Жок, рахмат, чекпейм»,— деп эле коюу жетиштүү. Эгер ал кайра-кайра таңууласа, атүгүл шылдыңдаса да, чегер-чекпесиңди өзүң чечериңди унутпа. Балким, минтип айтсаң болоттур:

● «Мунун канчалык зыяндуу экенин билип, чекпейм деп чечтим».

● «Өпкөмдү чиритип, ден соолугуман айрылып эмне кылам?»

Бирок бул макаланын башында айтылган жаштардай эле, сага да сырттан келген эмес, ички кысымга, башкача айтканда, өзүңдүн каалоолоруңа каршы туруу алда канча кыйын болушу мүмкүн. Ошондой болсо, ал «ички үнүңдү» басууга төмөнкү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүү жардам берет:

● Тамеки чегүүдөн чынында эле пайда табамбы? Мисалы, башкаларга жагуу максатында эле тамеки чеге турган болсом, эч кандай деле жалпылыгым жок адамдарга чеккеним үчүн эле жагып каламбы? Ден соолугума зыян келтирип жатканыма кубангандарга ылайыкташкым келеби?

● Тамеки чегүү канча акчамды сорот? Ден соолугума канчалык зыян келтирет? Канча адамдын урмат-сыйынан айрылтат?

● Кудай менен болгон достугумду тамекиге сатып жиберемби?

Эгер буга чейин эле тамекинин илмегине илинип калган болсоңчу? Андан кантип чыксаң болот?

Кантип таштаса болот?

1. Өзүңдү ынандыр. Кайсы себептерден улам тамекини таштоону чечкениңди жазып, аны кайра-кайра окуп тур. Кудайдын көз алдында таза болууну каалоо чоң түрткү болот (Римдиктер 12:1; Эфестиктер 4:17—19).

2. Жардам изде. Жашыруун тамеки тартып жүргөн болсоң, анда азыр ачыкка чыгып, башкалардан жардам алчу убак. Андыктан сен тамеки чегериңди жашырып жүргөн адамдарга тамекини таштоону чечкениңди айтып, колдоо көрсөтүшүн сура. Кудайга кызмат кылууну кааласаң, андан жардам сурап тилен (1 Жакан 5:14).

3. Таштаар күнүңдү белгилеп ал. Эки жума же андан азыраак убакыттын ичинде тамекини кайсы күнү таштаарыңды календарга белгилеп кой. Ошол күнү таштай турганыңды үй-бүлөңө жана досторуңа билдир.

4. Издеп таап, жок кыл. Белгилеген күн келгенге чейин, үйүңдү, машинеңди жана чөнтөктөрүңдү кылдат текшерип, калган-каткан тамекилерди жок кыл. Тамеки күйгүзгүч, ширеңке жана тамеки күлүн салгычтардан арыл.

5. Таштагандан кийинки оор абалга чыдап кой. Жемиш ширелерин, сууну көбүрөөк ич жана көбүрөөк укта. Ыңгайсыздыктардын убактылуу эле болорун, ал эми пайдалардын узакка созуларын унутпа!

6. Азгырыктардан кач. Тамеки чегүүгө азгырылышың мүмкүн болгон жерлерден жана жагдайлардан кач. Зарыл болбосо, чылым чеккен адамдар менен мамилелешпегенге аракет кыл (Накыл сөздөр 13:20).

7. Шылтоо издебе. «Бир эле сором»,— деп өзүңдү алдаба. Көп учурда мындай шылтоолор тамекини кайра тартып алууга алып барат (Жеремия 17:9).

Алданба

Тамеки чыгарган компаниялар жылына жарнамага миллиондогон долларларын сарпташат. Алар көптөгөн жаштардын алардын татканткыч жемине азгырылып, эртең эле тамекиге башы байланган кишилерден болуп чыга келерин эң сонун билишет.

Тамекисин өткөрүүнү көздөгөн андай адамдарга чөнтөгүңө кол салууга жол бербе. Алардын кайырмагына илинип эмне кереги бар? Алар да, сага тамеки сунуштаган курдаштарың да сенин жыргалчылыгыңды көздөбөйт. Аларды уккандан көрө, Ыйык Китептеги кеңешке кулак кагып, «пайдалуу нерсеге үйрөн» (Ышайа 48:17).

«Жаштардын суроолору» аттуу рубриканын башка макалаларын www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан карасаң болот.

[Шилтеме]

^ 8-абз. Бул макалада тамеки тарткандар жөнүндө сөз жүрсө да, мында айтылып өткөн кыйынчылыктар жана тамеки чегүүнүн кооптуу жактары чайнама тамекини колдонгондорго да тиешелүү.

[27-беттеги кутуча⁄сүрөттөр]

СЕН КУРАКТУУ ЖАШТАРДЫН ОЮ

«Кимдир бирөө эмне үчүн тамеки чекпей турганымды сураса: „Мен өпкөмдү чиритип, өмүрүмдү кыскарткым келбейт“,— деп жооп берем».

«Бирөө мага тамеки сунуштаса: „Жок“,— дейм. Эгер болбой эле таңууласа: „Чегемби, чекпеймби өзүм чечем да, туурабы? Биздин күндөрдө бирөөнү мажбурлаган кантип жакшы болсун?!“ — деп айтам».

[Сүрөттөр]

Бенжемин

Хезер

[28-беттеги кутуча]

БИЛЕСИҢБИ?

Чайнама тамеки сыяктуу түтүнсүз тамекилерде кадимки тамекилерге караганда никотин көбүрөөк жана аларда тамак, ооз рагына чалдыгуу ыктымалдыгын жогорулата турган 25тен ашык кошулма бар.

[28-беттеги кутуча]

АТА-ЭНЕҢЕ КАЙРЫЛ

Күн мурун даярданып алсаң, курбу-курдаштарыңдын кысымына каршы туруу кыйла оңой болот. Эгер кимдир бирөө тамеки сунуштаса, жооп берүүгө даяр болушуң үчүн, ата-энеңе кайрылып, чогуу жагдайларды сахналаштырууну сунуштоого эмне үчүн болбосун? Атаң же апаң тажатма курбуңдун ролун ойносун. «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (ор.) китебинин 2-томунун 132, 133-беттериндеги «Курдаштар кысым көрсөткөндө...» деген схемадан кантип жооп берсе болоруна байланыштуу жакшы кеңештерди таба аласыңар.

[28-беттеги сүрөт]

Кайырмакка илинген балыктай эле, чылым чеккен киши бир аз «пайдасын» көрсө да, анын каргашалуу кесепетин тартат