Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Кидик найза тумшуктун навигациялык системасы

Кидик найза тумшуктун навигациялык системасы

АБДАН узун аралыкты учуп өтө алган кидик найза тумшукка адамдар таң берип келет. Бул куш 8 күндөн көбүрөөк убакыттын ичинде тыным албай, 11000 километр аралыкты учуп өтө алат.

Көңүл бурсаңар: Окумуштуулар чымчыктардын айрымдары, мээсинде компас бар сыяктуу, багытын жердин магнит талаасынын жардамы менен аныктайт деп божомолдошот. Кыязы, кидик найза тумшук багытын күндүзү күндүн, түнкүсүн жылдыздардын жардамы менен да билет. Андан сырткары, ал куш күчүн азыраак сарптаганга өбөлгө түзгөн, аркадан соккон катуу шамалды сезет. Ал куштун ушундай узун аралыкты кантип учуп өтөрү изилдөөчүлөрдү таңдандырбай койбойт. «Бул кушту мен 20 жылдан бери изилдеп келем. Бирок бул кушка дагы деле таң калып бүтпөй койдум»,— дейт Боб Гилл аттуу биолог.

Кандай деп ойлойсуңар? Кидик найза тумшуктун навигациялык системасы эволюция жолу менен пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?