Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сексуалдык асылууну кантип токтотсом болот?

Сексуалдык асылууну кантип токтотсом болот?

 Сексуалдык асылууга эмне кирет?

 Сексуалдык асылууга кимдир бирөөнү анын эркине каршы кармалоо, ошондой эле адепсиз сөздөрдү айтып тийишүү да кирет. Бирок кээде сексуалдык асылууну жөн эле жосунсуз сөздөрдү айтып тамашалоодон же тийишүүдөн айырмалаш кыйын болуп калат.

 Ушул үч нерсенин айырмасын билиш үчүн  сексуалдык асылууга байланыштуу берилген тесттеги суроолорго жооп берип көр.

 Өкүнүчтүүсү, сексуалдык асылуудан мектепти бүткөндөн кийин деле арылбашың мүмкүн. Ошондуктан эгер сен сексуалдык асылууга каршы турганды эмитеден эле үйрөнүп алсаң, кийин жумушка орношконуңда ошондой жагдайларда кандай кылышты билип каласың. Ал эле эмес, андай адамдын жосунсуз жүрүм-турумуна бөгөт коюп, башкаларды да сактап кала аласың.

 Кимдир бирөө мага асылып жатса, эмне кылышым керек?

 Сексуалдык асылууну, эгер ага эмне кирерин жана андайда өзүңдү кандай алып жүрүшүң керектигин билсең, оңоюраак токтото аласың. Анда төмөндөгү үч жагдайды окуп көрүп, андайда өзүңдүн эмне кылмактыгыңды ойлонуп көр.

 ЖАГДАЙ:

«Жумуштан менден бир топ эле улуу кишилер мага „сулуу кыз“ деп тийишкени аз келгенсип: „Эх, отуз жылды артка кайрый алсам кана!“ — деп айтышчу. Бир жолу алардын бири атүгүл артыман келип, чачыман жыттаган» (Табита, 20 жаш).

 Табита минтип ойлонушу мүмкүн эле: «Мындайларга көңүл бурбай койсом эле, токтоп калышат».

 Минтип ойлоо эмне үчүн туура эмес болуп калмак? Адистердин айтымында, эгер адам сексуалдык асылууга көңүл бурбай койсо, көп учурда андай мамиле токтобой эле, кайра мурункудан да күчөйт.

 Кеңеш: Андай кишиге акырын, бирок ошол эле учурда так-даана эле анын сөзүнө да, жүрүм-турумуна да көз жумду мамиле кылбай турганыңды айт. «Эгер бирөө мени кармаласа, экинчи кайталанбашы үчүн, мен шак эле: „Тарт колуңду!“ — деп кесе айтам. Балдар адатта андайды күтүшпөйт»,— дейт 22 жаштагы Тайрин. Бирок айрымдар антип айтканыңды да тоготпошу мүмкүн. Андайда ого бетер бекем болуп, багынбашың керек. Анткени адеп-ахлактык бийик нормаларга карманууга карата Ыйык Китепте: «Бекем, туруктуу болгула»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 15:58).

 Ал эми ал киши сени коркутсачы? Андай учурда анын жанынан мүмкүн болушунча тезирээк кетип калганга аракет кыл жана өзүң ишенген улуураак бирөөгө кайрылып, жардам сура.

 ЖАГДАЙ:

«Алтынчы классымда эки кыз мени мектептин далисинен кармап алып, тийише башташты. Алардын бири лесбиян болчу. Ал мени менен жүргүсү келерин айтты. Мен макул болбой койдум. Бирок алар күнүгө тыныгуу учурунда жанымды койбой асыла беришчү. Бир күнү болсо алар мени түртүп жибергенде, дубалга барып жабышып калдым» (Виктория, 18 жашта).

 Виктория минтип ойлонушу мүмкүн эле: «Бул тууралуу бирөөгө айтсам, мени коркок деп ойлоп калат, анын үстүнө, мага ишенбей да коюшу мүмкүн».

 Минтип ойлоо эмне үчүн туура эмес болуп калмак? Эгер бул тууралуу эч кимге айтпасаң, ал адам асылганын токтотпошу мүмкүн. Мындан тышкары, анын айынан сен эле эмес, башкалар да кыйналып жүрүшү мүмкүн (Насаатчы 8:11).

 Кеңеш: Бирөөгө айт. Ата-энең жана мугалимдериң сага бир топ жардам бере алышат. Ал эми алар сенин сөзүңө анча маани бербей коюшсачы? Анда ошондой жагдайга туш болгон сайын эмне болгонунун баарын майда-чүйдөсүнө чейин, мисалы, кайсы күнү, кайсы убакта, кайсы жерде болгонун, ошондой эле сага эмне деп айтканынын баарын жазып кой. Анан аны ата-энеңе же мугалимиңе бер. Анткени көптөр оозеки айтканга караганда кагаз жүзүндөгү маалыматка олуттуураак карашат.

 ЖАГДАЙ:

«Мектепте окуп жүргөнүмдө мен регбиге (сүйрү топ менен ойнолуучу командалык спорт оюну) катышып жүргөн бир баладан аябай коркчумун. Анын бою 2 метрдей, салмагы 135 килограммдай болчу. Ошол бала мени менен жыныстык катнашта сөзсүз болушум керек деп ойлоп алып, бир жыл бою дээрлик күнүгө жанымды койбой асылып жүрдү. Бир күнү класста экөөбүз жалгыз калып калганыбызда, ал мага жакындай баштады. Ошондо мен тура калып, эшикке качып чыктым» (Жульетта, 18 жашта).

 Жульетта минтип ойлошу мүмкүн эле: «Ага башымды оорутуп эмне кылам, балдардын баары эле ушундай да».

 Минтип ойлоо эмне үчүн туура эмес болуп калмак? Эгер элдин баары эле андай адамдын жүрүм-турумун кадимки нерседей көрсө, анын башкаларга асылганын коёру күмөн.

 Кеңеш: Андай мамилени жөн гана тамаша көрүп коюудан же күлүп эле кутулуудан сак бол. Сенин ага кайтарган жообуңдан да, жүзүңдөн да андай нерселерге караманча каршы экениң айкын болушу керек.

 Андайда кандай кылганым туура?

 1. БОЛГОН ОКУЯ:

«Мен, негизи эле, эч кимге орой сүйлөбөйм. Ошондуктан балдар мага тийишкенде, аларга катуу айта алчу эмесмин, анан калса, көп учурда жылмайып да сүйлөчүмүн. Ошон үчүн аларга кылыктанып жаткандай сезилип калчумун» (Табита).

  •   Эгер сен Табитанын ордунда болсоң, кандай кылат элең жана эмне үчүн?

  •   Сага асылган кыз же бала эмнеден улам сени анын кылган мамилесин жактырып жатат деп ойлоп калышы мүмкүн?

 2. БОЛГОН ОКУЯ:

«Бүт баары бир жолу дене тарбия сабагы учурунда классташ балдарымдын мага уят сөздөрдү айтып тийишкенинен башталды. Мен бир нече жума бою аларга көңүл бурбай жүрдүм, бирок алар күндөн күнгө күчөй беришти. Бир күнү болсо жаныма отуруп алып, мага асылып, кучактай башташты. Мен аларды түртүп, канча жолу каршылык көрсөтсөм деле, ошенткенин токтотушкан жок. Акырында, алардын бири мага жаман сөздөр жазылган баракты бергенде, мен аны мугалимиме көрсөттүм. Анан ал баланы мектептен чыгарып жиберишти. Ошондо мен мурун эле мугалимиме айтсам болмок экен деп ойлоп калдым» (Сабина).

  •   Сабина ал тууралуу мугалимине эмне үчүн мурунураак эле айткан эмес деп ойлойсуң? Анын ошенткени туура болгонбу? Туура болсо, эмне үчүн туура болгон? Туура эмес болсо, эмне үчүн туура эмес болгон?

 3. БОЛГОН ОКУЯ:

«Менин Грег деген иниме мектептин дааратканасынан бир бала тийишип: „Мени өп“,— дептир. Грег жок десе деле болбой, тиги бала жанынан кетпей туруп алыптыр. Ошондо Грег аны түртүп жиберип, кетип калыптыр» (Сузанна).

  •   Кандай деп ойлойсуң, Грег менен болгон окуяны сексуалдык асылуу деп айтууга болобу? Эгер болсо, эмне үчүн? Эгер болбосо, эмне үчүн?

  •   Сенин оюң боюнча, эмне үчүн кээ бир эркек балдар аларга башка балдар асылганда ал тууралуу кимдир бирөөгө айткысы келбейт?

  •   Грегдин ошондой кылганын сен туура деп ойлойсуңбу? Сен кандай кылат элең?

Көбүрөөк билиш үчүн: «Жаштардын суроолору» китебинин 1-томундагы «Бузуку адамдардан өзүмдү кантип коргойм?» деп аталган 32-бөлүмдү кара.