Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Агама кескелдиригинин куйругу

Агама кескелдиригинин куйругу

АГАМА тукумундагы кескелдирик тик жерге оңой эле секирет. Cыйгалак жерден секиргенде бир аз кыйшайып кетсе да, туура түшөт. Кандайча? Мунун сыры анын куйругунда.

Көңүл бурсаңар: Агама кескелдириги тайгалак эмес жерден секиргенде куйругун ылдый кылып, түптүз секирет. Ошондо секирген жерине туура түшөт. Ал эми тайгалак жерден секиргенде, анын денеси бир аз кыйшая түшөт, бирок секирип баратканда куйругунун жардамы менен денесин түздөп алат. Бул ага секирген жерине туура түшкөнгө жардам берет. Ал куйругун ой келди кыймылдата бербейт, белгилүү багытта гана кыймылдатат. Ушуга байланыштуу изилдөө жүргүзгөн Берклидеги Калифорния университетинин билдирүүсүнө ылайык, «кескелдирик секиргенде туура түшүш үчүн, куйругун улам-улам кыймылдатып, денеси менен багытын түздөп алат». Жер канчалык тайгак болсо, куйругун ошончолук көп кыймылдатат.

Агаманын куйругу окумуштууларга табигый кырсыктардан же дагы башка кырсыктардан аман калгандарды таба турган машине-роботту ойлоп чыгарганга жардам бериши мүмкүн. «Роботтор жаныбарлардай ийкемдүү эмес. Андыктан аларды ийкемдүүрөк кылып жасай алсак, чоң ийгиликке жеттик деп айтууга болот»,— дейт Томас Либби деген изилдөөчү.

Кандай деп ойлойсуңар? Агама кескелдиригинин куйругу өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?