Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ТАРАХ БАРАКТАРЫНАН

Платон

Платон

Платон грек философу болгон (болж. м-н б.з.ч. 427—347-ж.). Ал Афинде ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Платон, колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдарындай эле, жакшы билим алган. Ага белгилүү ойчул Сократтын жана ойчул, математик Пифагордун жолдоочуларынын ой-толгоолору абдан таасир эткен.

ПЛАТОН Жер ортолук деңиздин жээгиндеги аймактарды кыдырып, Сицилиядагы Сиракуза шаарында саясий иштерге катышкан. Андан кийин Афинге кайтып келип, ойчулдардын академиясын негиздеген. Европадагы эң биринчи университет деп эсептелген ал академия математиканы жана философияны изилдеген борборго айланган.

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗЫКТЫРЫШЫ КЕРЕК?

Платондун окуулары ар кайсы динди туткан миллиондогон адамдарга, анын ичинде Иса пайгамбардын жолдоочусу атангандарга да аябай таасир эткен. Алар Платондун айткандары Ыйык Китепте жазылгандарга негизделет деп жаңылыш ойлошкон. Адам өлгөндөн кийин жан жашай берет деген ой-толгоо Платондун негизги окууларына кирген.

«Жандын өлбөстүгү жөнүндөгү ой-толгоо Платондун көңүлүн ээлеген ой-толгоолордун бири болгон» («Body and Soul in Ancient Philosophy»).

Платон өлүмдөн кийинки жашоого абдан кызыккан. Жан тууралуу жазылган бир китепте: «Жандын өлбөстүгү жөнүндөгү ой-толгоо Платондун көңүлүн ээлеген ой-толгоолордун бири болгон»,— делет. Ал «адам өлгөндөн кийин анын жаны башка дүйнөдө жашоосун улантып, тирүү кезде кылгандарына жараша сыйлыгын алат же жазаланат» дегенге бекем ишенген * («Body and Soul in Ancient Philosophy»).

 ПЛАТОНДУН ОКУУЛАРЫ КАНТИП ЖАЙЫЛГАН?

Платондун академиясы 9 кылымдын ичинде, б.з.ч. 387-жылдан б.з. 529-жылына чейин, эң мыкты окуу жайга айланган. Платондун окуулары Греция менен Римдин карамагындагы өлкөлөргө кеңири жайылган. Жүйүт ойчулу Филон Александрийский, христиан диний жетекчилериндей эле, Платондун окууларын кабыл алган. Натыйжада жандын өлбөстүгү жөнүндөгү ой-толгоо ар кайсы кудайларга сыйынган элдердин ой-толгоолору менен бирге иудаизм жана христиан дининин окууларына аралашып кеткен.

Бир сөздүктө: «Христиандардын окууларына, кыязы, грек философиясы, өзгөчө, Платондун окуулары зор таасир эткен. Христиан динин туткан айрым ойчулдар Платондун окууларын кабыл алган»,— деп жазылган. Төмөндө келтирилген булактарды салыштырып көргүлө («The Anchor Bible Dictionary»).

Платон эмне деген? Ал: «Биз өлбөс жан деп атаган бир бөлүгүбүз [биз өлгөндөн кийин] кудайлардын алдына барып, кылгандарыбыз үчүн жооп берет. Жакшы иш кылгандар коркпой эле койсо болот, ал эми жаман иш кылгандар коркушу керек»,— деп айткан («Plato—Laws», Book XII).

Ыйык Китепте эмне делет? Ыйык Китепте адамдын, атүгүл жаныбардын өзү жан экени айтылат. Адам же жаныбар өлгөндө, анын жашоосу токтойт *. Төмөнкү аяттарга көңүл бурсаңар.

  • «Биринчи киши — Адам — тирүү жан болуп калды» (1 Корунттуктар 15:45).
  • «Жаныңардагы тирүү жандардын: канаттуулардын, жаныбарлардын, жер бетиндеги айбанаттардын бардыгы менен, силер менен... келишим түзөм» (Башталыш 9:10).
  • «Жаным пелиштиликтер менен бирге өлсүн» (Бийлер 16:30).
  • «Күнөө кылып жүргөн жан өлөт» (Жезекиел 18:4).

Бул аяттардан көрүнүп тургандай, Ыйык Китепте өлгөндөн кийин жан жашай берет деп айтылбайт. Ошондуктан: «Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга ишенемби же Платондун ой-толгоолорунабы?» — деп ойлонуп көргүлө.

^ абз. 7 Платон жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окууну жайылтса да, бул ой-толгоого ишенгендердин биринчиси болгон эмес. Ар кайсы кудайларга сыйынган элдерде, анын ичинде Мисирде, Бабылда эзелтеден бери эле ушу сыяктуу ой-толгоолор болуп келген.

^ абз. 12 Ыйык Китепте өлгөндөрдүн уктап жаткандагыдай абалда экени жана убагы келгенде алардын тирилери айтылат (Насаатчы 9:5; Жакан 11:11—14; Элчилер 24:15). Эгер жан өлбөс болсо, анда аны тирилтүүнүн зарылдыгы болмок эмес.