Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Роберт Бойль

Роберт Бойль

Роберт Бойль тарыхта Бойль мыйзамын — газдын басымы менен көлөмүнүн ортосундагы байланышты түшүндүргөн мыйзамды — ачкан киши катары белгилүү. Анын чоң ачылыштарынын бири илим тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге жол ачкан. Бирок Роберт Бойль илимге из калтырган таланттуу киши болгондон тышкары, Кудайга жана анын Сөзү деп эсептелген Ыйык Китепте жазылгандарга бекем ишенген киши болгон.

РОБЕРТ БОЙЛЬ 1627-жылы Лисмор сепилинде байдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ошондон көп өтпөй эле тарыхчылар «акылдын доору» деп атаган убак башталган. Тагыраак айтканда, ар кандай маселелерди түшүнүүгө жана өздөштүрүүгө дилгир кишилер адам баласын кылымдар бою кул кылып келген түркөйлүктүн кишенинен бошотконго аракет кыла башташкан. Бойль да ушундай максатты көздөгөн. Өмүр баянында ал өзүн Филеритес деп атаган. Анын мааниси «туура нерсени сүйгөн киши» дегенди билдирет.

Роберт Бойль чындыкты билүүнү канчалык самаса, билген нерселеринин баарын башкаларга жеткирүүнү да ошончолук самаган. Ал замандаштарына, анын ичинде Исаак Ньютонго күчтүү таасир эткен көптөгөн эмгектерди жараткан. Ошондой эле 1660-жылы Королдук коомдун — Англиядагы азыркы учурда да иш жүргүзгөн илимий институттун — негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

ИЛИМГЕ ӨЧПӨС ИЗ КАЛТЫРГАН

Бойлду «химиянын атасы» деп коюшат. Ал өзүнүн күндөрүндөгү алхимиктерден кыйла айырмаланып турган. Алар ачылыштарын жашыруун сакташкан же алар тууралуу өз чөйрөсүнөн болбогон адамдар түшүнбөгөн сөздөр менен жазышкан. Ал эми Бойль илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин жазып, жалпыга маалым кылганга аракет кылган. Андан тышкары, башкалар көп убактан бери ишенип келген илимий божомолдоолорду ойлонбостон кабыл албай, алардын чын-төгүнүн изилдөөгө умтулган.

Ал бардык нерсе, өзү атагандай, корпускулалардан (башка заттар менен аралашканда ар кандай заттарды пайда кылган майда бөлүкчөлөр) турат деп ырастаган.

Роберт Бойлдун илимий иликтөөгө кандай көз карашта болгонун анын көпчүлүккө белгилүү болгон бир китебинен билүүгө болот. Ал китепте Бойль окумуштуулардын өзүнө таянбашы, бир тараптуу ой жүгүртпөшү жана каталарын моюнга алууга даяр болушу керектигин жазган. Роберт Бойль бекем көз карашка карманган окумуштуулар чындык экенине толук ишенген нерселерди чындык деп ойлогон нерселерден айырмалай билиши керек деген көз карашка катуу карманган («The Sceptical Chymist»).

Роберт Бойль бекем көз карашка карманган окумуштуулар чындык экенине толук ишенген нерселерди чындык деп ойлогон нерселерден айырмалай билиши керек деген көз карашка катуу карманган

КУДАЙГА БЕКЕМ ИШЕНГЕН

Роберт Бойль Кудай жөнүндөгү билимге да ушундай мамиле кылган. Ал ааламдагы нерселерди, тирүү жандыктардын канчалык кереметтүү жаратылганын изилдегенден кийин Жараткандын бар экенине ынанган. Ошондуктан атеизмди жактаган илим-билимдүү замандаштарынын оюна кошулган эмес. Ал: «Калыс ой жүгүрткөн киши Кудайга ишенбей коё албайт»,— деп ырастаган.

Бирок адам ой жүгүртүүнүн аркасында гана баарын түшүнө алат деп эсептеген эмес. Ал адамзаттын Кудайдын жардамына муктаж экенин түшүнгөн. Ошондуктан Кудайдын адамдарга баарын өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Китеп аркылуу ачып берерине ишенген.

Бойль көптөрдүн Ыйык Китепти билбей турганына, Кудайга эч кандай негизи жок эле ишенип жатышканына күйүп-бышкан. Ал ата-энеси кайсы бир динди тутканы үчүн эле же кайсы жерде төрөлгөнү үчүн эле ошол динди тутууну туура көргөн эмес. Ошондуктан адамдарга Ыйык Китепте жазылгандарды терең түшүнүүгө жардам берүүнү абдан көксөгөн.

Ушул максатты көздөп, Бойль Ыйык Китеп көп тилге которулушу үчүн каражатын жумшаган. Анын жардамы менен Ыйык Китеп Түндүк Америкадагы элдердин эне тилине, ошондой эле араб, түрк, ирланд, малай тилдерине которулган. Ушундайча Роберт Бойль таланттуу, момун, чындыкты тапкысы келген жана башкаларга да чындыкты тапканга жардам бергиси келген адам экенин далилдеген.