Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Текиреңдүү жөргөмүштүн көрүү жөндөмү

Текиреңдүү жөргөмүштүн көрүү жөндөмү

ТЕКИРЕҢДҮҮ жөргөмүштүн канча аралыкка секириш керектигин так аныктаганга жардам берген көрүү жөндөмү бар. Ал кантип аныктайт?

Көңүл бурсаңар: Текиреңдүү жөргөмүштүн алдыңкы эки чоң көзүндөгү торчо кабыгы жарык сезүүчү төрт катмардан турат. Ал катмарлардын экөө жашыл түстү сезгич келет. Алардын биринде кайсы бир нерсенин сөлөкөтү даана көрүнсө, экинчисинде булаңгыр болуп көрүнөт. Экинчи катмарда ал нерсенин сөлөкөтү канчалык булаңгыр болсо, текиреңдүү жөргөмүшкө ал ошончолук жакын болуп көрүнөт. Ошонун аркасында ал жемине чейин канча аралыкка секириши керектигин так аныктай алат.

Окумуштуулар текиреңдүү жөргөмүштүн ушул жөндөмүн изилдеп, ошонун негизинде 3D камераларын, атүгүл, аралыкты аныктай ала турган роботторду ойлоп табууну каалашат. Интернеттеги бир сайтта: «Узундугу жарым эле сантиметр келген текиреңдүү жөргөмүштүн мээси үй чымынынын мээсинен кичинекей болсо да, ал көрүүнүн аркасында пайда болгон татаал маалыматты чогултуп, ошого жараша иш-аракет кыла алат»,— делген («ScienceNOW»).

Кандай деп ойлойсуңар? Ушундай көрүү жөндөмү бар текиреңдүү жөргөмүш өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?