Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Император пингвининин мамык жүнү

Император пингвининин мамык жүнү

ИМПЕРАТОР ПИНГВИНИ сууда укмуштуудай тез сүзөт жана суудан муз үстүнө октой болуп атып чыга алат. Мунун сыры эмнеде?

Император пингвининин тал жүнү

Көңүл бурсаңар: Император пингвини тал жүнүнүн арасына аба топтоп алат. Бул аны катуу сууктан коргогондон тышкары, ылдамдыгын адаттагыдан эки же үч эсеге жогорулатат. Кандайча? Деңиз жандыктарын изилдеген биологдор мындай тездик пингвиндердин тал жүнүнүн арасындагы майда аба көбүкчөлөрүн бошотконунун аркасында пайда болорун айтышат. Аба көбүкчөлөрү бошонуп чыкканда, сүрүлүү күчүнөн улам пайда болгон каршылык азайып, пингвиндин ылдамдыгы жогорулайт.

Инженерлер кеме сууну жиреп киргенде пайда болгон каршылыкты көбүкчөлөрдүн жардамы менен азайтып, кемелердин ылдамдыгын жогорулатуунун жолун издеп жатышат. Бирок бул абдан оор иш экенин моюнга алууда. Себеп дегенде «пингвиндин тал жүнүнүн түзүлүшү абдан татаал болгондуктан майда тешиктүү мембраналарды же торлорду пингвиндин тал жүнүндөй кылып жасоо мүмкүн эмес болуп жатат».

Кандай деп ойлойсуңар? Император пингвининин мамык жүнү өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?