Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Секстинг тууралуу балаңар менен кантип сүйлөшсөңөр болот?

Секстинг тууралуу балаңар менен кантип сүйлөшсөңөр болот?

КӨЙГӨЙ

Секстинг жаштар арасында кеңири тарагандыктан, силер: «Менин балам да ошондой ишке барып жүргөн жокпу?» — деп кабатырланышыңар мүмкүн.

Бул жөнүндө аны менен сүйлөшкүңөр келип, бирок сөздү кантип башташты билбей жаткандырсыңар. Анда эмне кылсаңар болот? Келгиле, адегенде өспүрүмдөрдүн эмне үчүн ошондой ишке барарын, буга эмне үчүн маани бериш керектигине токтололу *.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

  • Жаштардын айрымдары өзүнө жаккан бирөөгө тийишүү, сезимдерин козгоо үчүн уятсыз мазмундагы тексттерди, сүрөттөрдү, видеолорду жөнөтүшөт.

  • Айрым учурда кыз өзүнүн жылаңач сүрөтүн бала кыстагандыктан жөнөтөт.

  • Кээде балдар досторунун көңүлүн ачыш үчүн же сүйлөшпөй калган кызынан өч алыш үчүн анын жылаңач же жарым жылаңач түшкөн сүрөтүн жиберишет.

Эмне себеп болбосун, уюлдук телефону бар жаштар көп кыйынчылыкка кабылышы ыктымал. Бир китепте: «Телефондун баскычын бир эле басып, башкалардын жашоосун өзгөртүп коюу мүмкүн»,— делет («CyberSafe»).

Көптөр сүрөт кибермейкиндикке кеткенден кийин анын кандай колдонуларын көзөмөлдөй албай каларын аңдашпайт. АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун билдирүүсүнө ылайык, 18 жаштагы кыз «жылаңач сүрөтүн телефону аркылуу жигитине жөнөткөндөн кийин, ал сүрөт мектебиндеги жүздөгөн өспүрүмдөргө тарап кеткен. Ошондон кийин ал өз жанын кыйган. Кыязы, анын сүрөтүн жайылткандар аны аябай уяткарышкан».

Секстингге аралашкандар мыйзам ченинде жооп беришет. Мисалы, кээ бир жерлерде өзү теңдүүлөргө адепсиз сүрөттөрдү жиберген жашы жете элек балдарга балдар порнографиясын таратты деген айып тагылып, жыныстык кылмыш кылган кылмышкер катары катталган. Уюлдук телефон алганда түзүлгөн келишимде силердин аты-жөнүңөр жазылса же балаңардын секстингге аралашпашына чара көрбөсөңөр, жоопко тартылып каласыңар.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Так-айкын эрежелерди бекиткиле. Албетте, балаңардын уюлдук телефонду кантип колдонгонун көзөмөлдөп тура албайсыңар. Бирок кандай эрежелерди бекиткениңерди жана аларга карманбаса, кесепети кандай болорун түшүнүүгө жардам бере аласыңар. Ата-эне катары балаңардын телефонун текшерип турганга укуктуусуңар. (Ыйык Китептеги принцип: Эфестиктер 6:1.)

Ойлонуп иш кылганга жардам бергиле. Мындай суроолорду берсеңер болот: «Секстинг эмне экенине байланыштуу ар ким ар кандай ойдо. Сенин оюңча, буга эмнелер кирет? Кандай сүрөттөрдү адепсиз деп эсептейсиң? Айрым жерлерде жашы жете элек жылаңач баланын же кыздын сүрөтүн жөнөткөн өспүрүм кылмышкер катары саналып, жоопко тартылат. Сен аны ушунчалык жаман нерсе деп эсептейсиңби? Андай маалыматы жиберүү эмне үчүн адеп-ахлаксыздыкка жатат?» Балаңар оюн айтып жатканда, кунт коюп уккула, телефондун «жөнөтүү» деген баскычын басардан мурун кесепети тууралуу ойлонгонго түрткү бергиле. (Ыйык Китептеги принцип: Еврейлер 5:14.)

«Жөнөтүү» деген баскычын басардан мурун кесепети тууралуу ойлонгула

Кандай жагдайлар болушу мүмкүн экенин айткыла. Мындай десеңер болот: «Бир бала кызды секстингге аралашууга мажбурлап жатат дейли. Кыз эмне кылышы керек? Аны менен сүйлөшпөй калгандан коркуп, ал айткандай кылганы туурабы? Андай кылуудан баш тартып, бирок аны жактыргандай мамиле кыла бериши туурабы? Же мамилесин үзүшү зарылбы? Бул жөнүндө чоңдорго айтышы керекпи?» Кызыңарга да, уулуңарга да ушу сыяктуу суроолор жөнүндө ой жүгүрткөнгө түрткү бергиле. (Ыйык Китептеги принцип: Галатиялыктар 6:7.)

Жакшыны айырмалоого үйрөткүлө. Мындай суроолорду берсеңер болот: «Сен үчүн жакшы абройго ээ болуу маанилүүбү? Кайсы жагың менен белгилүү болгуң келет? Уят сүрөттөрдү бирөөгө жөнөтүп аны басынтсаң, өзүң жөнүндө кандай ойдо болмоксуң? Туура нерсеге бекем кармансаң, кандай сезимде болот элең?» Ушундайча өспүрүм балаңарга «абийирин... таза сактаганга» көмөк кылгыла (1 Петир 3:16).

Үлгү болгула. Ыйык Китепте Кудайдан келген акылмандыктын таза, эки жүздүү эмес экени айтылат (Жакып 3:17). Баалаган нерселериңерден силердин да ушундай көз карашта экениңер көрүнүп турабы? Макаланын башында айтылган китепте: «Өзүбүз жакшы үлгү болушубуз керек жана адеп-ахлаксыздык камтылган же мыйзам талабына жооп бербеген сүрөттөрдү, видеолорду көрбөшүбүз, ошондой сайттарга кирбешибиз зарыл»,— делет.

^ абз. 5 Секстинг — уюлдук телефон аркылуу уятсыз тексттерди, видеолорду же жылаңач кишинин сүрөттөрүн жиберүү. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн jw.org/ky веб-сайтынан «Жаштардын суроолору. Секстинг жөнүндө эмнени билишим керек?» деген макаланы окугула. (ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ӨСПҮРҮМДӨР дегенди карагыла.)