Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Нике

Нике

Нике тек гана коомдогу түзүлүшпү?

«Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын көз алдында нике тек гана коомдогу түзүлүш эмес, ал — аял менен эркекти бириктирген ыйык түзүлүш. Ал жөнүндө Ыйык Китепте: «Эң башында „Кудай адамдарды эркек-аял кылып жараткан. Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып, аялы экөө бир дене болот“... Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп айтылат * (Марк 10:6—9; Башталыш 2:24).

«Кудай кошконду» деген сөздөр эркек менен аялдын баш кошушун Кудай алдын ала чечип коёрун билдирбейт. Бул никени Жараткан Кудай негиздегенин көрсөтүп, никеге олуттуу карашыбыз керектигин баса белгилейт. Муну жакшы түшүнгөн жубайлар никени ыйык жана түбөлүккө созулуучу шериктештик катары көрүп, коломто отун өчүрбөгөнгө чечкиндүү болушат. Никеде турган аял менен эркек өздөрүнүн милдетин аткарууда Ыйык Китептеги кеңештерди колдонсо, бактылуу болушат.

 Күйөөнүн милдети кандай?

«Күйөө — аялынын башчысы» (Эфестиктер 5:23).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Үй-бүлөдө баары өз тартиби, өз орду менен болушу үчүн, акыркы чечимди кимдир бирөө чыгарышы зарыл. Ыйык Китепте бул жоопкерчилик күйөөгө артылганы айтылат. Бирок бул анын катаал жана ырайымсыз болгонго укуктуу экендигин билдирбейт. Ошондой эле күйөө өз милдетин аткарбай койбошу керек. Болбосо зайыбына кошумча жүк жүктөп койгон болот жана жубайы аны урматтап-сыйлабай калышы мүмкүн. Кудай үй-бүлө башчысынан аялына кам көрүүнү, аны баалап-барктап, ишенимдүү жан шериги катары көрүүнү талап кылат (1 Тиметей 5:8; 1 Петир 3:7). Ыйык Китепте: «Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек»,— деп айтылат (Эфестиктер 5:28).

Аялын сүйгөн күйөө анын шык-жөндөмдүүлүктөрүн баалайт жана көз карашын сыйлайт, өзгөчө, үй-бүлөгө таасир эте турган чечимдерди чыгарарда оюн эске алат. Ал үй-бүлөнүн башчысы болгон үчүн эле өзүнүкүн таңуулай бербейт. Бир жолу Ыбрайым пайгамбар аялынын кеңешин укпай койгондо, Жахаба Кудай ага: «Анын айтканын ук»,— деген (Башталыш 21:9—12). Ыбрайым пайгамбар Кудайдын айтканына момундук менен баш ийип, ошого ылайык иш кылгандыктан, үй-бүлөсүндө биримдик, тынчтык сакталган, Кудайдын батасын да алган.

Зайыптын милдети кандай?

«Аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле» (1 Петир 3:1).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай Адам атага аял жаратып берердин алдында: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»,— деген (Башталыш 2:18). Ооба, Кудай аялды эркекти толуктап тургудай кылып жараткан. Ал анын эркек менен бирдей же анын атаандашы болушун эмес, эркектин жардамчысы болушун каалаган. Адам ата менен Обо эне балалуу болуп, жерди толтуруп, Кудай берген тапшырманы аткарышмак (Башталыш 1:28).

Зайып өзүнүн ролун жакшы аткара алышы үчүн, Кудай ага ошого ылайык тулку бой, акыл-эс жана сезимдерди берген. Аял Кудай берген ошол өзгөчөлүктөрдү акылмандык, мээримдүүлүк менен колдонсо, үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна чоң салым кошот. Ошондо күйөөсү ага ыраазы болот жана жубайынын аны сүйөрүнөн шек санабагандыктан өзүн ишенимдүү сезет. Кудай андай жакшы зайыпты мактоого татыктуу деп эсептейт * (Накыл сөздөр 31:28, 31).

^ абз. 5 Ыйык Китепте ажырашууга ойноштук гана себеп болору жазылат (Матай 19:9).

^ абз. 14 Жубайлар никеге жана үй-бүлөгө байланыштуу көптөгөн пайдалуу кеңештерди «Ойгонгула!» журналына чыгып турган «Үй-бүлө үчүн кеңештер» деген рубрикадан окуй алышат.