Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балага Интернетти туура колдонууну үйрөтүү

Балага Интернетти туура колдонууну үйрөтүү

КӨЙГӨЙ

Жаңылыктарды укканда Интернет киберхулигандар, зордуктоону көздөгөндөр, жеке маалыматты уурдагандар үчүн өңүттүү жайдай сезилет. Силердин да өспүрүм балаңар көп учурда онлайнда отургандыктан жана анын кооптуу экенин капарга албагандай сезилгендиктен, ал үчүн тынчсызданат болушуңар керек. Аныңар жөндүү.

Бирок ага Интернетти туура колдонууну үйрөтсө болот. Алгач, онлайн тууралуу эмнелерди билип алышыңар керектигине токтололу.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Интернетке компьютерден башка электрондук каражаттар аркылуу кирсе болот. Үйдө компьютер баарына көрүнгүдөй жерде турушу керек деген эреженин болгону жакшы. Бирок планшет же смартфон Интернетке туташкан болсо, балаңар онлайн дүйнөсүнө каалаган жерден, силер көзөмөлдөбөй турган жерден да кире алат.

Айрымдардын жол кырсыгына кабылып жатканы машине айдоо жаман дегенди билдирбейт. Бул принцип Интернетти колдонууга да тиешелүү. Балаңар абайлап «айдаганды», мындайча айтканда, Интернетти акылдуулук менен колдонгонду үйрөнүшү керек

Айрым өспүрүмдөр онлайнга көп убакыт коротот. 19 жаштагы бир кыз мындай деп ачык айтат: «Компьютерди электрондук почтамды 5 эле мүнөт карап коёюн деп күйгүзөм, бирок ар кандай видеолорду көрүп бир нече саат отуруп калам. Мага өзүн-өзү тыя билүү сапаты жетишпей турганын билем».

Өспүрүмдөр өздөрү жөнүндө өтө көп маалымат берип коюшат. Ниети бузук адамдар өспүрүмдөрдүн жазгандарынан, сүрөттөрүнөн каякта жашаарын, кайсы мектепке барарын жана кайсы убакта үйүндө эч ким болбой турганын билип алышат.

Айрым өспүрүмдөр онлайнга киргизгендеринин кесепети кандай болорун түшүнүшпөйт. Онлайнга киргизилген нерсе онлайнда кала берет. Өспүрүмдүн өзү уяла турган сүрөттөрүн, жазгандарын кийинчерээк башкалар, мисалы, жумуш берүүчү ал жөнүндө маалымат издеп жатып көрүп калышы мүмкүн.

Бирок Интернетти душман көрүп албагыла. Болгону, аны туура колдонуу керек.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Өспүрүм балаңарга маанилүү нерселерди алдыңкы орунга койгонду жана убакытты туура колдонгонду үйрөткүлө. Балдар жоопкерчиликтүү адам болуп чоңоюшу үчүн биринчи орунда туруш керек болгон нерселерди биринчи орунга койгонду да үйрөнүшү керек. Алар Интернетти дайыны жок колдоно бергенден көрө, үй-бүлө менен пикирлешүү, үй тапшырмасын аткаруу жана үй иштерин кылуу маанилүү экенин түшүнүшү абзел. Балаңардын онлайнда көпкө чейин отурганына тынчсызданып жатсаңар, чек койгула, зарыл болсо, таймер колдонгула. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 1:10.)

Балаңарга Интернетке бир нерсе киргизерден мурун ойлонгонду үйрөткүлө. Ага мындай суроолор тууралуу ойлонуп көргөнгө жардам бергиле: «Бул жазгандарым бирөөгө катуу тийип калбайбы? Бул сүрөт аброюма кандай таасир этет? Бул жазгандарымды, же сүрөттөрүмдү ата-энем же дагы башка улуу кишилер көрүп калса, уят болбоймунбу? Алар мен жөнүндө эмне деп ойлоп калышат? Кимдир бирөө ушундай сөздөрдү жазса же ушундай сүрөттөрүн койсо, ага карата кандай ойдо болот элем?» (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 10:23.)

Балаңарга эрежелерге эмес, баалуулуктарга жетектелип жашаганды үйрөткүлө. Ага дайыма эле көз салып жүрө албайсыңар. Андан тышкары, максатыңар аны көзөмөлдөө эмес, «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырууга» жардам берүү болушу кажет (Еврейлер 5:14). Андыктан эрежелер менен жазалоого басым жасабастан, эмне туура, эмне туура эмес экенин ажырата билгенди үйрөткүлө. Ал кандай абройго ээ болгусу келет? Башкаларга кайсы сапаты менен белгилүү болууну каалайт? Аны силер жанында болгондо да, болбогондо да туура чечим чыгаргыдай кылып тарбиялагыла. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 3:21.)

«Балдар техниканы жакшы билсе, ата-энелер жашоо-турмушту жакшы билет»

Интернетти колдонууда, машине айдагандагыдай эле, техниканы жакшы билүү эле эмес, акыл-эстүү болуу да талап кылынат. Ошондуктан балаңарга жол көрсөткөнүңөр зарыл. Интернетти сактык менен колдонууга байланыштуу кеңеш берген адис Пэрри Афтаб: «Балдар техниканы жакшы билсе, ата-энелер жашоо-турмушту жакшы билет»,— деген.