Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акылмандык «чакырып жатат». Анын үнүнө кулак саласыңарбы?

Акылмандык «чакырып жатат». Анын үнүнө кулак саласыңарбы?

«Акылмандык чакырып жаткан жокпу? Кыраакылык үн салып жаткан жокпу? Ал бийик жерлерде, жол боюнда, жолдордун кесилиштеринде,.. шаардын... кире беришинде үнүн бийик чыгарып жатат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 8:1—3).

АКЫЛМАНДЫК — баа жеткис кенч. Акыл болбосо, ката-кемчиликтен арылмак эмеспиз. Бирок акылды каяктан алса болот? Ыйык Китептеги Накыл сөздөр китебин жазган Сулайман пайгамбар Жаратканыбыздын теңдешсиз акылмандыгы жөнүндө сөз кылган. Анын акыл-насааты дээрлик бүт адамзат окуй ала турган, Ыйык Китеп деп белгилүү болгон өзгөчө бир китепте жазылган. Кудайдын акыл-насаатын угууга баарынын мүмкүнчүлүгү бар деп эмне үчүн айта алабыз?

  • Ыйык Китеп — «тарыхта эң кеңири тараган китеп». «Ал башка китептерге караганда көп тилге жана көп жолу которулган» («Уорлд бук энциклопедиясы»). Ал толугу менен жана жарым-жартылай 2600дөй тилге которулгандыктан, аны жер бетиндеги адамдардын 90 пайыздан ашууну окуй алат.

  • Учурда акылмандыкты сөздүн түз маанисинде «үнүн бийик чыгарып жатат» десек болот. Анткени Матай 24:14тө: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин [азыркы] дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп жазылган.

Ал «жакшы кабарды» чыныгы акылмандык деп айтууга болот. Анткени ал кабар аркылуу Кудайдын адамзаттын көйгөйлөрүн эң туура жол менен — өзүнүн Падышалыгынын аркасында — чече турганы жарыяланууда. Ал Падышалык — Кудай орноткон жана бүт дүйнө жүзүнө бийлик кыла турган жалгыз өкмөт (Даниел 2:44; 7:13, 14). Ошол себептен Иса Машаяк Кудайдан: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленген (Матай 6:9, 10).

Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын ошол Падышалыгы тууралуу 239 өлкөдө жана аймакта жар салууда. Алар муну чоң сыймык катары көрүшөт. Ооба, акылмандык, тагыраак айтканда, Кудайдын акыл-насаат сөздөрү бүгүнкү күндө, чын эле, шаарлардын кире бериштеринде «чакырып жатат». Силер анын үнүнө кулак саласыңарбы?