ОЙГОНГУЛА! Июнь, 2014 | Канткенде чыныгы дос боло аласыңар?

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө бекем достук чанда гана кездешет. Канткенде достугуңар бекем болуп, узакка созулат? Ыйык Китептеги кеңештерди окуп көргүлө.

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Бул макаладан тоңдурулган түйүлдүктөрдү эмне кылышты билбей жаткан Канададагы клиникалар, эт ордуна колдонсо боло турган азык жана Ирландиядагы никени каттоонун жаңыча түрү тууралуу окуй аласыңар.

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Канткенде чыныгы дос боло аласыңар?

Көптөр ар бир адамдын жакшы досу болушу керек деп эсептешет. Канткенде жакшы дос боло аласыңар? Бул макалада Ыйык Китепке негизделген 4 кеңеш талкууланат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Өлүм

Адам өлгөндөн кийин эмне болот? Каза болгон жакындарыбызды кайрадан көрөбүзбү? Ыйык Китепте буга байланыштуу эмне делерин окуп көргүлө.

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Жозеф Пристли

Жозеф Пристли илимий да, диний эмгектеринде да фактылар менен чындыкка төп келбеген теорияларды, каада-салттарды четке каккан. Анын ачылыштары менен эмгектеринин кандайча бүгүнкү күнгө чейин пайдасы тийип жатканын окуп көргүлө.

Бүйлөнү бүлүндүргөн оору

Бүйлө оорусу — ооз көңдөй ооруларынын эң кеңири жайылганы. Ага эмне себеп болот? Аны кантип аныктоо мүмкүн? Кантип анын алдын алса болорун окуп көргүлө.

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Акча кармаганды билесиңерби?

Акчаны кандай кармаарыңар жөнүндө, акчаңар түгөнгөндө эмес, ага чейин ойлонгула. Акча кармаганды кантип үйрөнсө болорун окуп көргүлө.

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Багытынан жазбаган тезекчи коңуз

Тезекчи коңуздардын кандай навигациялык системасы бар? Адамдар аларды туурап, эмнени жакшырта алышат?

Башка онлайн макалалар

Чөнтөк телефон

Көптөгөн жаштар үчүн чөнтөк телефон жөн эле телефон эмес. Ал жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Чөнтөк телефондун кандай оң, терс жактары бар?

Мусанын Мисирде чоңоюшу

Мусанын Мисирдеги жашоосу тууралуу көбүрөөк билиш үчүн бул тапшырмаларды жүктөп алгыла да, ата-энеңер менен чогуу аткаргыла.